№2 МЕКТЕП МЕКЕН САКЧЫЛАРЫН КУТТУКТАДЫ

  • 22.02.2023
  • 0

21-февралда №2 жалпы орто билим берүү мектебинде жаш жеткинчектерди, өспүрүмдөрдү  патриоттуулукка тарбиялоо максатында “Ата мекенди коргоо” күнүнө карата салтанаттуу иш чара болуп өттү.

№2 МЕКТЕП МЕКЕН САКЧЫЛАРЫН КУТТУКТАДЫ

 

Иш чарага ардагерлер, Бишкек шаарынын Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, Мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.

Коноктор мектептеги Советтер союзунун баатыры Дайыр Асанов атындагы музей менен таанышып, музейдеги атайын “Ата мекенди коргоочулардын күнү менен” деп аталган дубал тактайчаларына күбө болду.  Мугалимдер ардагерлердин катышуусунда 6-10 класстын окуучулары менен биргеликте коргоочулар күнүнө арналган класстык саат өткөрдү. Окуучулар чакан концерттик программа даярдап, патриоттук тематикадагы ырларды ырдап, бийлеп, чакан сценкаларды коюшту. Ардагерлер башынан өткөн окуяларын эскерип, окуучулардын мекенди сүйгөн мыкты эр азамат болуп чоңоёруна тилектештигин билдирди. Эстеликтерди сактоо комиссиясынын башчысы, Эмгектин ардагери Менсейитова Калбүбү жаштардын мекенди сүйүүсүн ойготуу, мекенчилдикке тарбиялоо үчүн көп иш чараларды өткөрүп туруу керектигин айтты.

  • КМУ ну аяктагандан кийин тарых мугалими болуп эмгектендим. Окуучуларды мекенди коргоого тарбиялоо үчүн көптөгөн иш чараларды өткөрдүм. Улуу муундагылар элибизди коргоо үчүн атайын армияга барып кызмат өтөчү эле. Бүгүнкү күнү жаштарды мекенди коргоого үгүттөө, мекенчилдикке тарбиялоо, мекенин сүйүүгө чакыруу максатында көп иш чараларды өткөрүп турушубуз зарыл. Албетте, 23-февраль бир гана мырзалардын майрамы эмес. Мекенге кызмат өтөгөн айымдарыбыз да арбын. Ошондуктан жалпы мекен сакчыларын майрамы менен куттуктагым келет, — деди ардагер.

№2 мектептин директору Чынара Бейшембаевна бул күнү өз өмүрүн тобокелге салып, ата мекенди коргоо үчүн бел байлап, өз мекенин коргогон, азыркы күндө да коргоп жаткан патриот жарандарды куттуктады.

Айгерим Токтобаева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер