ОШТУ QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2027 РЕЙТИНГИНЕ БИРИНЧИ ЖОЛУ КИРДИ
- 04.11.2026
- 0
М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети QS World University Rankings: Asia 2027 эл аралык рейтингинде 901–950-топтон орун алып, Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларынын арасында 61-орунду ээледи.
2026-жылдын 3-ноябрында жарыяланган QS Asia University Rankings 2027 рейтингине Азиянын 26 өлкөсүнөн жана аймагынан 1 722 жогорку окуу жайы кирген. Алардын катарында Ош технологиялык университетинин болушу — окуу жайдын эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүнүн маанилүү жыйынтыгы.
Рейтингди Улуу Британиянын QS Quacquarelli Symonds эл аралык аналитикалык компаниясы түзөт. Быйылкы рейтингге 195 жогорку окуу жайы биринчи жолу кирген. Алардын арасында ОшТУнун болушу университеттин эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.
QS рейтингиндеги көрсөткүчтөр боюнча ОшТУнун негизги артыкчылыктарынын бири — эл аралык студенттердин үлүшү. Бул көрсөткүч боюнча университет 100 баллдан 100 балл алып, Азиядагы жогорку окуу жайларынын арасында 43-орунду ээледи.
Ошондой эле окутуучулар менен студенттердин катышы боюнча 90,7 баллга ээ болуп, Азияда 124-орунду камсыздады. Бул көрсөткүч университетте студенттерге сапаттуу билим берүү жана окутуу процессинде жекече көңүл буруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн айгинелейт.
ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Жанышович Турсунбаев белгилегендей, эл аралык рейтингге биринчи жолу кирүү — университеттин жалпы жамаатынын көп жылдык эмгегинин натыйжасы.
«QS Asia рейтингине биринчи аракеттен кирүү — университеттин бүткүл жамаатынын көп жылдык эмгегинин жемиши. Чет өлкөлүк студенттердин үлүшү боюнча эң жогорку балл алуу ОшТУнун эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги ордун жана чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн жагымдуулугун көрсөтөт. Алдыдагы негизги милдеттерибиздин бири — илимий потенциалыбызды, академиялык жана эл аралык кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүп, рейтингдеги позициябызды жогорулатуу», — деди ректор.
Белгилей кетсек, QS Asia University Rankings жогорку окуу жайларын академиялык жана иш берүүчүлөр арасындагы бедели, илимий изилдөөлөрдүн сапаты жана өндүрүмдүүлүгү, окутуучулар менен студенттердин катышы, эл аралык студенттердин жана окутуучулардын үлүшү, академиялык кызматташтык сыяктуу 11 көрсөткүчтүн негизинде баалайт.
ОшТУнун аталган эл аралык рейтингге кириши — университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу, илимий-инновациялык потенциалын өнүктүрүү жана эл аралык байланыштарын кеңейтүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү көрсөткүчү.
ОшТУнун басма сөз кызматы