С.ЖАПАРОВ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ЖОГОРКУ ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 30.10.2026

 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. С.ЖАПАРОВ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ЖОГОРКУ ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Мамлекет башчысын сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин — Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары тарабынан бир добуштан кабыл алынган. Жогорку сыйлыкты Анкара шаарындагы Президенттик сарайда өткөн ТМУнун 13-саммитинин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган салтанаттуу  тапшырды.

С.ЖАПАРОВ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ЖОГОРКУ ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Президент Садыр Жапаров бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын баса белгиледи. С.ЖАПАРОВ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ЖОГОРКУ ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Ал орденди тапшыруу чечимин кабыл алган уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, көп кылымдык жалпы тарых, бирдиктүү руханий баалуулуктар жана тил менен маданияттын жакындыгы түбөлүктүү боордоштуктун бекем пайдубалы болуп кала берерин кошумчалады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү