• 22.10.2026

Бүгүнкү күндө кыргыз коомунун эң чоң, бирок көзгө дароо көрүнбөгөн трагедиясы — балдардын смартфондорго толугу менен кул болуп калышы. Заманбап технологиялар жашообузду жеңилдеткени менен, өсүп келе жаткан муундун мээсин, психологиясын жана адамдык табиятын талкалап жатат. Азыркы балдар бешиктен чыга электе эле экранга байланууда. Смартфон азыр жөн гана байланыш куралы эмес, баланы реалдуу дүйнөдөн бөлүп, виртуалдык кулчулукка, тагыраагы, маңкуртчулукка жетелеген куралга айланууда.

Ден соолукка сокку: Нерв, көз жана кечиккен тил

Медицина адистери жана педиатрлар дагы коңгуроо кагышууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, 2 жашка чейинки балдарга экран такыр көрсөтүлбөшү керек. Ал эми 2 жаштан 5 жашка чейинкилерге күнүнө 1 сааттан ашык эмес убакыт уруксат берилет. Бирок бизде кандай? Оозунан эмчеги түшө элек 1–2 жашар наристелердин колунда телефон түшпөйт.

Мисалы, адистердин айтымында мунун кесепети өтө оор экенин төмөндө баяндайлы.

Тилдин кеч чыгышы жана логиканын өспөй калышы: Бала айлана-чөйрөнү тийүү, сезүү, жандуу сүйлөшүү аркылуу таанышы керек. Телефондогу тез алмашкан, даяр сүрөттөр мээнин өнүгүүсүн токтотот. Натыйжада, азыр 3-4 жашка чыгып, дагы деле тили чыга элек же логикалык ой жүгүртүүсү нөлгө теңелген балдардын саны кескин өстү.

Нерв системасынын талкаланышы: Экрандан бөлүнүп жаткан көк жарык (blue light) уйку гормону болгон мелатонинди блоктоп, баланын мээсин дайыма стрессте кармайт. Смартфондон көзүн алганда эле бала агрессивдүү, чыдамсыз жана өтө ачуулуу (нервный) болуп чыга келет.

Радиация жана физикалык майыптык: Баланын баш сөөгү жука болгондуктан, телефондон бөлүнүүчү электромагниттик толкундарды (радиацияны) чоңдорго караганда эки эсе көп сиңирет. Мунун кесепети — жаш балдардын арасында көз оорулары (миопия), омуртканын кыйсайышы жана аз кыймылдуулуктан улам семирип, толуп кетүү оорулары эпидемияга айландууда.

Социалдык теңсиздик жана өлүмгө түрткөн атаандаштык

Бүгүн мектептерде, орто кесипчилик окуу жайларында билим жарышы эмес, «телефон жарышы» жүрүп, атаандаштык күч алып жатат. Кымбат баалуу смартфондор окуучулар, студенттер арасында социалдык теңсиздиктин эң башкы көрсөткүчүнө айланды. Колунда бардын баласы акыркы үлгүдөгү iPhone же кымбат гаджет менен мактанса, шарты начар үй-бүлөнүн баласында ич күйдүүлүк, коомдон обочолонуу жана кемсинүү сезими пайда болуп жатканы өкүндүрөт.

Эң өкүнүчтүүсү, бул виртуалдык атаандаштык реалдуу трагедияларга алып келүүдө. Акыркы жылдары телефон үчүн үйүнөн акча, алтын буюмдарын уурдаган өспүрүмдөр көбөйдү. Андан да жаманы — ата-энеси сураган кымбат телефонун алып бербей койгону үчүн же телефонду тартып алганы үчүн өз өмүрүн кыйган (суицидке барган) балдардын окуялары коомду селкинтүүдө. Биз материалдык буюмду адам өмүрүнөн, ата-энедин кадырынан өйдө койгон, сезими соолуп, жан-дүйнөсү жаркырланган маңкурт муунду өз колубуз менен тарбиялап жаткан жокпузбу?

Дүйнөлүк тажрыйба: Батыш кантип күрөшүүдө?

Өнүккөн чет өлкөлөр бул коркунучту эбак түшүнүп, мамлекеттик деңгээлде чара көрө башташты. Мисалы, Франция, Улуу Британия жана Кытайдын мектептеринде окуу убагында смартфон колдонууга мыйзам түрүндө толук тыюу салынган. Кытайда өспүрүмдөрдүн түн ичинде онлайн оюндарды ойноосуна бөгөт коюу тутуму киргизилген.

Эң кызыгы, дүйнөгө ушул технологияларды тараткан Силикон өрөөнүнүн (АКШ) жетекчилери, IT миллиардерлери өздөрүнүн балдарына 14 жашка чейин смартфон карматпайт. Ошондой эле аларды кадимки карапайым адамдардын балдары окуган жеке мектептерде китеп менен гана окутушат. Себеби, алар бул «санариптик баңгизаттын» азгырыгын жана зыянын жакшы билишет. Чет элдик ата-энелер телефонду билим алуу, тил үйрөнүү же пайдалуу программалоону өздөштүрүү үчүн гана курал катары беришеп, тыкыр көзөмөлгө алып турушат.

Телефон эмне үчүн керек? Ал — билимдин гана булагы болушу зарыл

Биз технология доорунда жашап жатабаз, анын жетишкендиктерин толук тыйып салуу мүмкүн эмес. Бирок телефонду колдонуу максатын түп тамырынан бери өзгөртүүбүз зарыл. Смартфон — оюн ойноп, маанисиз кыска видеолорду (Tik-Tok, Reels) көрүп, убакыт өлтүрүп, текке кетире турган оюнчук эмес. Ал билим алуунун, дүйнө таанымын кеңейтүүнүн гана булагы болушу шарт. Бала телефондон чет тилдерин үйрөнүп, акыл-эсин өстүрө турган логикалык тапшырмаларды аткарып, тарыхый, илимий даректүү тасмаларды көрүүнү адат кылышы керек.

Ата-энелерге коңгуроо!

Урматтуу ата-энелер! Баланы тынчытуу үчүн же өзүңүздүн жумушуңузга тоскоол кылбасын деп колуна телефон кармата салуу — бул баланын келечегине жасалган кылмыш жана кыянаттык. Сиз ошол мүнөттө убактылуу тынчтыкты сатып алып, бирок балаңыздын ден соолугун, акылын жана адамдык сапатын уурдап, келечегине доо кетирип жатасыз.

Балаңыздын экран артындагы коркунучка жутулуп, анын барымтасына кабылып, кулга айлануусуна жол бербеңиз! Бүгүнтөн баштап, телефон колдонууга чектөө киргизип, көзөмөлгө алыңыз!  Алар менен көбүрөөк сүйлөшүп, сейилдеңиз, китеп окутуңуз. Эсиңизде болсун: баланы телефон эмес, Ата-эне тарбиялашы керек!

Эркинай Казыева,

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү шаарындагы Педагогика жана коммуникациялар колледжинин биология боюнча  окутуучусу

Бөлүшүү