“МАНАС” ЭПОСУ МЕНЕН ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН АКЫЛДУУ МУУН
- 20.04.2026
- 0

“МАНАС” ЭПОСУ МЕНЕН ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН АКЫЛДУУ МУУН
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында “Манас”эпосу аркылуу кыргыздын руханий мурасын жана улуттук наркты, баатырдыкты, достук мамилени үйрөтүү биздин парзыбыз деп эсептейм. Президент Садыр Жапаровдун улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө жарлыгынын алкагында кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасын окутуу жана жайылтуу боюнча “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы, ар жыл сайын бала бакчалар арасында да өткөрүлүп келет.
Салт болуп калгандай, кечээ жакында “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун кичинекей тарбиялануучулары “Манас таануу” интеллектуалдык таймашта өз өнөрлөрүн көрсөттү. Биздин кичинекей катышуучулар бул таймашка чоң жоопкерчилик, терең даярдык жана чың дилден берилген аракет менен катышышты.
Баланын дүйнөсү таза, сезимтал жана кыялга бай келет. Дал ушундай мезгилде “Манас” эпосун угуу же аны менен таанышуу баланын ички дүйнөсүн байытып, инсан катары калыптанышына өбөлгө түзөт. Манас баатырдын эрдиги, кайраттуулугу, эл үчүн жанын аябоосу – бул балдар үчүн үлгү болгон сапаттар. Манас эпосундагы каармандар — Манас, Каныкей, Бакай — ар бири өзүнүн акылмандыгы, сабырдуулугу, берилгендиги менен айырмаланат. Балдар бул образдар аркылуу достук, биримдик, урмат сый сыяктуу асыл түшүнүктөрдү терең кабыл алышат. Айрыкча Каныкейдин акылмандыгы кыз балдар үчун жакшы үлгу болсо, Бакайдын кеңешчилдиги акылмандыкка тарбиялайт. Ошондой эле эпостогу окуялар балдардын кыял дүйнөсүн кеңейтет. Алар өздөрүн баатырлардай элестетип, жакшылык менен жамандыктын айырмасын түшүнө башташат. Бул болсо баланын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп, ой жүгүртүүсүн тереңдетет.

Ушул асыл мурастын маанисин терең түшүнүп, аны даңазалоо максатында өткөрүлгөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы кичинекей тарбиялануучулар үчүн чоң сыноо жана зор мүмкүнчүлүк болду. Таймаштын алгачкы баскычы болгон райондук деңгээлде өз билимибизди, зиректигибизди көрсөтүп, биринчи ийгиликтерге жетиштик. Бул жеңиш бизге ишеним берип, алдыга умтулууга күч кубат кошту. Андан ары облустук баскычта таймаш ого бетер курчуп, атаандаштык күчөдү. Ар бир суроо- билимдин тереңдигин, ар бир жооп –даярдыктын сапатын аныктады. Облустук деңгээлдеги жеңиш — биздин аракетибиздин жемиши болуп, Республикага жол ачты. Республикалык таймаш — бул эң жогорку баскыч, эң чоң сыноо. Бул жерде мыкты командалар күч сынашты. Биз үчүн бул чоң сыймык жана зор жоопкерчилик болду.
Натыйжада, райондук баскычтан башталган жеңиш жолу облустан өтүп, республикада да өз жемишин берип, биздин эмгегибизди актады. Бул жетишкендик — жөн гана жеңиш эмес. Бул — эмгектин үзүрү, биримдиктин күчү жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйдын жыйынтыгы. “Манас таануу ” таймашы аркылуу биз билим гана албастан, мекенчилдикти, тарыхты урматтоону жана руханий баалоону үйрөндүк. Жыйынтыктап айтканда, район — биздин башталышыбыз болсо, облус- өсүшүбүздүн белгиси, ал эми республика — биздин бийик жеңишибиз болду. Манастын улуу руху ар дайым бизге дем берип келечекте дагы далай ийгиликтерге жетелей берет.
Мээрим ЖУНУСАКУНОВА, Ат Башы району, Казыбек айылы, “Казыбек -Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы

P.S. Жунусакунова Мээрим Орозбековна Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Бирдик айылында туулган. 1991-жылы Бирдик орто мектебине кирип, 2001-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы Нарын педагогикалык окуу жайына тапшырып, 2006-жылы аяктаган. 2006-жылы Казыбек айылына турмушка чыгып, 2008-жылдан бери “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячы болуп иштеп келе жатат. Жаш жеткинчектерге тарбия берип окуутуда жакшы ийгиликтери бар. Сабакты интерактивдүү ыкма менен ТРИЗ, Монтессори стратегияларын STEAM методдорун колдонуу менен кызыктуу өтөт. Ага -Хан фондусунун “Мектеп 2030” долбоорунда иш алып барат. Майрамдык иш чараларды, сабактарды эң жогорку деңгээлде өтүү менен ата-энелердин ыраазычылыгына ээ болуп келет. Бала бакчанын коомдук иштеринде да салымы чоң. Ал көп жылдан бери бала бакчада кесиптик бирлигинин төрайымы болуу менен бирге жамаат ичинде ынтымакты, биримдикти бекемдеп, иштин натыйжалуулугун жогорулатты. Мээрим Орозбековна жаңычыл, аракетчил, намыскөй тарбиячы. Ал окутуу тарбиялоо иштериндеги ийгиликтери үчүн бала бакчанын “Жылдын мыктысы” диплому жана кубогуна арзыган. Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы, кесиптик бирлигинин төш белгиси менен сыйланган.

Комментарийлер