БААТЫРДЫН ЫСЫМЫНДАГЫ КАБИНЕТ

  • 16.04.2026
  • 0

Кайынды №3 жалпы билим берүү үймектебинде өзгөчө мааниге ээ болгон жаңы кабинет ачылды. Бул кабинетке чек арада мекенин коргоп жүрүп баатырларча курман болгон жоокер Эрлан Турсунбаевдин ысымы ыйгарылды.

БААТЫРДЫН ЫСЫМЫНДАГЫ КАБИНЕТ

Эрлан Турсунбаев өз элинин тынчтыгы, жеринин бүтүндүгү үчүн жанын аябастан күрөшүп, эрдиктин, мекенчилдиктин символу болуп калды.

Бул кабинет жөн гана окуу жайдын бөлмөсү эмес, ал жаш муунду мекенди сүйүүгө, эл-жерди коргоого, эрдик менен намыска үндөгөн ыйык жай болуп калат. Ар бир окуучу бул жерге киргенде мекен үчүн жанын берген баатырдын ысымын эстеп, анын эрдигинен дем алып, өзүнүн да жоопкерчилигин сезет.

Эрлан Турсунбаевдин ысымын алып жүргөн бул кабинет — патриоттуулуктун, намыстын жана чыныгы жоокердик рухтун мектеби. Ал келечек муундарга мекенди сүйүүнүн, эл үчүн кызмат кылуунун жана чыныгы баатыр болуунун жолун көрсөтүп турат.

Нуриза БОЛОТБЕКОВА, Панфилов району

Бөлүшүү

Комментарийлер