Бер-Булак айылында жаңы мектеп ачылат
- 21.10.2025
- 0
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бер-Булак айылында О. Турусматов атындагы жаңы мектептин курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Эки кабаттуу мектеп 275 орунга ылайыктап салынган жана заманбап стандарттарга жооп берет. Окуу корпусуна спорт залы кошулуп, окуучулар менен мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Курулуш иштерин Курулуш министрлиги көзөмөлдөп, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылган. Мектептин жалпы наркы 192 миллион сомду түзөт.
Жаңы билим берүү объектиси Бер-Булак айылындагы билим сапатын жогорулатууга жана окуучулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер