ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮ КҮНҮ СУНУШТАЛДЫ

  • 22.09.2025
  • 0

Бул туурасында Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында талкуу өтүп, «Чоңдорго билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоору колдоо тапты.

ЖК депутаты Айсулуу Мамашова токтомдун талкуусунда министрлер кабинети аталган токтомго ылайык жарандарга тиешелүү  семинарларды, окутуу курстарын  өткөрүү жакшы натыйжа берерине токтолду.

-Үзгүлтүксүз окуу — жөн гана жаңы тренд эмес, келечектеги норма. Адамдар жаш курагына карабастан, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүп турушу керек, — деди А.Мамашова өс сөзүндө. Талкуудан соң,  жыл сайын 17-апрелди “Чоңдорго билим берүү күнү” деп бекитүү сунушталды. ЖКнын депутаты Айгүл Айдарова мектептердеги мугалимдердин жетишсиздиги бар учурда чоңдорду ким окутарын сурады. Ал эми дагы бир ЖК депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева республикабызда «Сабатсыздыкка каршы күрөш күнүн» өткөрүү зарылдыгын айтып өттү.

(М.К.)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер