УСТАТТЫН ТАЛАСТАГЫ БИЛИМ САПАРЫ

  • 28.09.2023
  • 0

26-сентябрда таластык агай-эжейлер кыргыз коомун ойго салган он сериялуу «Агай» телесериалынын башкы каарманынын прототиби, «Лейлектин Гередоту», «кыргыздын Сухомлинскийи», «элеттик илимпоз», «бүгүнкүнүн Дүйшөнү» деп мугалимдер зор сыймык менен айтып жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы Манас орденинин ээси Гапыр Мадаминовду кучак жайып тосуп алышты. Манастын, Чыңгыз Айтматовдун руху жашаган Талас жергесиндеги жолугушуулар эртең менен облустун эң четки аймагы Манас районунан башталып, түштөн кийин Айтматов районунда, 27-сентябрда Бакай-Ата районунда, андан кийин Талас мамлекеттик университетинде уланды. 28-сентябрда Талас шаарында  жыйынтыктоочу жыйын өтүп, анын ишине Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков жана иш-чаранын демөөрчүсү Кыргыз Эл депутаты Бактыбек Чойбеков катышты.

УСТАТТЫН ТАЛАСТАГЫ БИЛИМ САПАРЫ

Өнөрпоздор, балбандар арбын райондо

Манас району – Талас облусунун чек арада жайгашкан эң четки району. Мындагы беш айыл өкмөттө 39 миң калк жашайт. Райондо 21 мектеп, 8 бала бакча бар. Райондун акими, буга чейин Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Досмамбет Жээнбеков ардактуу конокторго элибизге аттын кашкасындай таанымал төкмө акындар Алымкул Үсөнбаев, анын уулу Замирбек Үсөнбаев, айтылуу төкмө Эстебес Турсуналиев, далай айтыштарда алдына эч кимди салбай келаткан төкмө акын Аалы Туткучев, калеми курч акын Анатай Өмүрканов, Москва олимпиадасынын призеру, атактуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров, жакында эле Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга татыктуу болгон келечегинен көптү үмүттөндүргөн спортчу Жоламан Шаршенбеков Манас районунда төрөлүп өскөнүн зор сыймык менен айтып берди.

Баарыбыз билгендей, быйылкы ЖРТда 817 таластык бүтүрүүчү босого баллдан өтпөй калган. Ошондуктан устаттын мугалимдер, ата-энелер, окуучулар менен болгон бул күнкү жолугушуусунда, андан кийинки күндөрдөгү пикир алышууларында да мектептеги билим-тарбия сапатын канткенде жогорулатабыз деген маселеге эң көп көңүл бурулду.

Салыштыруу иретинде болсо да айта кетели.  Гапыр агай негиздеген Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн быйылкы ЖРТдагы орточо көрсөткүчү 173 балл! Ушундай зор ийгиликке борбор шаардан 1,5 миң чакырым алыстыкта жайгашкан  элеттик чакан мектептин кантип жетишкени сизди кызыктырып жатса керек.

Эмесе жоопту атактуу мугалим Гапыр Мадаминовдун өз оозунан уксак.

— Менин жалпы педагогикалык стажым 48 жыл болсо, анын 25 жылында мектепти негиздеп, ошого жетекчилик кылдым. Кубанычынан кыйынчылыгы көп ушул жылдары мен педагог катары «Эмне үчүн балдар окугусу келбейт?», «Эмне үчүн мугалимдердин сабагы, сөзү, тарбиясы жугумдуу эмес?», «Канткенде ата-энени мектепке тарта алабыз?» деген үч суроого күндүр-түндүр жооп издедим. Натыйжада балдарды өз бетинче билим алууга үйрөткөн, учурда төрт тилге которулган «Акыл эмгегинин маданияты», мугалимдерди кесипкөйлүккө чакырган «Устаттык өнөрү», ата-энелерди мектептеги билим берүү ишине көмөктөшүүгө үйрөткөн «Энелер мектеби» китептерин жазып, өз-өз окурмандарына тапшырдым.

Мен көп жерге бардым, чет элдик алдыңкы тажрыйба менен да тааныштым, бирок эң пайдалуу билимди үйдө китеп окуп билдим. Ошондуктан сиздерди да китеп окууга чакырам. Эң жакшысы, өзүбүздүн үстүбүздөн көп иштешибиз керек, – деди устат.

Гапыр агайдын «Эмне үчүн балдарыбыз уга билбейт, окубайт, окуганын түшүнбөйт, кээ бирлери орой, тентек, зөөкүр, жалкоо?» деген суроосу залда олтургандарды терең ойго салды.  «Анткени биз, мугалимдер, өз окуучуларыбыздан артта калдык. Көп окубайбыз. Билбейбиз. Билгенден сурабайбыз. Аналитикалык ой жүгүртүүгө, окуп түшүнүүгө маани бербейбиз.  Дайыма эле финдердей окуталы дей беребиз. Муну коюп  Бектур Исаковдой эле окуталы! Өсөр эл өзүнү сыйлайт дегендей, өзүбүздөн баштайлы!» деп өз суроосуна өзү жооп берди.

Жолугушууда «Мугалим кандай кылып сабак өтсө, окуучулар мектепке тартылат?» деген суроонун тегерегинде да сөз жүрдү.

— Балдардын телефонго кирип кеткени бул бизге, мугалимдерге, ойлонуучу маселе!  Алар муну менен силердин сабак кызык эмес деп айтышы мүмкүн. Эмне үчүн азыркы сабактар жугумдуу эмес? Мугалим сабакка кирди, слайдды койду, видеоролик көрсөттү дейли, сабакка катышкандар сонун сабак болду деши мүмкүн. Андай эмес. Окуучулардын билимин текшерсең, эч нерсе билбейт. Мен азыр залга барып олтуруп келдим. Эмне үчүн? Кээ бир мугалимдер сабак өтсө, партадан жылбайт. Баланы башынан сылабайт. Мугалимдер аркандалгандай доска менен проектордон алыс жылбай калды. Анткени шпаргалканы пайдалана албай калышат экен. Залда ата-энелер аз экен. ЖРТнын жыйынтыгы жакшы кылалы десек ата-энени тарткыла, – деп айтты Мадаминов.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаев  лейлектик чыгармачыл мугалимдин табылгаларын теория жүзүндө жеткиликтүү кылып  түшүндүрүп берди.

— Гапыр агай айткандай, азыркы мектеп билим, тарбия, программа, заманбап ыкмалар, китептер жагынан бир топ артта калды. Балдар үйдө ата-энени, мектепте мугалимди  укпайт. Окуучулардын окуу-тарбия сапаты, мугалимдердин кесиптик билими төмөндөп кетти. Ошону сиздер менен кошо талкуулайлы деп келдик, — деди билим берүү тармагын терең билген адис.

Анан ал жогоруда сөз болгон «Эмне үчүн азыркы балдар окугусу келбейт?» деген суроого ынанымдуу жооп берди.

—   2014-жылы Мамлекеттик билим берүү стандартын кабыл алганбыз.  Мында биз парадигманы өзгөрттүк. Билимге басым жасаган окутуудан компетенттүүлүккө  багыттаган окутууга өттүк. Өзүңөр билгендей, ар бир адам табият берген шык, жөндөм  менен төрөлөт. Бирөө математикадан, бирөө тилден, бирөөсү спорттон мыкты.  Азыркы стандарттардын баары — өткөн доордун стандарты. Кээ бир нерселер биздин программада, окуу китептеринде жок. Биздин азыркы берип жаткан билимдин 80 пайызы турмушта зарыл эместиги аныкталды. Эмне үчүн? Анткени,  азыркы системабызды  XVII кылымда Ян Амос Коменскийден алганбыз. Ошондон бери балдарды класстарга бөлүп окутуп, беш кылымдан бери Коменскийдин арабасында келатабыз. Келгиле, машинага отуралы. Биздин окуу китептерибиз мээнин  сол жарым шарына багытталат. Сол жарым шаар логикага, тартипке, иреттүүлүккө жооп берет. Оң жарым шарыбыз – бул эмоция, аналитикалык ой жүгүртүү. Окутууда ушуга маани бербей келдик.  Ырды жаттатсак, мээнин сол жарым шары, ырдатсак,  мээнин оң жарым шары  иштейт, – деп түшүндүрмө берди профессор.

Андан аркы сөзүндө окумуштуу-педагог учурдагы Z муундун өзгөчөлүгүнө токтолду.

— Азыркы балдар –  бул Z мууну, быйылтан баштап альфа мууну мектептке келип окуй баштады. Эми булардын кандай айырмасы болот? Биринчилери —  булар санариптик аборогендер, алар эмнени каалашарын билишет. Экинчилери — булар жасалма интеллекттин балдары. Ал эми жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүгүн сиздер жакшы билесиздер. Керек болсо, ал бизге сабактын планын заматта жазып берет. Дагы толгон жумуштарды жасайт. Окумуштуулар 2060-жылга чейин 60 пайыз азыр адам жасап жаткан ишти жасалма интеллект өзү жасайт экенин айтууда. Биз даярбызбы ошого? Канча адам жумушсуз калат? Биз ушуга балдарды азыртан багыттап окутушубуз керек, – деди профессор.

 

Ата-энелерди тартмайын, мектеп оңолбойт

 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмын алып жүргөн Айтматов районундагы, ошондой эле Бакай-Ата районундагы жолугушууларда мектептеги билим сапатын жогорулатуудагы ата-энелердин ордуна жетик  көңүл бурулду.

— Мурда баланы  мектеп тарбиялайт деп айтышчу. Азыр баланы үй-бүлө тарбиялайт. Ушуну билип алышыбыз керек. Ата-энени мектепке тартмайын мектеп оңолбойт, – деп айтты Кыргызбай Добаев.

Андан ары ал залдагыларга «Балаңдын келечегин элестет», Балаңа тарбияда өрнөк бол», Балаңа жетиштүү убакыт бөл!», «Үй-бүлөдө ата  менен эненин мамилеси туура болушу керек» деген үйдөгү тарбиянын алтын эрежесин бирден санап берди

— Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жазылбаган конституциясы болушу керек. Мисалы, бала: «Атам келетат! Атам келетат!» деп кубана чуркап кирсе, апасы ойлонбой туруп «Ой жерге кирсин ошол атаң!» дейт. Муну менен апасы баланын атасына болгон сый-урматын тебелеп жатат. Бул, албетте, туура эмес! Балдар атасын апасы аркылуу урматташат. Акылга зирек апа тескерисинче баланын алдында атанын кадыр-баркын эч качан түшүрбөйт. Ошол эле учурда ата дагы апаны сыйлайт, ага жаман айтпайт, балдарынын көзүнчө кол көтөрбөйт, – деп көрсөттү Кыргызбай Добаев.

Мугалимдер менен баарлашуусунда илимпоз-педагог азыркы мектептин ордуна кайрылды.

— Мектеп — айылдагы ресурстук борбор болуш керек. Күнү-түнү ачык иштеши зарыл. Азыр мектептерди кароолчу кайтарат, – деп түз айтты илимпоз-педагог.

Устат педагог Гапыр Мадаминов өз сөзүндө ата-энелер мектепке аз келерин айтты. «Залда бир чейректе үч жолу сабакка катышып кеткен ата-эне барбы?» деп кайрылды ал. Эч ким унчукпады.

— Чындыгында эле мектепте ушундай. Мектепке бир да ата-эне сабакка катышайын деп келбейт. Бир жылына да келбейт. Кафе, тойканада болсо,  5 саат жөн эле отуруп коет. Менде да ушундай болгон башында. 230 бала окуган мектепте жыйын өтсөм, 9 ата-эне келди. Анан мектепке ата-энелерди тарта баштадым. Кантип?  «Мыкты ата-эне», «Мыкты үй-бүлө» конкурстарын өткөрсөм, зал толду. Ушунтип жолун таптым, – деди Гапыр агай.

Мен айрым катышуучулардын жолугушуу тууралуу ой-пикирин уга алдым. Жакында эле Айтматов районунун А.Мадымаров  атындагы орто мектебине жетекчи болуп дайындалган, кесиби боюнча дене тарбия мугалими Жоомарт Чынанов өзү иштеген мектепте Энелер мектебинин ишин жандандырууну көздөп, Гапыр Мадаминовун нускоолорун укканы келгенин айтса, Бектемир Үмөталиев аттуу ата бүгүнкү жолугушуудан кийин баласын туура эмес тарбиялап жатканын түшүнгөнүн айтты. Жолугушууга ал 7-класстагы уулун ала келген. Уулу үчүн атасы менин көзүмчө Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» деген китебин алып берди.

 

Жетекчи оңолмоюн, мектептин иши жүрбөйт

 

Билим берүү министрлиги азыркы мектеп реформасынын маанилүү бөлүгү катары билим берүү мекемелеринин жетекчилерин тандоо демилгесин бекеринен баштабаптыр. Бул багыттагы иштердин тууралыгын Гапыр Мадаминовдун сүйлөгөн сөздөрүнөн байкай алдык.

— Мектептеги билимдин сапаты 50 пайыз жамааттан көз каранды болсо, 50 пайызы директордон көз каранды. Кыргызстанда жетекчини даярдаган окуу жок экен. Ошон үчүн  «Жетекчиге жети талап» деген китеп жаздым. Кайсыл жерде жетекчи кыйын болсо, ошол жерде ийгилик болот, – деп баса белгиледи устат.

Анан ал жетекчинин жети тиреги, жети азгырыгы, 70 сыры, эл сүйгөн жетекчинин 14 сапаты, эл жек көргөн жетекчинин 14 жаман сапаты болорун санап берди.

— Башкарам десең, өзүң үлгү көрсөт. Мен жылына 25  ачык сабак өтөм, – деди Гапыр агай директорлорго кайрылып.

Иштин баарын жетекчиге эле үйүп койбой, ар бир мугалим өз жумушун так аткаруусун белгилеп өттү.

— Ар бир мугалим өзү да жетекчи, өз предметине, өз классына жетекчи! Бирок баарынан кыйыны өзүбүздү башкаруу! Ошону жеңе билүү эрдик! – деп айтты улуу устат сөзүн жыйынтыктап жатып.

Ошентип, Гапыр Мадаминовдун Талас жергесиндеги үч күндүк билим сапары да аяктады. Агайдын таалим сабагынан таасир алгандар эсепсиз болду. Залга келбесе да көчөдө учурашып калгандар бири калбай башын ийип таазим этип жатышты.

Кайсыл бир жерде тамактанып жатсак, жүк ташуучу машина айдаган жоон топ айдоочулар келип: «Сизди жолдон көрүп калдык. Улуу мугалимге бизден белек болсун!» деп белегин тапшырып кетишти. Бул да болсо, Гапыр агай өзү айткандай, «Агай» сериалын тарткан таланттуу режиссёр Руслан   Акундун эмгеги, билим берүүгө кошкон зор салымы экенин белгилей кетели.

Демек, билим берүү ишинде алдыга койгон асыл максаттарга жетүүдө коомдогу ар кандай уюмдардын бир багытка умтулган  өнөктөштүгү маанилүү деп айта алабыз.

Таластагы жолугушууларды уюштурууда үч райондун акимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, Талас мамлекеттик университетинин, облустук усулдук борбордун жетекчилери башкаларга үлгү болорлук иштерди аткарды. Айрыкча, ушул жолугушууларды эки жылдан бери демилгелеп келген, Гапыр агайдын китептери, жолугушуулары боюнча 800 видео даярдап, көрүүчүлөргө сунуштаган, устаттын шакирти Салтанат Бейшенованын эмгегин айтпай кетпесек болбос.

Эми ушул жолугушуулардын демөөрчүсүн атап кетели. Ал асыл инсан, билим берүү ишинин чыныгы  күйөрманы – Талас элинин кулуну, Кыргыз Республикасынын Эл депутаты Бактыбек Чойбеков.

— Бактыбек Каныбекович алты жашында атасынан айрылып, токойчу болуп иштеген чоң атасынын колунда өсүп, көп кыйынчылыкты көрүп, өз аракети менен албан ийгиликтерге жетишкен экен. Мектеби алыс болуп, алты чакырым жерге чоң атасы атка учкаштырып ташып окутканын бизге айтып калат, – дейт депутаттын консультанты, «БилимТал» коомдук бирикмесинин жетекчиси Асылбек Рахманов.

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», (Бишкек – Покровка – Кызыл-Адыр – Талас шаары – Бишкек)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер