БИШКЕКТЕ СЕГИЗ МЕКТЕП ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТТҮ

  • 14.12.2022
  • 0

Бишкек шаарында курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан «Кабар» агенттигине билдиришти.

БИШКЕКТЕ СЕГИЗ МЕКТЕП ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТТҮ

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте балдардын мектепке баруусун текшерди. Жалпысынан 50 мектеп изилденген.

Алсак, №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103 мектептерге санитардык көрсөтмөлөр даярдалып, бүгүнкү күндө окуучулардын 20%ы мектепке келбей жатканы белгилүү болду.

Жыл башынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын 78 миң 656 учуру катталган болсо, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 78 миң 368 учур катталган.

«Урматтуу жарандар! Сураныч, сактык чараларын көргүлө — беткап тагынгыла жана вирустук инфекцияга кабылган балдарды мектепке жана бала бакчага жибербегиле», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү

Комментарийлер