12 жылдык мектеп модели: мугалим эң маанилүү компонент

  • 02.07.2024
  • 0

Бишкекте 12 жылдык мектепке көчүүгө багытталган модернизациялык пландарды талкуулоо форуму өз ишин улантууда. Форумдун экинчи күнүндө катышуучулар секцияларга бөлүнүп иштеп жатышат.

12 жылдык мектеп модели: мугалим эң маанилүү компонент

Форумда Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билим берүүнү трансформациялоо шарттарында педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу эң негизги багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, 12 жылдык мектеп моделине өтүүнү ишке ашырууда мугалим эң маанилүү ролду ойнойт.

12 жылдык мектеп модели: мугалим эң маанилүү компонент“12 жылдыкка өтүүдө биздин алдыбызда бир нече чоң маселелер турат. Биринчиси, инфраструктура, 2400дөн ашык 1-классты түзүү керек. Экинчиси — билим берүүнүн мазмунун жаңылоо. Бул билим берүү жана предметтик стандартты, окуу программасын, окуу китептерин жаңылаш керек дегенди билдирет. Үчүнчүсү, окутуунун методикасын өзгөртүү абзел. Бүгүнкү күндө мугалимдерди даярдоо дагы чоң маселелердин бири. Бул маселени үч багытта чечип жатабыз: биринчиси, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, экинчиси — кайра даярдоо, бул кошумча кесиптик билим берүү, ал эми үчүнчүсү — мугалимдерди даярдоонун мазмунун, методикасын өзгөртүү.

Эмне үчүн мугалим өзгөчө маанилүү деп жатабыз, биринчиден, 12 жылдыкка өткөнгө бир класс кошулуп 3800гө жакын башталгыч класстардын мугалимдерин даярдашыбыз керек. Экинчиси, Сингапурдун STEAM багытындагы математика, физика, химия, биология китептерин алып жатабыз.  Сингапурда булар бир эле предмет катары, илим предмети деп гана окутулат. Биз да бул багытта кыргыз мугалимдерин даярдашыбыз керек”, – деди А.Токтомаметов.

Директор Кыргызстандын мугалимдери бул процесске тартылганда эки жолу курстан өтөрүн белгиледи. Биринчиси, Сингапурдан алынган алты багыттагы китептерди окутуу боюнча мугалимдер өзүнчө кесиптик чеберчилигин жогорулатышат. Экинчи жолкусунда Кыргызстан үчүн адаптацияланып, даярдалып чыгарыла турган ата мекендик китептер боюнча.

“Ал эми Сингапурдун китептери боюнча айта турган болсок, ал өлкөдөн атайын адистер келип, биздин тренерлерди окутушат.  Ал тренерлер региондорго барып башка мугалимдер менен бөлүшөт. Ошентип, биз бүгүн каскаддык ыкма менен окутууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле институтта мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча онлайн курстарды сунуштаган платформа иштелип жатат”, – деп кошумчалады А. Токтомаметов.

12 жылдыкка өтүүнүн негизги максаттарынын бири — дүйнөлүк билим берүү системасына интеграция болуу, жуурулушуу. Дүйнөлүк билим берүү системасы бүгүнкү күндө компетенттүүлүк мамилеге негизделген.  Окуучуга кереги жок материалдын зарылчылыгы жок, эртеңки күнү турмушунда колдоно ала турган, маселесин чече ала турган материалдарды үйрөтүш керек. Ошол себептен жалпы окуу жүктөмү азайып, ашыкча предметтер кыскарат. Анын ордуна кесип алуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясын бекитти. Эми Кыргызстандын өкмөтү бул маанилүү процесстин иш-чаралар планын бекитүүгө тийиш.

«Республикабызда келерки окуу жылынан тартып мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарга кошулуу, балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу, заман талабына жараша алардын эмгек рыногундагы өз ордун табуусуна шарт түзүү болуп эсептелет», — деген эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрель айында.

Форум 12 жылдык мектепке көчүүнүн стратегиялык багыттарын билим берүү коомчулугу менен талкуулоо максатында өтүп жатат.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер