12 жылдык билим: окуу жүктөмү азаят

  • 26.03.2024
  • 0

12 жылдык билим берүү моделинде мугалимдердин окуу жүктөмү азаят. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

“Кыргызстанда бир жылдык окуу жүктөмү 1030 саатка чейин жетет. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде 700-800 сааттын тегерегинде. Биз ошол керексиз материалдарды алып салуу менен окуу жүктөмүн азайтып, бошогон сааттардын эсебинен балдарга кошумча кесип алганга мүмкүнчүлүк түзүү маселеси программада каралып жатат”, – деди А.Токтомаметов.

Директор окуу жүктөмүн төмөндөтүү, кайталанган материалдардан арылып, ырааттуулукту сактоо «Алтын казык» программасынын негизги максаттары деп кошумчалады.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер