1-КЛАССКА 156 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУ БАРДЫ

  • 02.09.2020
  • 0

Кыргызстанда 1-сентябрда 156430 окуучу мектеп босогосун аттады.

Пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылынын башталышы менен 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат. Калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык түрдө билим берүүнү уюштурат.

Телесабактар КТРКнын «Баластан» жана ЭлТРдин «Илим жана билим» каналдарынан бериле баштады. Эфирге чыккан соң, сабактар министрликтин https://oku.edu.gov.kg/ky/ порталына жайгаштырылат.

Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 1-класс окуучуларын салттуу режимде окутууда кандай талаптар аткарылыш керектиги боюнча атайын алгоритм иштеп чыкты.

Эгер класста окуучулар көп болсо, алар эки топко бөлүнүп аралашып отурушат жана мектептер тиешелүү болгон бардык санитардык эрежелерди сакташат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер