1-ЭТАП: МЕКТЕПКЕ 72 715 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 14.06.2023
  • 0

Шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын  2023-жылдын 13-июнуна карата берилген маалыматына караганда, балдарды мектепке кабыл алуунун 1-этабында 1-класска 72 715 бала кабыл алынды.

1-ЭТАП: МЕКТЕПКЕ 72 715  БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Республика боюнча 1-класстар үчүн 185 549 квота каралган. Дагы 61% тактап айтканда, 112 834 бала каттоодон өтө элек. Мектепке каттоонун биринчи этабы 10-апрелде башталып, 26-июнга чейин улантылат.

Мектептин микросекциясында жашабаган балдарды электрондук каттоодон өткөрүүнүн экинчи этабы 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт.

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында биринчи класска кабыл алууда окуучулардын маалыматтарын каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруу, жалпы орто билим берүү мекемелеринде ар бир бала үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле коррупцияны минималдаштыруу максатында баланы 1-класска кабыл алуу схемалары боюнча «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында балдарды электрондук эсепке алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан. «Мектепке электрондук кабыл алуу» мамлекеттик билим берүү кызматтарын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп саналат.

Мектеп жашына жеткен балдар (6-7 жаш жана андан көп) жалпы билим берүү уюмуна бекитилген аймакта жашаган/жашабаган балдар 1-класска “Мектепке электрондук кабыл алуу” аркылуу кабыл алынат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер