Жөнөкөй механизмдер. Рычаг
- 15.04.2025
- 0

Маматкулова Сажидабүбү, №37 Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими
Физика, 7-класс
Сабактын максаты. Билим берүү: окуучулар жөнөкөй механизмдер жөнүндө түшүнүк алып, алардын түрлөрүн жана иштөө принциптерин үйрөнүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар жөнөкөй механизмдердин түрлөрүн күнүмдүк турмушта колдонуу, түшүнүү менен логикалык ой жүгүртүүлөрүн, көндүмдөрүн өстүрүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: окуучулар байкоо жүргүзүп, эмгекке баа берүүгө жана ойлонуп аракет кылууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: аралаш сабак
Сабактын усулу: интерактивдүү, изденүүчүлүк
Сабактын формасы: жаңы материалдарды өздөштүрүү
Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, түстүү сүрөтттөр, слайд
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Саламдашуу. Маанайларына көз жүгүртүү. Окуучулар оюн бир жерге топтоо максатында нейрогимнастика жасатуу. Нейрогимнастика жасоо менен бирге өтүлгөн тема келип чыгат. Өтүлгөн тема бышыкталат. Окуучуларды алтын эреже менен тааныштыруу, баалоо критерийлерин айтуу. Доскада сүрөт көрсөтүлөт, сүрөт аркылуу окуучулар жаңы теманы чыгарышат. Окуучулар сабактын максаты менен таанышат.
Альберт Эйнштейин жана Архимеддин сүрөттөрү менен топторго бөлүү.
Мугалим топторго жекече баалоо үчүн топ башчыларын шайлап, ракетанын сүрөтү бар таркатма берилет, ар бир таркатма 1 баллга эсептелет. Топторду баалоодо ар кандай геометриалык фигуралар берилет. Геометриялык фигураларды топтор ар бир тапшырмага жооп бергенде бирден тизишет.
Мугалим теманы түшүндүрүп берет. Сабакта 4 тапшырма бар:
1. Рычагдардын түрлөрүн жана колдонулуштарын айтып берүү.
2. Практика жүргүзүү
3. Аквариум
4. Тест менен иштөө
Экинчи тапшырмада мугалим топторго рычагдын 2 түрүн берет. 3-тапшырмада ар бир топко суу куюлган айнек идишке салынган сурөттөрдү балык деп ойлоп, бирден балык кармашат.
Физминутка жасалат.
Сабакты бышыктоо максатында топторго сайт боюнча тест берилет. https://www.umapalata.com/zexpo/game.html?LANG=RU&idGames=111854
Сабак Грециянын окумуштуусу Архимеддин накыл сөзү менен жыйынтыкталат. Мугалим окуучуларга: Тема боюнча суроолор барбы? Топ башчылары жекече баалоо боюнча ар бир окуучуну баалашат. Андан кийин геометриялык фигуралар боюнча топтор бааланат.
Үйгө тапшырма: суроолорго жооп жазышат.
Комментарийлер