Заманбап экотренддер жана көчмөн илими: жыгач тарактын химиясы

  • 15.10.2026

Экосабак

​Сабактын багыты: Интеграцияланган сабак (Химия + Биология + Экология + Этнопедагогика)

​Сабактын максаты: Окуучуларга табигый материалдардын (жыгачтын) химиялык жана экологиялык артыкчылыктарын түшүндүрүү, пластиктин зыянын заманбап «Жашыл экономика» жана «Нөлдүк калдык» (Zero Waste) концепциялары аркылуу көрсөтүп берүү.

​📍 I. Чакырык кезеги: Ой козгоо жана көйгөй

​(Окуучулардын көңүлүн бурдуруу үчүн суроо-жооп же көрсөтмөлүү суроо)

​Сүрөттөр же реалийлер: Бир тарапта желим (пластик) тарак, экинчи тарапта өрүк же арчадан жасалган жыгач тарак.

​Суроо: «Эмне үчүн уйлар же башка жаныбарлар өрүк же башка дарактарга сүйкөнүшөт? Эмне үчүн ата-бабаларыбыз арчадан же өрүктүн жыгачынан жасалган тарактарды колдонушкан? Заманбап эко-тренддер менен мунун кандай байланышы бар?»

​🧪 II. Маалыматтык-илимий блок (Сабактын маңызы)

​1. ♻️ Пластикке каршы Жашыл экономика (Zero Waste)

​Пластик тарак: Желим буюмдар синтетикалык полимерлерден жасалат. Сынганда же эскиргенде жүздөгөн жылдар бою чирибей, топурак менен сууга микропластик түрүндө тарап, айлана-чөйрөнү уулайт.

​Жыгач тарак: Табигый органикалык полимер — целлюлоза жана лигнинге бай. Ал колдонуудан чыкканда табигый биоажыроого (биодеградация) учурап, топуракка азык болуу менен кайрадан табигый айланууга сиңип кетет. Бул дүйнөлүк Zero Waste («Калдыксыз өндүрүш») жана Green Economy («Жашыл экономика») талаптарына 100% жооп берет.

​2. ⚡ Химиялык сыр: Статикалык электр жана Диэлектрик

​Пластиктин химиясы: Пластик менен чач сүрүлүшкөндө терс заряддар топтолуп, статиктик электр тогу пайда болот. Натыйжада чачтын ички кутикулалары (кабырчыктары) бузулуп, кургап, сынгыч болуп калат.

​Жыгачтын касиети: Жыгач — табигый диэлектрик (электр тогун өткөрбөйт). Жыгач тарак менен тараганда статикалык заряд нейтралдашып, чачтын табигый нымдуулугу менен жылмакайлыгы сакталат.

​3. 🌲 Биологиялык сыр: Фитонциддер жана Эфир майлары

​Арча жыгачы: Курамында күчтүү табигый антисептиктер — фитонциддер жана чайырлар бар. Баштын терисин тараганда:

​Теридеги бактерияларды жана какач козу карындарын жок кылат.

​Баштын кан айлануусун жакшыртып, чачтын түбүн бекемдейт.

​Натуралдуу ароматерапия катары нерв системасын тынчтандырат.

​Өрүк жыгачы: Тыгыздыгы жогору, өтө жылмакай келип, чачка жана териге механикалык зыян келтирбейт.

​4. 🐎 Көчмөн илими жана табигый биополе

​Жаныбарлар (уйлар, жылкылар) инстинкт менен дарактарга сүйкөнүп, терисин табигый жолду тазалап, кабыктагы чайыр-фитонциддер аркылуу паразиттерден арылышат жана тирүү дарактан энергия алышат. Этно-биологияда да табият менен айкалышта жашоо — эң таза экологиялык балансты камсыз кылган.

Автор: Ашира Кулишева

Эскертүү: Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик » уңгужолу

Кошумча ийримдерде өтүлүүчү сабак.

Бөлүшүү