ҮЙ-БҮЛӨДӨ БАЛДАРДЫ НАРКТУУЛУККА ТАРБИЯЛОО

  • 18.12.2024
  • 0
ҮЙ-БҮЛӨДӨ БАЛДАРДЫ НАРКТУУЛУККА ТАРБИЯЛОО

Класстык саат, 5-класстар үчүн 

Сабактын максаты:

Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо улуттук нарк менен элдик тарбиянын негиздерине жана баалуулуктарына үйрөнүшөт.

Ата-энени кадырлоого, барктоого жана эмгектерин баалоого тарбияланышат.

Улуттук нарк-насилибиздин тарбиялык үлгүлөрүн үйрөнүү менен мекенчилдик сезимдерин өркүндөтүшөт.

Сабактын жабдылышы: Тематикалык видео роликтер, слайд, сүрөттөр ж.б.

Сабактын жүрүшү: Окуучулардын сабакка карата уюштуруп алуу.

Улуттук нарктуулук, деги эле нарктуулук жөнүндө түшүнүк алып алалы.

Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп, толукталып, бекемделип жүрүп отурган. Нарктын таасири эң жогорку деңгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында . «Хан бийлигинен нарк күчтүү», «Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок» деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат. Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс болуп саналат.

Кыргыз нарктары:

Нарктарды «элдик протоколдор» деп атаса да болот. Демек ал «элдик протокол» эч качан өзгөрбөйт жана салттар ошол «протоколдор» менен ишке ашырылат Нарк ал улутка тиешелүү ар бир жарандын билүүсү тийиш болгон ар намыс, ардактуу парыз жана улутунун өзгөчөлүктөрүн, анын бүтүндүгүн, иденттүүлүгүн билгизип, ал эрежелерди билүү жана аны сыйлоо мүнөзүн берет. Наркты билбеген адамды «наркы жок», «нарк билбеген билимсиз  наадан» деп айтышкан элибиз.

Аталардан калган асыл нарктарыбызды эске салалы.

 Алсак:

  • Адамдык ариетти бекем тутуу;
  • Улуттук аң-сезимди, ар-намысты сактоо;
  • Улуттук нарктарды, каадаларды, үрп-адаттарды сактоо;
  • Ата Мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу;
  • Эл-журт алдындагы атуулдук парзын аткаруу;
  • Мекендин жашыруун сырларын сактоо жана душманга дилин бербөө;
  • Туулуп-өскөн жерин таштап кетпөө;
  • Ата-энени сүйүү жана урматтоо;
  • Туугандын турпагы алтын деп, аларды урматтоо,
  • Баш кийимди кастарлоо;
  • Комузду урматтоо;
  • Абийир, ар-намысты таза сактоо;
  • Нанды улук тутуу;
  • Ата салтты бузбоо;
  • Эне адебин сактоо;
  • Эне тилин коргоо;
  • Табиятты коргоо;
  • Улуттук кийимдерди кастарлоо;
  • Улуттук тамак аштарды жасай билүү;
  • Динин, дилин башкага алмашпоо;
  • Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо;
  • Ак никени бузбоо;
  • Көпчүлүк менен бирге болуу, элден бөлүнбөө;
  • Кечиримдүүлүк;
  • Меймандостук;
  • Башка элдер менен достук мамиледе болуу;
  • Арбакты сыйлоо, көзү өткөндөргө куран түшүрүү…, ж. б.

Элибизде дагы бир сөз бар, ал- «нарк-насил» деген ыйык сөз. «Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен гана улутубуз сакталып келет»  деп айтабыз. Насил деген эмне? Насил — «түп, тек, түпкү тек» деген маанини билдирет. Андай болсо, «нарк-насил» деп кош сөз түрүндө айтканыбыздын жөнү бар экен. Ал «түпкү нарктарыбыз», «аталардын наркы», «аталардан келаткан нарктар» дегенди эске салат тура.

С. Рысбаев

С. Рысбаевдин Кыргыз наркы жөнүндө эң сонун  чечмелеп, тизмектеп жазганынын өзүндө эле чоң бир нарктуулуктун көрөңгөсү жатат. Ар бирин өзүнчө  бөлүп карасак да баары биригип келип, нарктуулуктун символдорундай көрүнүп турат.

Атадан калган асыл нарктарыбыздын башында улуу муундар, ата-энелерибиз жана алардын басып өткөн жолу кийинки муундарга үлгү.

— Адамзаттын жашоосунда ата-эненин орду бийик жана баалуу. Тилекке каршы, кээ бир замандаштарыбыз жашы өткөн ата-энесин карабай карылар үйүнө, ал эми айрым жаштар жаңы төрөлгөн баласын көчөгө же таштандыга таштап кеткен учурлар кездешүүдө.

Бүгүнкү күндөгү мындай жүрөк ооруткан көрүнүштөрдүн себеби эмнеде, өксүгү эмнеде деген суроолорго жооп издесек-ал рухий жактан жардылыгыбыз, элдик тарбия, элдик нарк-насилибиздин жетиштүү деңгээлде таасиринин солгундап  бараткандыгы менен түшүнсөк болчудай.

Марс Ибраев:

          «Жакшы таалим – баа жеткис мурас»

  • Ата балдарына баардык жагынан өрнөк болушу керек. Эгер ал калп айтса, сөзү менен иши дал келбесе, баласын кантип тарбиялайт? Атадан албаган тарбиясын бала сырттан издейт. Жакшы таалим — атанын балага калтырар эң чоң мурасы.

Таалим атанын басып өткөн дооруна эмес, баланын өсүп жаткан дооруна шайкеш келиши кажет. Мисалы, биз телефонсуз чоңойгонбуз. Балдарыбыз болсо маалымат доорунда өсүп жетилүүдө.

Эң башкысы, ата балдарына жашоодогу максаттарды түшүндүрүп, туура багыт берүүгө тийиш. Бала чоңойгон сайын өз алдынчалыгын чектебей, аны атасы атаандаш катары эмес, санаалашы катары карашы кажет.

Ата кадыр-барктуу, күчтүү болсо, үй-бүлө бекем, бакубат, коом байгер, келечектүү болот.

Ата-өчпөс чырак, эне-соолбос булак. Эне-бала күтөт, учугум узарсын деп, ата-бала күтөт, тукумум улансын деп (Элдик накылдан).

Үй-бүлөдөгү ынтымактын, ырыс-кешиктин булагы, балдардын ишенген Умай энеси-албетте эне. Эненин балага болгон сезимин сөз менен айтып жеткирүү кыйын.. Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол деген эл накылынын чындыгы мына ушул. Ата тарбиялаган бала эстүү, эне тарбиялаган бала эптүү деген ата-бабаларыбыздын акыл ойлору ар бирибизге сабак болсун.

Нарктуулук темасына багытталган ойлорго назар салалы да, ар бирин түшүнүп, ой толготуп, акыл-сезимибизге азык кылып, нарктуулугубузду сактайлы, бекемдейли жана түздөн-түз сабак алалы.

Элдик тарбия — улуттук нарк;

Нарктуу жаран — улуттун жүзү;

Нарктуу үй-бүлөдөн нарктуу балдар тарбияланат;

Улуттук нарк улуттун жүзү;

Улуттук нарк-улуу дөөлөт.

Сабакты жыйынтыктоо:

Элдик тарбиябызга жуурулушкан  улуттук каада-салт, нарктуулугубузду бийик сактап, даңазалап, өнүктүрүүгө салым кошолу. Улууларды урматтайлы, ата-энелерибизди аздектейли, ар дайыма батасын алалы.

Каада салты элимдин,

Кадырлап барктап сактайлы.

Ата-баба белегин,

Аздектейли, барктайлы.

Ак батасын атанын,

Элимди дайым колдосун.

Бакубат болуп жашообуз,

Кайгы-капа болбосун.

Бабалардын батасы,

Төгөрөгүң төп болсун, айткан сөзүң эп болсун.

Өмүрүңөр бек болсун, акылыңар көп болсун.

Маңдайыңар жарык болуп, дөөлөтүңөр кетпесин.

Телегейиңер тегиз болсун өрүшүңөр, ыйманыңар бийик болсун!

 

                                                 Бусара Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясы, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер