Тик бурчтук

  • 07.04.2025
  • 0
Тик бурчтук

Мусабаева  Мира, Турсунаалы  Мырзамамбетов  мектебинин башталгыч класстар мугалими

Математика, 2-класс

Саламатсыздарбы балдар? Биздин, 2-А класстын улан-кыздары, бүгүнкү сабакка күлүктөрү менен келе жатышат. Ушул күлүктүн кайсынысы марага биринчи жетсе, демек, жеңиш ошол тарапта.

Топторго бөлүнүп отурушту, куржундан 1 орундуу жана 2 орундуу сандарды алуу менен бөлүнүштү (эки топко).

Сабагыбызды баштаардан мурда жагымдуу атмосфера түзүп алалы.

Биз жаш балдар жеткинчек,

Гүлдөй жайнап өсөбүз.

Баарын санап эсептеп,

Төрт амал менен чечебиз.

4 амалдын ичинен,

Кошуу менен кемитүү.

Мектепке жаңы барганда.

Биринчи күндөн белгилүү.

Кийинчерээк окуйбуз.

Көбөйтүү менен бөлүүнү.

Мыкты эсепчи  болууга

Көңүлүбүздү  бөлөлү.

Эми  келгилечи, балдар, фигуралар дүйнөсүнө саякат кылып келели. «Портал 360» жаңы  программасы менен окуучулар фигураларды табышат.

Кана эми биз жагымдуу атмосферадан кийин доскадагы сандарды өсүү тартибинде жайгаштырып, катылган сөздү табалы.

Тик бурчтук

Демек, геометрия бул ар кандай фигураларды үйрөтүүчү илим,  ошол көп бурчтуктардын ичинен биз тик бурчтук боюнча маалымат алабыз.

Сабактын максаты:

Окуучулар тик бурчтук боюнча маалымат алышат. Тик бурчтукту чийгенди жана анын периметрин тапканды үйрөнүшөт.

Көндүмдөр: Түшүндүрүү,  изилдөө, кеңейтүү, баалоо.

Ресурстар: Карточкалар, темага карата сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү

Интерактивдүү доска, маркер, түстү кагаздар.

1Е- Кызыктыруу

Көп бурчтуктардын бурчун байка. Ооба, булар төрт бурчтуктар.

3-, 4-, 5-, 9-, 10-фигуралар эмнелери менен окшош?

Көп бурчтуктар экрандан көргөзүлүп, окуучулар жооп беришет.

Окуучу: Төрт бурчу тең бирдей болгон төрт бурчтук тик бурчтук деп аталат.

2 Е-Изилдөө

Айлана-чөйрөдө тик бурчтук формасындагы буюмдар абдан көп кездешет. Эмнелер тик бурчтук формасында?

Окуучулар: китеп, дептер, столдун бети, боз  үй, шырдак …… ж.б.

“Убакыт  айлампасы” менен  окуучулар иштешет.

Тик бурчтук

3 Е – Түшүндүрүү

Эми бул фигураларды кандай топторго бөлсөк болот?

  • Түстөр боюнча 4 топко бөлүндү.
  • Формасы боюнча 4 топко бөлүндү.
  • Көлөмү боюнча 3 топко чоң жана кичине фигура.
  • Бурчтардын саны боюнча.

Окуучулар фигураларды кармап көрүп, бардык тик бурчтуктардын бурчтары бирдей болгон фигураларды тик бурчтук дейбиз. Тик бурчтуктун жактары эки-экиден барабар. Муну башкача айтсак да болот — тик бурчтуктун карама-каршы жактары барабар.

ФИЗИКАЛЫК ТЫНЫГУУ (физминутка). Мугалимдин көргөзгөн фигураларын жест  менен көргөзүү.

4 Е-Кеңейтүү

Мисалы: Тик бурчтуктун жактары 3 см, 4 см, калган жактары кандай?  Мунун периметрин тап.

1-топ. №499.  Р=14 см

2-топ. №500. Р=18 см жактарын тап?

Р=3+6+3+6=18 см

Жактары 3 см болгон тик бурчтуктун периметрин тап.  Бул тик бурчтук эмне деп аталат?

№ 501. Жактары 3 см болгон тик бурчтуктун периметрин тап.  Бул тик бурчтук эмне деп аталат?

Үй тапшырма:

№ 503. Тик бурчтуктун жактары 5 см жана 3 см. Муну дептериңе сызып көр. 2 чакмак 1 см болот. Тик бурчтун калган жактары кандай болот?

Баалоо: Эки топтун күлүктөрүнн ылдамдыктарынан жыйынтык чыгарып, кайсы топтун күлүгү марага жеткендиги  боюнча бааланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер