ТАБИЯТ КУБУЛУШТАРЫ. ЖАРЫК КУБУЛУШТАРЫ

  • 09.03.2021
  • 0
ТАБИЯТ КУБУЛУШТАРЫ. ЖАРЫК КУБУЛУШТАРЫ

    Шакирова Нурия

   Ош облусу, Ноокат району

    «Нойгут» орто мектеби биология мугалими

ТАБИЯТ КУБУЛУШТАРЫ. ЖАРЫК КУБУЛУШТАРЫ

 

    Предмети:     Табият таануу 

    Классы:           5-класс

Сабактын темасы:  Табият кубулуштары. Жарык  кубулуштары.

Сабактын тиби:  Жаңы теманы өздөштүрүү,  билимдерди калыптандыруу.

Колдонулган усул: Суроо-жооп, класстер түзүү, талкуу

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, видео ролик лампочка, күндүн модели, шам, фонарик   ж.б.

Сабактын максаты:

1)Билим берүүчүлүк жагы:  Күн жарыктын  жана  жылуулуктун табигый булагы экенин тирүү  организмдер  үчүн маанисин  окуп  үйрөнүшөт.

2)Өркүндөтүүчүлүк жагы:  жарык кубулушу боюнча алган билимдерин өнүктүрүп бышыкташат

3)Тарбия берүүчүлүк жагы: табият менен таттуу мамиледе болууга жартылыш  байлыктарын  коргоого тарбиялоо.

Сабактын жүрүшү:

1- этап:  Уюштуруу. Мээ чабуулу  (мугалим табият кубулуштарын  айтат, топту ыргытып  – балдар орусчасын, андан кийин англисчесин айтышат)

а)  кыш — зима—winter

б)  жаз—весна—spring

в)  куз—осень—autumn

г)   жай—-лето—-summer

д)   кубулуш—-явление—change

ж)   аба ырайы—-погода—weather

з)   булут—— облако—cloudy

и)  жамгыр—- дождь—rain

к)   чагылган—молния—stormy

л)   Күн—солнце——sunny

м)   өсүмдүктөр—растение—plants

н)  жаныбарлар—-животные—animals         о)   жылуу—тепло—hot

п)  жер—земля—land                                         р)  кар –снег—snow

с)  ай—луна——moon                                          т) шамал—ветер—windy

 

2-этап:    Өтүлгөн теманы жана үй тапшырманы суроо:

Кубулуш деген эмне?  (табияттагы бардык өзгөрүүлөрдү  кубулуш дейбиз)

Табият кубулуштары кайсылар?

Механикалык  кыймыл  деген  эмне?

механикалык  кыймылга  мисал  келтир?

Термелуу  деп  кандай кыймылды айтабыз?

траектория деп эмнени айтабыз?  (нерсе кыймылга келген сызык кыймылдын траекториясы д.а.)

узундукту мүнөздөөчү чоңдук кайсы? (жол)

Жол, аралык кайсы тамга менен белгиленет ?(S)

узундуктун бирдиктери кайсылар? (км.см. метр, мм

узундукту кайсы курал менен өлчөйбүз?  (метр)

Жер күндүн айланасында кандай ылдамдыкта айланат?(30 000м/секунд)

Үлүлдүн ылдамдыгы кандай ? (1.4 мм\с)

Кыймылдын тездигин мүнөздөөчү чоңдук? (ылдамдык  д.а)

Физминутка: « А крокодил кантет ким билет?»

3-Этап:  Жаңы теманы түшүндүрүү.

План: 1  Жарык булактары.

2  Жарыктын  туз сызыктуу таралышы.

3  Жарыктын чагылышы.

4  Жарыктын сынышы.

5  Ак жарык кандай тустордон турат.

6  Жарыктын мааниси.

Жарыктын табигый булагы  —-КУН

 

 

1) Жарык кубулуштары:

Жарыктын жасалма булактары: лампочка, шам,

фонарик.

 

Оттун же шамдын жалынында, же печкадагы көмүр күйгөндө жылуулук жана жарык көмүртектин ысыган катуу бөлүкчөлөрү тарабынан нурданат.

Ал эми электр лампочкасында же плита спиралындагы жылуулук жана жарык ысыган металл зымы аркылуу нурданат.

2) Жарыктын түз сызыктуу таралышы:

Мисалы адамдардын, дарактардын күн тийгенде көлөкөсү — бул бир тектүү чөйрөдө жарыктын түз сызык боюнча таралышы.

Мугалим:  Балдар,  сабак жазганыбызда, китеп окуганыбызда жарык кайсы тараптан түшүш керек?

Окуучулар:  сол тараптан

Мугалим:  Мына  көрдүңөрбү  китеп  окуганда  жазганда  жарыктын түшүшүн  эске  алабыз, себеби сол тараптан түшкөндө,  колдун көлөкөсү тоскоол  болбойт.

3) Жарыктын  чагылышы (отражение )- жарык ар дайым эки чөйрөнү бөлүп турган  чектен  чагылат  жана  ал нерсенин тунуктугуна байланыштуу болот.

Жарыктын  чагылуу  кубулушуна  жазуучу  М.Пришвиндин «Чагылуу» аңгемеси  мисал  болот.

4) Жарыктын  сынышы  (преломление)

Тунук чөйрөдө  жарыктын  сынышы  байкалат  мисалы:

1-тажрыйба: Тунук  суусу  бар  стаканга  ручка  салып койсок ручка же карандаш сынгандай болуп көрүнөт.  (бул жарыктын сынышы).  Жарык тунук бетке келип түшкөндө анын бир бөлүгү чагылып,  экинчи  бөлүгү экинчи чөйрөгө өткөндөй өзгөрөт. Бул жерде  карандаш сынган жок болгону жарыктын багыты гана өзгөрдү .

5) Ак жарык кандай түстөрдөн турат?

Күн нурунун жарыгынын түсүн айта аласыңарбы?———

Ак жарыктын (кун нуру) түрдүү түстөргө ажырашын англиялык окумуштуу  Исаак Ньютон  1666 –жылы аныктаган.

Ак жарыктын  жети түскө ажырашы

Ак жарыктын атайын чөйрөдө сынып жети түскө ажырашын чагылгандуу  жаандан  кийин  асманда пайда болгон кооз күн желесинен  (радуга) байкасак болот.

Нерсенин түсү эмнеге көз каранды?—

а)   Эгер нерсе кызыл түстү чагылдырып,  калганын жутуп алса,  ал нерсе кызыл болуп көрүнөт бизге.

б)   Эгер нерсе бардык түстү чагылтса, ошол нерсе ак болуп көрүнөт. (ошол себептен ак түстөгү кийимдер ысытпайт)

в)  Эгер нерсе бардык түстөрдү жутуп алса, ошол нерсе кара болуп көрүнөт (ошол учун кара кийимдер ысытат)                                                                           4-Этап

Жаңы  теманы бышыктоо:

1-катардагы окуучулар  синквейн түзүшөт:

А)    Зат атооч—    Күн

Б)    Сын атооч—сары ,  ысык

В)   Этиш—- жылытат,  күйдүрөт, нурданат.

Г)    Аргумент:  Тиричилик үчүн эң керектүү

Д)   Синоним— система

2-катардагы окуучулар  төмөнкү сөздөрдү толукташат:

А) Жарыктын табигый булагы  болуп ……. Эсептелинет

Б)  Жарыктын  түз  сызык  боюнча  таралышын……. пайда болушу ачык далилдейт.

В) Ак жарык ……түскө ажырайт.

Жаныбарлардын тиричилиги   учун

3-катардагы окуучулар  класстер түзүшөт:

Адамдардын тиричилиги үчүн
Ак жарыкта жети түс бар
Жарыктын мааниси
Фотосинтез

процесси

Терезе айнеги жарыкты сындырып өткөрөт
Жарык сол тараптан түшүү керек

5-этап   үй тапшырма:

Параграф—19,    65-бетти окуп келүү.

Баалоо:  Окуучуларга  өзүн-өзү  баалоого мүмкүнчүлүк берүү (мугалим комментарий кошумчалап баалаганга жардам берет.

Балдар, демек   жарык кубулушу деген темабызды жыйынтыктап атып акырында кыргыз залкары

Б. Алыкуловдун сөзү  менен  аяктайбыз

«Талаанын  көркү кайда — гүл болбосо,

Гүл ачып кубат албайт — күн болбосо»

Саламатта  калгыла, балдар  !!!

Бөлүшүү

Комментарийлер