СЫН АТООЧ

  • 15.07.2021
  • 0
СЫН  АТООЧ

Исакова    Элизат,

Кожон  Жолдошов атындагы  орто  мектеби,

башталгыч   класс мугалими,

Ош облусу, Ноокат району.

 

Предмети:  КЫРГЫЗ ТИЛИ

Классы:         4-класс

Сабактын  темасы:  СЫН  АТООЧ

Сабактын  максаты:

1) Билим  берүүчүлүк:   Сын   атооч  жөнүндө  маалымат  алышат.  Сын  атоочтон   турган  сөздөрдү  табышат  жана   сүйлөмдөрдү   түзүшөт.

2) Өнүктүрүүчүлүк:   Берилген  суроолорго   ой  жүгүртүп   жооп беришет

3) Бири-бирин  угуп жардам  беришет.

 

Сабактын  тиби:  жаңы материалдарды  тааныштыруу

Сабактын  методу:   топтордо, жупта иштөө

Сабактын жабдылышы:  сүрөттөр, алма, слайддар, Кыргызстандын  картасы.

Сабактар  аралык   байланышы:  окуу, сүрөт, музыка.

Сабактын жүрүшү:

Жол  чырактын  түстөрүн   пайдаланып, окуучуларды   3 топко  бөлүнүшөт.   Кызыл,  сары,  жашыл.

Саламатсыңырбы,  балдар!

Саламатсызбы,  эжеке!   Жагымдуу  маанай  түзүү.

Окуучулар бири-бирин карап  жылмайышат. Андан  кийин  мугалимди  карап  жылмайышат.

Азаматтар!  Эми  балдар,   слайдка карап  сабагыбызга  эреже  түзүп  алалы.

Улактай  секирбейбиз.

Таш бакадай кыбырабайбыз

Балыктай туйлабайбыз.

Коендой элеңдебейбиз.

Аарыдый ызылдабайбыз.

Короздой  кыйкырбайбыз.

Аюудай кол көтөрүп жооп  беребиз!

 

Азаматсыңар,   балдар!  Эми  балдар, биздин  сабагыбыздагы  негизги  максатыбыз эмне?

Оң  колумда  беш  бармак,

Сол  колумда  беш  бармак.

Мыкты  окуп жашымда,

Максатыбыз «5»  алмак.

 

Азаматсыңар  балдар, максатыңарга жеткиле!   Эгерде силер  жакшы  баа  алып, мыкты   окуучу  болгуңар  келсе, сабакка  көңүл  коюп   суроолорго  жооп берип,  тапшырмаларды  аткарсаңар, мен  силерге   чүкөлөрдү берем.  Сабактын  аягында  аларды санап  кайсы топ  көп  чүкө   чогултса, аларга   эң  жакшы  деген  баа коем.

Балдар,  азыр интернеттин заманы, башкача айтканда бардык нерселерди биз интернет желелери аркылуу тапсак болот. Ошго байланыштуу  мен  силерге  Кыргызстандын  картасын  алып  келдим  эле, ага  интернет  желелеринин  эмблемаларын жармаштырабыз. Алардын  артында  атайын  үй тапшырмаларына  карата  суроолор бар.  Суроолорго  жоопторду  алгандан кийин,  интернет   желелеринин   пайдасы  жана зыяндуулугун  окуучулар   айтып   беришет.  Алар  жооп  берген  топтор   чүкөлөрдү алып  турушат.

 

Жаңы тема:  Сын  атооч  

Кана  балдар,   бүгүнкү  сабагыбыздын  темасын   төмөндөгү  суроолорго   жооп берүү  менен таап   алсак.

1-суроо.  Азыр  эмне болуп  жатат?   (сабак)

2-суроо.  Рысбай  эмне  кылат?   (ырдайт)

3-суроо.  Тандырга  эмне   жабылат?  (нан)

4-суроо.  Бизге   ак  сутун  берген ким? (апа)

5-суроо.  Эки  өркөчтүү  жаныбар? (тоо)

6-суроо.   Биздин  облус?  (Ош)

7-суроо.  Сен   кимсин?  (окуучу)

8-суроо.  Киши   карыганда ким  болот?  (чал)

Азаматтар,  демек  биздин  бүгүнкү  сабагыбыздын  темасы   СЫН  АТООЧ  экен.

Алдыбыздагы   табактардагы   алмаларды колубузга  алып  кармап, жеп  көрөлүчү.  Балдар, алма жөнүндө   эмнелерди  айта  аласыңар?  Алма кандай  экен?  Азаматсыңар, балдар!  Демек  алма  зат  анын  даамын, формасын,  көлөмүн, өңү-түсун билип  алдык. Балдар,   заттын  сын-сыпатын, өңү-түсүн,  даамын, формасын, көлөмүн  билдирип КАНДАЙ? КАЙСЫ?   -деген  суроого  жооп   берген   сөздөр   сын атоочтор деп   аталат.   Анда  эмесе балдар, биз  интернет  желеси   аркылуу   ibilim  сайтында эмнелер  бар  экендигин  көрөбүз.  Монитордон эрежесин угуп,  сүрөттөрдү   көрүшөт.

-Балдар,  ушул  сүйлөмдөрдү  түзөбүз.  Дептерлерге   жазабыз.    Чүкөлөр   менен бааланышат.

Китеп  менен   иштөө:

Китепте  берилген   «Балыктар»   текстти  3топ бирден абзацтан   окушат.   Сын  атооч  создорду  таап  доскага   жазышат.  Суроолорду  беришип. эрежени айтышат.

Физминутка:

Ютубдан «РАМ-ЗАМ-ЗАМ» ырын коюп балдар ырдап, бийлешет.

Бышыктоо:

5-көнүгүү

1-Топ:    Балыктын  суротун   тартып,  сын  атооч   катышкан   сөздөрдү   айтып  беришет.

2-Топ:    «БАЛЫК»  деген  сөзгө   кластер  түзүшөт.

3-Топ:  «БАЛЫК»  деген  сөзгө синквейн  түзүшөт.

Жыйынтыктоо:  Балдар жол  чырак  жөнүндө  эмнелерди  билесиңер?  Жол чырак  кандай  болот,  кайсы жерлерге  коюлат?

 Балдар  өз  ойлорун  айтышат.

Азаматсыңар,   балдар!   Ар дайым  жолдо  жүрүүдө  абайлагылы!

Топтордо   упайларды эсептеп  коебуз. Өзгөчө активдуу катышкан  окуучуларга эң жакшы баа коем.

Үйгө тапшырма: 6-көнүгүүнү аткарып келүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер