МЕН СҮЙГӨН МУГАЛИМДИК КЕСИП — БАЛАЛЫКТАГЫ КЫЯЛЫМ
- 22.05.2026
- 0

Ар бир адамдын балалык чагы кыялдар менен коштолот. Бала кезде дүйнө өзгөчө кең, кооз жана мүмкүнчүлүктөргө бай сезилет. Мен да кичинекей кезимден тартып мугалим болууну кыялданчумун. Баланын таза, чынчыл кыялдары анын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, жашоого болгон умтулуусун күчөтөт эмеспи.
Бүгүнкү күндө мен сүйүп, сыймыктанган мугалимдик кесип — дал ошол балалыктагы эң чоң кыялымдын ишке ашкан көрүнүшү. Анткени мугалим болуу — жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчилик жана улуу миссия. Мугалим окуучуга билим гана бербестен, туура жол көрсөтүп, келечекке ишеним тартуулайт. Кээде мугалимдин бир эле жылуу сөзү же акыл-насааты баланын тагдырын өзгөртүп коюшу мүмкүн.
Мектепте окуп жүргөндө математика сабагын абдан жакшы көрчүмүн. Математика мугалимим мени ар дайым шыктандырып, олимпиадаларга даярдап, кошумча тапшырмаларды берип колдоп турчу. Анын эмгегин актадым деп ойлойм. Райондук олимпиадаларда биринчи орунду, облустук олимпиадада үчүнчү орунду ээлеп, бир нече даражадагы дипломдорго ээ болгом. Бул жетишкендиктерим кийин жогорку окуу жайда да жардамын тийгизди.
Бирок турмуш жолум англис тили мугалимдигине алып келди. Ата-энемдин кеңеши менен тил үйрөнүүгө багыт алып, англис тили мугалими болдум. Бүгүн мен бул тандоомо эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, ушул кесип менен сыймыктанам. Анткени мугалим — келечекти тарбиялаган инсан.
Өзүм билим алган мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктап, ЖАМУда окуп, кызыл дипломго ээ болдум. Азыр алган билимимди окуучуларыма берип, алардын ийгиликтерине күбө болуп келем. Окуучуларым райондук, облустук олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып жатышат. Алардын арасында англис тилин тандап, жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрүм да бар.
2026-жылы райондук олимпиадада окуучум Алымбеков Элмырза экинчи орунду ээлеп, облустук этапка катышты. Ал эми “Аннур” академиясы уюштурган олимпиадада Сайдазимов Өмүрбек экинчи орунга татыды. “Билимкана” олимпиадасында Каримова Зухра республикалык этапка чейин жетишти. Мындай жетишкендиктер мугалим үчүн эң чоң сыймык.
Окуучулардын жаркыраган көздөрүн көрүп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун байкаганда өз кесибимдин канчалык маанилүү экенин терең сезем. Анткени ар бир бала — келечектин ээси. Аларга сапаттуу билим берүү — өлкөнүн келечегине салым кошуу деген сөз.
Азыркы заманда англис тили дүйнөлүк тилге айланды. Окуучуларга анын маанисин түшүндүрүп, тил аркылуу дүйнөнү таанытууну өзүмдүн негизги максатым деп эсептейм.
Белгилүү акын Байдылда Сарногоев айткандай:
«Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин…»
Чындыгында, өз тилин мыкты билген окуучу башка тилдерди да жеңил өздөштүрөт. Англис тилин үйрөнүү аркылуу окуучулар дүйнө маданиятын таанып, кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачышат.
Мугалимдик — бардык кесиптердин башаты. Ошондуктан бул кесипти ардактайм жана мугалим болгонума сыймыктанам.
Абдималик кызы Алмаш,
Сузак району №76 А.Матиев атындагы
орто жалпы билим берүү мектебинин
англис тили мугалими
Комментарийлер