Кыз балага кылдат мамиле

  • 18.07.2024
  • 0
Кыз балага кылдат мамиле

 Класстык саат, 5-8-класстар үчүн

Сабактын максаты: 1. Элибиздин кыз балага болгон терең урматтоосун, аялзатында болгон аруулук,  асылзаадалык жөнүндө түшүнүк алышат.
2. Аялзатына арналган аздектүү сөздөрдүн маанисин чечмелей алышат.
3. Элдик тарбиянын үлгүлөрүн баалоого, сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: тематикалык слайд, видеороликтер, сүрөттөр, макалдар жазылган плакаттар ж.б.

Сабактын жүрүшү: кандай кырдаал, кандай учур болбосун кыз бала (аялзаты) биз үчүн ким?

Кыз балага кылдат мамилеКылым карыткан кыргыз тарыхында байыртадан адам баласы үчүн аялзатынын  орду чоң экендиги даңазаланып келет.

Сен жок болсоң кыска менин кулачым,

Аялзаты, сөздүн айтам ырасын.

Бир мээримди күндөн алса адамзат,

Экинчисин өзүң төгүп турасың, — деп Жедигер Саалаев жазгандай, төрт саптын ичинде керемет, жагымдуу ойлор менен аялзатынын ордун жогору көтөргөн.

Кыз — зирек, баамчыл пенде. Кыз бала артыкча боорукердиги менен ата-энеге уул балага караганда жакын болот дешет. Көп мисалдан бир мисал: Илгери кылмышкерди жазалоо үчүн анын колдорун кесип салышчу экен. Ал окуяны бүт эл көрүп турат. Бир күнү шаар акиминин алдына уурулук менен айыпталган бир кишини алып келет. Аким адаттагыдай эле анын колун кесүүгө өкүм чыгарат. Ууру жаза майданына келди. Эл да жыйылды. Желдет даяр болду. Ошол убакта бир кичине кыз шаар акиминин алдына келип, жалбарып сүйлөдү:

— «Улуу аким, туура эмес иш кылганы үчүн атамдын колун кесүүгө буйрудуңуз. Билемин, бул иш үчүн ушундай жаза бересиз. Атамдын менден башка дагы төрт перзенти бар. Энебиз оорукчан, бизди бага албайт. Эгер атамдын колун кестирсеңиз баарыбыз ачтан өлөбүз, биз атабыз бар үчүн гана жашап жатабыз. Бизге ырайым кылыңыз да, атамдын колун кестирбеңиз. Кокус андай кылууга такыр ылаажы жок болсо, анда атамдын ордуна менин колумду кесиңиз!»

— «Мейли, атаңдын колунун ордуна сенин колуңду кестирейин! Бирок эртең! А сен ага чейин кийин өкүнүп калбагыдай болуп жакшылап ойлонуп кел!» Эртеси белгиленген учурда кыздын атасын колу — бутун байлап кесер жерге алып келди. Кыз атасын көрүп сүйүнүп:

— «Коркпо, атаке, мен акимге айттым, сиздин колуңуздун ордуна меникин кесмек болду», — деп айтат. Ошентти да кыз колун баталгага коюп, желдеттин балта көтөрүшүн күтүп калды. Кыздын сөзүнөн кайтпаганын, атага болгон жакшы көрүүсү күчтүүлүгүн сезген аким бул окуядан катуу таасирленди, ойлонду. Жаза майданына келген калк да кыздын баталгада турган мыйтыйган колун көрүп көздөрүнө жаш алды. Аким кызды да, атасын да азат кылды, ал гана эмес экөөнө сыйлык берип жөнөттү да, куду ошол жерге таш бетине эстелик үчүн минтип жаздырды: «Бир кичинекей кыз атасынын колунун ордуна өзүнүн колун кестирүүнү каалады. Ушул кыздай перзентке ээ болгон ата-эне кандай гана бактылуу».

Ошентип кыз атасынын колун сактап калды, демек бир туугандарын да өлүмдөн алып калды, ал гана эмес каардуу акимдин жүрөгүн жибитти, атага болгон кыз баланын сүйүүсү кандай болорлугун кылымдардан кылымдарга өтө бере турган кылып ибараттады.

Кыргыздар кыз баланы урмак турсун, кол тийгизбейт, кыз балага кол тийгизсең колуң «ойноок болуп калат», «сынып калат», «кембагал болуп каласың» дешет. «Көп келтек жеген кыздар бактысыз болот» деген да табырка бар.

Кыз балдарды болбогон нерсе менен ыйлата бериш, сөгүп-сагып, азилдөө, мыскылдоо, буюмдарын зордук менен тартып алуу, бөлмөсүнө уруксатсыз кирүү – эркек балдар үчүн адепсиздик. Кыздын көңүлү гүлдөй назик болот деп айтышат. Ошол гүлдү туура эмес карасаң, соолуп калат, ал эми бир жолу соолуган гүлдү кайра өстүрүш кыйын.

Кыз бир тууганы уул балдардан бир жаш чоң болсо да, аны «сиз» деш керек. Кокус энебиз бу дүйнөдөн кетсе, улуу кыз эжебиз эне ордуна эне болот, куду энелик милдеттерди аткарат жана энени сыйлагандай сыйлоого тийишпиз.

ЖЫЙЫНТЫКТОО

Кыз өссө үйдүн көркү деп кыздарды тазалыктын, сарамжалдуулуктун, сулуулуктун, тыкандыктын сакчысы катары сыпаттап келишет.  Илгертен бабаларыбыз кыздарга өзгөчө маани берип, «Кыргыз кызын сыйлайт», «Жакшы кыз — жакадагы кундуз», «Кыздын кырк чачы улуу», «Кызга кол көтөрбө, томаяк болуп каласың», «Кызды сыйла, ал конок», «Кыз адеби кымбат», «Кызы бардын, назы бар», «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген сыяктуу мааниси зор макалдар менен, нарктуу кептер менен, элдик тарбиянын баа жеткис үлгүлөрү менен эле тарбиялап келишкен.
Бекеринен аялзатын үйдүн куту дебейт да, ошондуктан кыз баладан талап кылынуучу аруулукту, тазалыкты сактап калалы, үйрөтөлү, үйрөнөлү…

Бейшенбаева Бүсара, Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер