«МАНАС ОРДО» ЖАҢЫЛАНУУДАН КИЙИН КАЙРА АЧЫЛДЫ

  • 11.09.2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусундагы иш сапарынын алкагында улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңыланган объектилеринин ачылыш аземине катышты. "МАНАС ОРДО" ЖАҢЫЛАНУУДАН КИЙИН КАЙРА АЧЫЛДЫ

Иш-чара «Манас» эпосунун негизиндеги сахналаштырылган көрүнүш жана төкмө акындардын өнөрү менен коштолду. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул комплексти жаңылоо – кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо, улуттук духту жана муундар байланышын бекемдөөдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи.  «Манас Ордо» жаштарды мекенчилдикке, тарыхты сыйлоого жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаган заманбап руханий-маданий борбор кызматын аткаруусу тийиш». — деди Президент. "МАНАС ОРДО" ЖАҢЫЛАНУУДАН КИЙИН КАЙРА АЧЫЛДЫ

1976-жылы түптөлүп, 2001-жылы «улуттук» макам алган бул тарыхый жайда акыркы мезгилде масштабдуу реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Агартуу жана илим тармагы үчүн өзгөчө маанилүүсү – эл аралык, маданий жана илимий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган 200 орундуу, аянты 2 676 чарчы метрди түзгөн жаңы Конгресс-холлдун курулушу болду. "МАНАС ОРДО" ЖАҢЫЛАНУУДАН КИЙИН КАЙРА АЧЫЛДЫ

Ошондой эле өсүп келе жаткан муундун эпосту терең таанып-билүүсү үчүн “Манас” музейинин аянты 1 090 чарчы метрге чейин кеңейтилип, экспозиция “Семетей” жана “Сейтек” эпостору менен толукталды. Музейге келүүчүлөргө эпикалык мурасты жаңы форматта жеткирүү максатында заманбап санариптик жана голографиялык технологиялар киргизилгени билим берүү процессине кошулган чоң салым болуп саналат. "МАНАС ОРДО" ЖАҢЫЛАНУУДАН КИЙИН КАЙРА АЧЫЛДЫ

Мындан сырткары, комплекстин аймагында мамлекеттик жана чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуучу зыяратчылар үйү, коттедждер, банкеттик зал жана заманбап жабдылган жаңы административдик корпус ишке берилди. "МАНАС ОРДО" ЖАҢЫЛАНУУДАН КИЙИН КАЙРА АЧЫЛДЫ

Ал эми спорттук, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн 3 000 орундуу жабык трибуна реконструкцияланып, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын сатууга арналган сувенир дүкөндөрү курулду. «Манас Ордонун» мындай заманбап шартта жаңылануусу келечек муундун тарыхый мурастарды барктап-баалоосуна жана өлкөбүздүн маданий дараметин эл аралык деңгээлде даңазалоого чоң өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү