Күч объектинин кыймылын кантип өзгөртөт?
- 07.06.2026
- 0

Асанова Нурзат, Аксы районунун Салибай Шатманов атындагы N39 Кызыл-Жар жалпы орто билим берүү мектеби башталгыч класс мугалими
Класс: 2-6 (12 жылдык билим берүү модели)
Сабактын методу: 5Е модели
- Сабактын максаты: Окуучулардын көңүлүн сабактын темасына буруу, күч жана кыймыл жөнүндө баштапкы түшүнүктөрдү ачуу, кызыгууларын ойготуу.
- Өнүктүрүлүүчү көндүмдөр: Күч объекттин кыймылын кантип өзгөртөөрүн билүү көндүмүн өнүктүрүү.
- Сабактын жабдылышы: Окуу куралдары, түстүү сүрөттөр, МКТ (мультимедиалык технологиялар), топ, оюнчуктар, пластиллин ж.б.
САБАКТЫН ПЛАНЫ:
- Саламдашуу
- Жагымдуу маанай тартуулоо
- Топторго бөлүү:
- 1-топ: Тездетүүчүлөр
- 2-топ: Токтотуучулар
- 3-топ: Багыттоочулар
- Үйгө тапшырманы суроо
Үй тапшырмасын текшерүү үчүн суроо: Күч объекттин формасын кантип өзгөртөт? Кичинекей пластиллиндин жардамында көрсөтүп бергиле.
Сабактын жүрүшү
- I. Кызыктыруу (Engage) — 5 мүнөт
- Иш-аракеттер: Мугалим окуучуларга суроо берет: «Эгерде топту ыргытсаңар, ал эмне үчүн кыймылдайт? Топту кантип токтото аласыңар?»
- Демонстрация: Мугалим топту ыргытат, андан кийин колу менен токтотот. Окуучуларга кайрылат: «Байкоо жүргүзүп, эмне көргөнүңөрдү айткыла».
- Окуучулар өз ойлорун айтып, жооп беришет.
- Теманы жарыялоо: Мугалим сабактын темасын доскага жазат: «Бүгүн биз «Күч объекттин кыймылын кантип өзгөртөт?» деген теманы үйрөнөбүз».
- Изилдөө (Explore) — 10 мүнөт
- Максат: Окуучулардын өз алдынча иштеп, күчтүн ар кандай объекттердин кыймылына тийгизген таасирин байкоо жана сыноо мүмкүнчүлүгүн түзүү.
- Топтук иш: Топторго атайын суроолор жана көрсөтмөлөр камтылган тапшырмалар берилет. Сүрөттөр менен иштеп, эмнени байкагандарын ортого салышат.
- Окуучулардын чыгарган жыйынтыктары:
- Топту чапканда (же урганда) ал ылдамыраак кыймылдайт.
- Тормозду басканда велосипед акырындап барып токтойт.
- Топту кармаган учурда ал токтойт (дарбазачынын аракети).
III. Түшүндүрүү (Explain) — 10 мүнөт
- Негизги түшүнүк: Күч объекттин кыймылын өзгөртө алат. Күч стационардык (кыймылсыз) объектти кыймылга келтире алат. Объектке күч таасир эткенде гана ал ылдамыраак кыймылдайт, жайлайт же багытын өзгөртөт.
- Эксперимент (Тажрыйба): Мугалим суроо таштайт: «Эгер кыймылдагы бир топту экинчи топ менен урса эмне болот, божомолдоп көргүлө?» Окуучулар эки окшош топту колдонуп, столдун үстүндө тажрыйба жүргүзүшөт. Бул аракетти бир нече жолу кайталашат.
- Жыйынтыктоо: Окуучулар тажрыйбадан кийин жооп беришет. Кыймылдагы топ экинчи топко тийгенде, ал өзүнүн кыймылын (энергиясын) берки топко өткөрүп берет. Натыйжада, биринчи топ токтойт же жайлайт, ал эми экинчиси кыймылга келет. Бул аракетти бир нече жолу кайталаганда, топтордун тийишүү бурчуна жараша эки негизги көрүнүштү байкоого болот.
- Тереңдетүү (Elaborate) — 15 мүнөт
- Санариптик симуляция менен иш: Интерактивдүү PhET симуляциясы колдонулат: .
- Жумушчу дептер менен иштөө:
- 5-тапшырма: Оюнчук унаа менен практикалык иштерди аткар:
- а) Оюнчук жүк ташуучу унаанын багытын өзгөрт.
- б) Оюнчук унааны ылдамыраак жылдыр.
- в) Оюнчук унааны жайлат.
- г) Оюнчук унааны токтот. (Эскертүү: Ар бир окуучу кезек менен бул тапшырмаларды аткарып көрүшү керек).
- 6-тапшырма: Туура жоопту тегеректеп белгиле.
- а) Эгер сен оюнчук унааны катуураак түртсөң, эмне болот деп божомолдойсуң?
- 5-тапшырма: Оюнчук унаа менен практикалык иштерди аткар:
Ал (ылдамыраак / жайыраак) жылат.
- б) Оюнчук унааны катуураак түрт. Кандай жыйынтык көрүп жатасың?
Мен унааны канчалык катуу түртсөм, ал ошончолук (ылдамыраак / жайыраак) жылат.
Бул (көбөйө турган / азая турган) үлгүнүн мисалы болуп саналат. (Дептерде «ылдамыраак», «ылдамыраак», «көбөйө турган» деген сөздөрдүн асты сызылат).
- Чыгармачылык жумуш: Топторго ватман берилет. Окуучулар сүрөттөрдүн ичинен «кыймылдагы объекттерди» жана «кыймылсыз объекттерди» өз-өзүнчө топтоштуруп, ватманга чапташат.
- Баалоо (Evaluate) — 5 мүнөт
- Санариптик текшерүү: Интерактивдүү оюн аркылуу өтүлгөн теманы бышыктоо: .
- Мугалим окуучуларды сабактагы активдүүлүгүнө жараша калыптандыруучу баалоо критерийлери менен баалайт.
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА:
- Үйдөгү кыймылда болгон объекттерди таап, аларга байкоо жүргүзүү.
- Окуу китебиндеги 100–101-беттерди окуп, түшүнүгүн айтып берүүгө даярдануу.
(Кошумча тиркеме катарында ачык сабактын QR-коду бар презентациясы колдонулат).
Бөлүшүү
Комментарийлер