ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРӨТ

  • 19.03.2024
  • 0
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРӨТ

(Класстан тышкаркы иш, 8-9-10-11-класстар үчүн)

Урматтуу асыл мугалимдер жана таланттуу, билимдүү, креативдүү окуучулар. Мен билимимди окуучуларымдын  жаркын келечеги үчүн окутууга, үйрөтүүгө, жардам берип багыт берүүгө чын дилимден иштеп келатам. Окуучулардын  алып жаткан билимдерин бышыктап, өз ойлорун эркин, ачык, тартынбай айтууга түрткү болуп, предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, дүйнө таанымдарын кеңейтүү, кругозорун кеңейтүү максатында чоң класстар арасында Акыл таймаш Брейн Ринг жана Акыл Ордо өткөрүп келемин.

Билимдүүгө дүйнө жарык, билим — деңиз,  акыл — кайык, билим кымбат, билүү кыйын демекчи, акыл эстин чыныгы гимнастикасы болгон, кызыктуу жана ар тараптуу  суроолор категориясы бүгүнкү брейн рингде, кош келиңиздер!

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРӨТ

Биз мээбиздин иштөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүү үчүн, ар кандай интеллектуалдык, логикалык көнүгүүлөрдү канчалык көп жасасак, жашообуз ошончолук маңыздуу жана жемиштүү болот. Анда эмесе, акыл таймашыбызды улуу жазуучу И.Лафатердин сөзү менен баштамакчымын. Акылдуу болгуң келсе аярлап суроону, алаксыбай угууну, сабырлуу жооп берүүнү жана айтууга эч нерсең болбосо унчукпай калууну үйрөн.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРӨТ

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРӨТ

Урматтуу билермандар, ар дайым силер менен өткөргөн акыл таймашыбыздын шартын  билесинер. Бүгүнкү таймашта 8-9-10-11-класстардан куралган алты окуучудан түзүлгөн тайпалар. Сүрөттө көрсөтүлгөн чоң акыл китебинде 1, 2, 3 сандагы үч таякча сайылган. Ушул сандарга предметтик  алты суроо камтылган. Билермандар суроону тандоо үчүн айлананы сандарга ыргытышат, эгерде аны таякчага түшүрө албаса, татаал суроолорго жооп берүүгө мажбур болушат. Берилген ар бир суроого 20 секунд берилет. 1, 2, 3 сандагы суроолор категориясы төмөнкүдөй: 1 — Макал толуктоо, 2 — Англис тили, 3 -Кыргызчаланган сөздөр, 4 — Кыргыз адабияты, 5 — Эң, эн, эң суроолору, 6 — Тарых татаал суроолор,7 — Медицина, 8 — Ким эмне? 9 — кругозор.

1-2-турда акыл китебинен жооп беришет.

3-тур Блиц тур. Мында ар бир тайпадан бир билерманды калтырышат. Бир минутада окулган суроого бат- баттан жооп бериш керек. 4-тур сахналык көрүнүш. Окуучулар окуп үйрөнгөн орус жана англис тилдерин практика жүзүндө колдоно билүү. Темасы 1-командага «Базарда» деген теманын негизинде аткарып берүү. 2-комнадага «Майрамда» деген тема, үч мүнөттүк көрүнүш даярдоо үчүн 2 мүнөт берилет. Билермандар өз чеберчилиги менен орус тилинде аткарып берүү зарыл. Ошондой эле балдар тил билимин, актёрдук чеберчилигин көрсөтүү менен кошо өркүндөтүп өстүрүүгө шарт түзүлөт. Женген тайпа финалга жолдомо алат. Брейн рингдин келерки чыгарылышында 8-9-10-11- класстардан чыккан команданын билермандары таймашып, жеңүүчүлөр финалдык турда беттешет. Жыйынтыгында акыл таймаштын 1-сезонунун жеңүүчүлөрү аныкталат. Кайрадан жаңы тайпалар менен акыл таймашын улантсак болот. Финалдык турдагы суроолор предметтик эмес, жалпыга тиешелүү суроолорду өзүнө камтыйт. Маданият, менин айылым спорт, манас тануу, жаныбарлар дүйнөсү жана медицина. Ар бир тармакта алтыдан суроо болот,ал эми туура жоопко бирден упай берилип, 4-турда бешке чейинки упайлар берилет. Мындай интеллектуалдык таймашты ар мугалим өзүнүн чеберчилигине жараша уюштуруп өтсө, сөзсүз балдарынын келечегине зор салым кошкон болот деп ойлойм. Мындай оюндун шарапаты менен биз педагогдор келечектеги мыкты инсан, лидер, элита өкүлдөрүн даярдаган болобуз.

Макалды толуктоо: 1) Өрдөк жокто  (чулдук  бий ) 2) Көп пикир баалуу эмес (көсөм пикир баалуу) 3) Ата көргөн ок жөнөт, эне көргөң (тон бычат) 4) Мээнетин (катуу болсо), тапканын таттуу болот 5) Жакшыдан башчы койсон элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң (элди жүдөтөөр) 6) Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун (жок кесет).

Кыргызчаланган сөздөр: 1) Директор (мүдүр) 2) Капуста (түйдөк) 3) Практика (амалият) 4) Билет (чыпта) 5) Боксёр (мушкер) 6)Теплица (күнөскана) Кругозор: 1) Мейманканада ачкычты ким берет? (портье) 2) Гиппократтын антын ким берет? (доктурлар) 3) Ким башын сактап калуу үчүн куйругун курмандыкка чалат? (кескелдирик) 4) Кулала жомогун ким жазган? (Шарль Перро) 5) Кыргыздардын улуттук турак-жайы кандай аталат? (боз үй) 6)Стюардесса каякта эмгектенет? (самолётто)

Ким? Эмне? Суроолору

— Кинодогу жазуу эмне? (титр) 2) Лыжа бут кийими эмне? (пьексы) 3) Мусулмандарда аялдардын бөлмөсү  эмне? (гарем) 4) Регби оюнунда бир командада канча адам болот? (15),5) Айланып туруучу тепкич эмне дейбиз? (экскалатор) 6) Табыптын пири ким? (улукман).

Акыл таймаштын жыйынтыгында 8-класс жеңишке жетип, финалдык турга жолдомо алды. Талыкпаган окуу, тынымсыз изденүү сөзсүз ийгиликке жеткирет. Биздин мектептин сүйүктүү окуучулары,  билимиңер өркүндөп, талантыңар ташкындай берсин. Ошентип, бүгүнкү брейн рингди жеңилдик — акылсыздык, чыдамкайлык — акылга дос деген кыргызымдын накыл сөзү менен аяктамакчымын. Кийинки жума акыл таймашында  кийинки билермандарды күтүп калабыз.

Гүлназ Суюнова, Д.Акматов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими, Баткен району

Бөлүшүү

Комментарийлер