БИЗ ШАЙЫР ЖАНА ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

  • 15.04.2022
  • 0
БИЗ ШАЙЫР ЖАНА ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

Айнура Калысбекова,

Чүй районундагы Прогресс орто мектебинин

Башталгыч класстар мугалими

Прогресс орто мектебинин 3-б классында өтүлгөн

“Биз шайыр жана таланттуу үй-бүлөбүз” сынагын өткөрүүдө

  төмөкүдөй максаттарды койгом:

1.  3-класстын окуучуларында үй-бүлөнүн позитивдүү образын калыптандыруу;

2. үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана каада-салттарды урматтоого багыттоо;

3. чыгармачылыгын өнүктүрүү.

Милдеттери:   балдар менен ата-энелердин чогуу эс алуусун уюштуруу;

мугалимдер менен окуучулардын ата-энелери, ата-эне  менен балага бири-бири менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берүү;

үй-бүлөдөгү мамилелер жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу;

ата-энелер менен балдарды бириктирүүнү чечүүнү көздөгөм.

Иш-чараны өтүүдө төмөнкү ресурстар пайдаланылды: телевизор, ноутбук,фото сүрөттөр музыкалык колонка; тапшырмалар менен конверттер, дубал газета.

Иш-чара сынак формасында өткөрүлгөн.

Маалыматтык-коммуникативдик технологиялар өнүккөн доордо,   адамдардын бала менен ата-эненин ортсундагы баарлашуу, пикир алышуу жок болуп бараткандыктан, алардын ортосундагы байланышты чыңдоо, бала менен эненин биргелишип ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү зарылдыгы  бул иш чараны өтүүгө түрткү болду.

Тапшырмалар 9-10 жаштагы кыздарга ылайыкталып түзүлгөн жана ар бир конкурстук тапшырманын алдында  музыкалык тыныгуулар уюштурулду. (ыр,бий)

Сынакты жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, алдын-ала даярдоо иши жүргүзүлдү. Ыр, бий боюнча репетиция жана дубал газета чыгарылып, кол өнөрчүлүгү боюнча тапшырмаларды дайындашты.

Кыздар сынакта жеңүүгө абдан кызыктар болушту. Ар бир тапшырманы чыгармачылык менен аткарууга аракеттенишсе, энелери дагы алардын утушуна чоң салым кошуп, өздөрүнө берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарышты.

Сынак кызыктуу өттү.  Пландаштырылган нерселердин баары аткарылып , кыздар жана алардын ата-энелери жөнүндө дагы  кошумча маалымат алдым.

Мисалы: Салагарова Алиянын апасы Аделет эже сүрөттү жакшы тартаарын билдим.

Ал эми Курбанова Севара апасы экөө бирдикте кагаздан гүлдү эң мыкты жазашаарын билдим.

Иш-чара дагы башка иштерди пландаштырууга түрткү берди.

БИЗ ШАЙЫР ЖАНА ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

Биз шайыр жана таланттуу үй-бүлөбүз

(конкурстук программа)

Максаты:    3-класстын окуучуларында үй-бүлөнүн позитивдүү образын калыптандыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана каада-салттарды урматтоого багыттоо, чыгармачылыгын өнүктүрүү.

Милдеттери:   балдар менен ата-энелердин чогуу эс алуусун уюштуруу;

мугалимдер менен окуучулардын ата-энелери, ата-энелери жана балдары бири-бири менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берүү;

үй-бүлөдөгү мамилелер жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу,

ата-энелер менен балдарды бириктирүү.

Материалдар жана жабдуулар: телевизор, ноутбук,фото сүрөттөр музыкалык колонка; тапшырмалар менен конверттер; балдардын сүрөттөрү; үй-бүлөлүк сүрөттөр  «Менин үй-бүлөм»

Өткөрүү формасы:  үй-бүлөлүк конкурс 3 -“б” класс.

Алдын-ала даярдоо:

Катышуучулар үчүн үй тапшырмасы: үй-бүлө мүчөлөрүн тааныштырып дубал газета  даярдоо, кол өнөрчүлүк боюнча  даярдоо (каалаганын).

Иш-чаранын планы:

  1. Музыка менен ата-энелерди тосуп алуу. (“Апа-ата” Д.Тилекеева);
  2. Мугалим: Кириш сөз, калыстарды, катышуучуларды тааныштыруу;
  3. Конкурс «Биздин үй-бүлө» дубал газета;
  4. Конкурс “ Макал-лакаптар” кыздар апалары менен (ата-энелер жөнүндө)

«Менин апам»сүрөт кароосу. (кыздар тартат, апалары тарткан сүртүн табат);

  1. Ыр;
  2. Конкурс кол өнөрчүлүгүн жактоо;
  3. Бий.
  4. Үй тапшырмасын жактоо;
  5. Жыйынтыктоо (калыстарга сөз).

Иш-чаранын жүрүшү:

  1. Музыка менен ата-энелерди тосуп алуу. (“Апа-ата” Д.Тилекеева)

Мугалим: Саламатсыздарбы, Урматтуу мугалимдер, балдар жана урматтуу ата-энелер! Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак”дегендей. Бүгүн биз ар бир үй-бүлөнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүнүн сырларын ачуу үчүн чогулуп калдык, анткени ар бир үй-бүлө ар башкача жана таланттуу! Биздин конкурстук программа «Биз шайыр жана таланттуу үй-бүлөбүз”. Анда эмесе, биз баштайбыз!

  1. Тааныштыруу:

3-б кл. окуучулары: 1.Курбанова Севара

2.Салагарова Алия

3.Рысбаева Каныкей

Алардын ата-энелери:

1.Курбанова Минара

2.Шалпыкова Аделет

3.Шатманова Айыке

Биз катышуучуларыбызды тааныштырганыбызга кубанычтабыз.

Анда эмесе калыстар тобун тааныштырууга уруксат бериңиздер:

Прогресс орто мектебинин завучу: Макеева М,организатору Сыдыкова.С.

Орус тили мугалим: Шаабаева А.

 

  1. Сынак «Биздин үй-бүлө» дубал газета, үй-бүлөө мүчөлөрүн тааныштыруу.  Мына биздин үй-бүлөлүк портретибиз,

Бакты алганыбыздын себеби, үй-бүлө чакан мамлекет. Ошондуктан биз үй-бүлөбүзду бакка салыштырдык. 3 команда тең дубал газетага бакты алышкан.

1-команда: Салагарова Алия: Эң улуусу, үй- бүлө башчысы бул бактын тамыры – чоң апам Чечеева Жумакүл.

Ал эми, анын сабагы биздин ата-энебиз. Атам-Салиев Турат, апам-Шалпыкова Аделет.

Бактын бутактары  биздин бир-туугандарыбыз. Байкелерим-Салагаров Тыныстан, Бексултан , Ариет.

Ал эми анын мөмөсү менмин — Салагарова Алия.

 

2-команда: Рысбаева Каныкей:  Эң улуусу, үй- бүлө башчысы бул бактын тамыры – Атам-Шаршенов Медер

Ал эми, анын сабагы биздин энебиз. Апам-Момунова Рахат

Бактын бутактары  биздин бир-туугандарыбыз. Байкелерим-Шаршенов Шаршенов Нурдөөлөт, Нуржигит. Шатманова Айыке.

Ал эми анын мөмөсү менмин — Рысбаева Каныкей.

3-команда: Курбанова Севара: Эң улуусу, үй- бүлө башчысы бул бактын тамыры – атам Курбанов Давлятжан.

Ал эми, анын сабагы биздин энебиз. Апам-Курбанова Севара

Бактын бутактары  биздин бир-туугандарыбыз. Байкелерим-Кубанов Давран, Дильшад.

Ал эми анын мөмөсү менмин — Курбанова Севара.

Мугалим: Рахмат!

БИЗ ШАЙЫР ЖАНА ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

  1. Сынак “ Макал-лакаптар” кыздар апалары менен.

Мугалим: Ал эми азыр болсо, конкурстук тапшырма: биз азыр конверттерге толук эмес макалдарды жазганбыз. А ата-энелер сиздер болсо макалдарды толуктап жазасыздар.

Конверттеги тапшырма:  1-топ

  1. Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.

2.Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.

3.Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.

4.Ат уяты — сатуу, кыз уяты — тартуу.

5.Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.

6.Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.

7.Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.

8.Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.

9.Эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — сиңдиге эм.

10.Атасы көргөндү уулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.

11.Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.

Конверттеги тапшырма:  2-топ

12.Аттын көркү — жалында, кыздын көркү — чачында.

13.Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.

14.Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.

15.Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.

16.Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.

17.Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.

18.Гүл өссө — жердин көркү, кыз өссө — үйдүн көркү.

19.Жалгыз кыз — жалама туз, эки кыз — эрмек кыз, үч кыз ата —энеге күч кыз.

20.Жаман кыз тамак үчүн ыйлайт, жакшы кыз энесин сыйлайт.

21.Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот, уул атадан үлгү албаса коркок болот.

  1. Кыздуу жерде — кыякчы, кымыздуу жерде — аякчы.

23.Кыздуу үйдө – кыңыр сүйлөбө, уулдуу үйдө – узун сүйлөбө.

  1. Кыздын төрүндө болгуча уулдун улагасында бол.

БИЗ ШАЙЫР ЖАНА ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

 5.»Менин апам»сүрөт көргөзмөсү

     —Кыздар апаларынын сүрөттөрүн , апаларына көрсөтпөй тартышат. Апалары алардын тарткан сүрөттөрүн табышат. (кийген кийимин , салынган жолугун, балким чачын окшоштуруп тарткан болот)

Мугалим: Ошентип, ар бир команданын сүрөттөрүн калыстар тобунун мүчөлөрүнө катышуучулардын чыгармачыл талантын баалоону сунуштайбыз.

  1. Ыр. “Апакемдин маанайы” хор ырдашат.
  2. Конкурс кол өнөрчүлүгүн жактоо

-кагаздан жасап алып келишкен гүлдөрүн жактап беришет. Эмнеден, кантип жасаганын жана кимге жасаганын. Алардын бирин апасына бирин жюридеги мугалимдерге тапшырышып, майрамдары менен куттукташат.

  1. Бий “Көчмөндөр бийи”.

Аткаруучу: Рысбаева Каныкей

  1. Үй тапшырмасын жактоо

Үйдөн өз алдынча жасап келишкен таттууларын жактап, (пирог ,печенье, кекс). калыстар тобуна тапшырышат.

10.Жыйынтыктоо (калыстарга сөз)

Мугалим:  Ата даңкы, эне баркы — балага дем. Эмне дейбиз көйгөйлөр келет, кетет, заман өзгөрөт, адамдар өзгөрөт, президенттер, өкмөттөр, жада калса баалар өзгөрөт. Үй-бүлө, өз-ара түшүнүшүү, сезимдер, сүйүү гана өзгөрүлбөйт.

Бүгүн биз ар бир үй-бүлө ар башкача таланттуу экенине ынандык. Биздин конкурсанттар үй тапшырмасын (өз таланттарын көрсөтүү) даярдашты, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү. Баардык аракеттериңиздерге ыраазычылык билдиребиз!

Анда биз конкурстун жыйынтыгын билүү үчүн сөздү калыстар тобуна беребиз. Калыстар тобу  сынактын жыйынтыгын чыгарат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер