БИЗ — КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗ!

  • 26.08.2022
  • 0

(Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1-4-класстары үчүн 2022-2023-окуу жылынын

1-сентябрында өтүлүүчү сабактын болжолдуу үлгүсү)

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Кыргызстандын баалуулуктары тоолору, жаратылышы тууралуу окуучулар маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Алган билимдерин өркүндөтүшөт жана турмушта колдонууга багыт алышат.

Тарбия берүүчүлүк: Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө салым кошуучу жарандык

милдеттерин билүүгө өбөлгө түзүшөт.

 

Сабактын тиби: жаңы малыматтарды менен таанышуу

Методдор/технологиялар: топтук иш, суроо-жооп, аңгемелешүү

Ресурстар: сүрөттөр, карточкалар, техникалык каражаттар

 

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу:

Мугалим окуучулар менен учурашат. Балдардын сабакка даярдыгын текшерет.

Жагымдуу маанай түзүү:

Саламатсыңарбы кымбаттуу окуучулар! Баардыгыңарды Билим күнү майрамы менен куттуктаймын! Быйылкы окуу жылы бардыгыңарга ийгиликтерди алып келсин! Сабагыбызды Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз.

 

(Окуучулар төмөнкү ырды мугалимдин артынан кайталашат)

Салам, алтын күн!

Салам, көк асман!

Салам, жер эне!

Салам, Кыргызстан!

— Биздин бүгүнкү сабагыбыз мекенибиз Кыргызстан жөнүндө болот.

 

Окуучуларды 1, 2, 3 деп санатып топторго бөлүп алуу. Бөлүнгөн топтор берилген ыр саптарынын негизинде топторунун атын аныкташат.

1-топ “Ата-Журт”

Жылуу кийин жолуӊ кыйын үшүүрсүӊ

Кышта катуу бороон улуп, кар уруп,

Суугуӊду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

2-топ “Жер эне”

Жаралгандан жандарга,

Койнун ачкан Жер эне

Адам, айбан дебестен,

Мээрим чачкан Жер эне.

3-топ “Мекен”

Мекеним менин — Кыргызстан
Сыймыктанам, мактанам!
Бийик тоолуу, асыл деп,
Көргөндүн баары суктанган!

— Ошентип биз топтордун атын аныктап алдык, эми сабагыбызды уланталы.

— Келгиле анда төмөнкү видеону чогуу көрүп алалы:

https://ibilim.edu.gov.kg/kyr/nature-study/1/kyrgyzstandyn_oblasttary_zhana_shaarlary/data/video1.mp4

( видеонун ордуна төмөнкү маалымат менен тааныштырса да болот)

Кыргыз Республикасы демократиялык жолдогу эгемендүү мамлекет. Ал борбордук Азияда жайгашкан. Анын символикалык белгилери бар, алар: гимн, желек, герб. Аянты 199000 км2. Өлкөнүн курамында 7 област, 40 район, 31 шаар бар. Борбору – Бишкек шаары.

Кыргызстан абдан кооз өлкө. Асман мелжиген бийик тоолорубуз, тереӊ көлдөрүбүз, таза аба, мөӊгү сууларыбыз көп. Кыргыз эли көп кылымдык тарыхы, кайталангыс маданияты, каада – салты бар, улуттук тилин аздектеген эл. Түндүк аймагында кар кете элек болсо, түштүгүндө – тоо этегинде алма-өрүк гүлдөйт.

Кыргыз бермети Ысык-Көл менен сыймыктанабыз!

Ч.Айтматов, И. Акунбаев, И. Раззаков, Г. Айтиев, А. Малыдбаев, С.Каралаев, И. Арабаев, М. Базаркулов, И. Бекбоев, Л. А. Шейман, П. Шубин, С. А. Чуйков ж.б. сыяктуу гений жана таланттуу инсандар мекенибиздин, элибиздин атагын чыгарган.   Улуу акын жана жазуучулардын, таланттуу сүрөтчүлөрдүн, манасчылардын мекени. Биздин жер алтын, сымап, темир, калай, аш тузу, гранит, көмүр, уран ж. б. пайдалуу кендерге бай.

Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Кыргыз эли – кылымдар бою тарыхы, уникалдуу маданияты, салты жана улуттук тили бар эл. Кыргызстан эли,  өздөрүнүн улуттук майрамдарын бири-бирин колдоо, элдин биримдигин бекемдөө менен майрамдашат.

Учурда биздин өлкөдө  6 500 000 дөн ашуун адам, 120 улуттар жашайт. Кыргызстандын эли – бирдиктүү эл. Ар бир кыргыз жараны үчүн тынчтык жана ынтымак өзгөчө мааниге ээ.

 

Суроолор берилет:

  • Өлкөнүн курамында кайсы областтар бар?
  • Кандай каада-салттарды атай аласыңар?
  • Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан жазуучу ким?
  • Биздин мамлекетте жашаган кайсы улуттарды билесиңер?
  • Кыргыз Республикасынын кандай символикаларын билесиңер?

 

Окуучулардын жооптору (ар бир жооп — бул  окуучунун  маеги. Мугалимдин колунда микрофон болушу жана окуучулар менен маектешүүнү уюштуруусу зарыл).

Мугалим жаңы маалыматты маалыматтык-коммуникативдик технологиялардын жардамы менен берет:

Балдар биздин президентибиз Садыр Жапаров  «2022-жыл – Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыялаган.

Кыргызстанда ажайып кооз корук жайлар, сууларыбыз ден соолугубузду чыңдоого,  эс алууга багытталган.

Адеп-ахлакты жана адеп-ахлактуулукту өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын ар бир этносуна мүнөздүү жүрүм-турум нормалары, каада-салттары жана үрп-адаттары, тил маданияты алардын өз балдарын тарбиялоо үчүн кызмат кылат.

 

  • Балдар, «Кыргыз жараны» деген эмне? Силер муну кандай түшүнөсүз?

Элдердин достугун сактоо үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

«Кыргыз жараны» – бул биздин өлкөбүздө жашаган Кыргызстан эли. Алар ар кайсы улуттагы элдердин биримдигинен, бири-бирин урматтоодон улам Кыргызстандын гүлдөшүн камсыз кылышат. Биз ынтымактуу, достук мамиледе, бири-бирибизди урматтап, сый мамиледе болушубуз керек.

— Балдар, жаратылыш деген эмне?

Жер бетиндеги аба, суу, топурак, ѳсүмдүктѳр, жаныбарлар, канаттуулар, жер алдындагы ар түрдүү кендер ж.б. бизди курчап турган – бул жаратылыш. Жаратылыш ар бир ѳсүмдүктүн, ар бир жаныбардын, ошондой эле жарандын да үйү. Ошондуктан курчап турган дүйнѳнү: абаны, сууну, топуракты булгабай таза сактайлы. Чѳптѳрдү тебелеп, бак-дарактарды сындырбайлы.

 

Практикалык иш:

1-2-класстардын окуучулары  үчүн тапшырма:

1-топ: “Кыргызстандын 7 керемети” деген темада сүрөттөрдөн пайдаланып презентация жасашат.

Окуучуларга Кыргызстандын баалуулуктары жана кереметтеринин сүрөттөрү берилет. Берилген сүрөттөр боюнча окуучулар “Кыргызстандын 7 керемети” боюнча кластер түзүшөт.

2-топ: Жаратылыш жан досум” деген темада презентациялап беришет.

Окуучулар берилген сүрөттөрдүн негизинде  “туура” жана “туура эмес” таблицасын толтурушат.

3-4-класстардын окуучулары  үчүн тапшырма:

1-топ: “Кыргызстандын 7 керемети” деген темада сүрөттөрдү презентациялап беришет.

Окуучулар кластер түзүп, ал кереметтер кайсы областтарда жайгашкандыктары боюнча презентациялап беришет.

2-топ:

Берилген кроссвордду толтурушат.

Тигинен:

  1. Бизди курчап турган чөйрө. (жаратылыш)
  2. Чокусу бийик теректен,

Өспөйт бирок таптакыр. (тоо)

  1. Уруктан эмне өсүп чыгат? (өсүмдүк)
  2. Суунун катуу абалы эмне деп аталат? (муз)

Туурасынан:

  1. Булуттан түшкөн тамчылар эмне деп аталат? (жамгыр)
  2. Коргоого алынган жаратылыш аймагы? (корук)
  3. Куштар менен жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсү? (токой)
  4. Абанын жер бетине жарыш кыймылы эмне деп аталат? (шамал)
  5. Суусу тике ылдый агып түшкөн жер. (шаркыратма)

БИЗ -  КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗ!

Бышыктоо.

  • Бүгүнкү сабакты “Жаратылыштын жаш досторунун эрежелери” менен бышыктагым келип турат.
  • Ар бириңер ушул эрежелерди дайыма так аткараарыңарга ишенем!
  • Абаны таза сактоо;
  • Сууну үнөмдүү пайдалануу;
  • Канаттууларга камкордук кылуу;
  • Өсүмдүктөрдүн гүлдөп, өсүшүнө салым кошуу;
  • Жер-биздин үйүбүз! Ар бирибиз планетабыздагы жаратылышыбызды сактап калууга аракет кылалы.

 

Жыйынтыктоо:

Сабакты жыйынтыктоо максатында “Кыргызстан 10 жылдан кийин ……..” – деп кыскача оюңарды бир сөз менен алдыңардагы стикерлерге жазып, доскада илинген картанын бетине чаптагыла.

 

Баалоо:

Доскага чапталган стикерлер аркылуу окуучулар өзүн-өзү баалашат жана мугалим ар бир топтун иш аракеттерине карата баалоо жүргүзөт.

 

 Үй тапшырма:

“Айлана чөйрө биздин досубуз” темасында эссе жазуу.

 

Иштеп чыккандар:

Аттокурова Ч.А., Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын башчысы,

Султанбаева Н.К., Майрыкеева Г., профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын мугалимдери

 

Бөлүшүү

Комментарийлер