Айлана-чөйрө жана биздин иш-аракеттер
- 18.05.2026
- 0

Мен жана дүйнө сабагы, 2-класс (12 жылдык)
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар адам баласынын жаратылышка тийгизген (оң жана терс) таасирин билишет. Айлана-чөйрөнү жакшы жакка өзгөртүү жана коргоо боюнча негизги эрежелерди өздөштүрүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк: Изилдөө жүргүзүү, байкоо жүргүзүү жана жыйынтык чыгаруу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Топтордо иштөөдө коммуникативдик жөндөмдөрү артат.
Тарбиялык: Жаратылышка аяр мамиле жасоого, экологиялык маданиятка жана жоопкерчиликке тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп үйрөтүү, билим жана билгичтиктерин өркүндөтүү.
Сабактын методу: 5Е модели, салттуу ыкмалар (түшүндүрүү, көрсөтмөлүүлүк методу) интерактивдүү ыкмалар.
Сабактын формасы: Топто, жекече иштөө, практикалык иш, изилдөө, аңгемелешүү.
Сабактын жабдылышы: таштанды челектери, таштандылар, мээлей, мектептин макети, макет жасоо үчүн буюмдар, клей, кайчы, сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу бөлүгү
-Балдар, бүгүнкү күнгө, азыркы сабакка карай маанайыңар кандай?
-Келгиле, сабагыбыз мындан да кызыктуу болсун деп маанайыбызды көтөрүп, ырыбызды айтып коёлу.
Бүгүнкү күн-жаңы нерсе ачкан күн,
Мен дүйнөнү таанып-билип келемин.
Жакшы окуп келечекке умтулсам,
Орундалат менин ой-тилегим. (ыр айтуу менен нейрогимнастканын көнүгүүлөрүн жасоо)
Түстөр боюнча топторго бөлүп отургузуу.
1.Кызыктыруу.(5 мүнөт)
Мугалим окуучуларга эки башка сүрөт көрсөтөт.
а) Гүлдөгөн таза парк. б) Таштандыга толгон парк. Мугалим: Кайсы жерде ойногуңар келет? Эмне үчүн? деген суроолорду берет. Окуучулар сүрөттөрдү салыштырып, ойлорун айтышат. Проблеманы аныкташат.
2.Изилдөө (10 мүнөт). Ар бир топко изилдөө үчүн “Экологиялык баштыкчаларды” берет. (ичинде таштандынын түрлөрү калдыгы бар сүрөттөр) Мында окуучулар топ менен таштандыларды сорттошот жана кайсы таштанды” бат чирийт”, ”кайсынысы зыян?” деп изилдешет.
Тажрыйба: Ар бир топтон бирден окуучу чыгып, таштандыларды сорттоонун мааниси жана алардын зыяндары боюнча маалымат беришип, таштандыларды түрлөрүнө карап таштанды салган челектерге бөлүп салышат. (окуучу үчүн кол каптар, маска, таштандынын түрлөрү)
Хор: ”Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот”
3.Түшүндүрүү (10мүнөт). Окуучуларга айлана-чөйрөнү өзгөртүүдөгү айрым себептер тууралуу жана да айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр адамдарга, өсүмдүктөргө, жаныбарларга кандай таасирин тийгизери, кайсы бир өзгөрүүлөр пайдалуу болушу, башка өзгөрүүлөрдүн зыяндуу кесепеттери болушу жөнүндө түшүндүрүү иштерин атайын даярдалган видео-презентация аркылуу окуучуларга маалымат берилет. Окуучулар: ”Экология”, ”Жоопкерчилик”, ”Кайра иштетүү” деген жаңы терминдер менен таанышышат.
4.Тереңдетүү (10 мүнөт). 1-тапшырма: Долбоорлук иш.
Топторго долбоордук иш берилет: ”Биздин мектептин бакчасын кантип жакшыртабыз?”
Ар бир топ өз алдынча иштешет. Атайын убакыт берилет. Топтон бирден окуучу чыгып, жасалган ишти жактап, айтып беришет. Ар бир топ өзүнүн ”Жашыл эрежелерин“ иштеп чыгышат же макет түзүшөт.
2-тапшырма: Интерактивдүү оюн: ”Жаратылыштын досу же душманы”:
- Сүрөттөр берилет: бак тигүү, куштун уясын бузуу, гүлгө суу куюу, от жагуу, таштанды таштоо ж.б.
- Максаты: Окуучулар ”дос” аракеттерди жашыл тегерекке, ”душман” аракеттерди кызыл тегерекке чапташы керек
3-тапшырма: “Экологиялык убада” (досканын четинде чоң дарактын сүрөтү тагылып турат)
Ар бир окуучу өзүнүн кичинекей “жалбырагына” бүгүндөн баштап жаратылыш үчүн эмне кыларын, жаратылышты коргоо үчүн кандай кадамдарды таштарын жазат (мисалы:”Мен тишимди жууганда сууну үнөмдөйм”, ”Таштандыларды сорттоп салам”, ”Таштандыларды ыргытпайм” ж.б.). Бардык жалбырактар доскадагы “Убадалар дарагына” чапталат.
5.Баалоо (5 мүнөт). Мугалим окуучулардын өзүн-өзү баалоосун уюштурат.
“Светафор” ыкмасы (Өзүн-өзү баалоо). Окуучулар сабактын аягында өздөрүнүн түшүнүү деңгээлин карточкалар менен белгилешет:
Жашыл: Баарын түшүндүм, сабак абдан кызыктуу болду.
Сары: Түшүндүм, бирок дагы суроолорум бар.
Кызыл: Мага кыйын болду, жардам керек.
Жыйынтык: Хор ”Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот”
Үйгө тапшырма: Өзү жашаган короонун сүрөтүн тартып, аны кантип жакшыртса болору жөнүндө 3 сунуш жазып келүү.

Кыдыкова Кенжегүл, Ж.Каниметов атындагы №11 жалпы билим берүү мектебинин
башталгыч классынын мугалими, Каракол шаары.
Комментарийлер