Ала кийиз жасоо – улуттук кол өнөрчүлүктүн асыл мурасы
- 11.07.2026
- 0

Ийрим сабагы
6–9-класстар
Окутуу технологиясы: 5Е модели + STEAM + долбоордук окутуу
Сабактын максаты
Билим берүүчүлүк. Окуучулар ала кийиз жасоонун этаптарын, жүндү иштетүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана анын улуттук маанисин үйрөнүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулар оймо-чиймелерди түзүүдө чыгармачылык менен иштеп, көйгөйдү чечүү, кызматташуу жана долбоор түзүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Тарбиялык. Улуттук кол өнөрчүлүктү урматтоого, эмгекчилдикке, сабырдуулукка, бири-бирине жардам берүүгө тарбияланышат.
Күтүлгөн натыйжа. Сабактын аягында окуучулар:
- жүндү иштетүүнүн этаптарын айтып бере алышат;
- ала кийиз жасоо технологиясын көрсөтө алышат;
- оймо-чиймелердин маанисин түшүндүрүшөт;
- өздөрүнүн чакан ала кийиз долбоорун даярдашат.
Сабактын ресурстары. Жүн, самын, ысык суу, сокмо чий, кездеме, даяр ала кийиздер, кыргыз оймолорунун сүрөттөрү, проектор, QR-код аркылуу кыска видео, ватман, маркерлер.
Сабактын жүрүшү (5Е модели)
- Engage (Кызыктыруу) – 5 мүнөт
Мугалим окуучуларга даяр ала кийизди көрсөтөт. Андан кийин суроо берет.Проблемалык суроо:
- Бир эле жүндөн жасалган буюм эмне үчүн жүз жылдан ашык сакталат? Же
- Эмне үчүн кыргыздардын боз үйүндө сөзсүз кийиз болгон?
Андан кийин 1 мүнөттүк видео көрсөтүлөт.
- Explore (Изилдөө) – 10 мүнөт
Окуучулар 3 топко бөлүнөт.
1-топ. Жүндү изилдөөчүлөр. Ар кандай жүндү кармап көрүп айырмачылыктарын аныкташат.
2-топ. Оймо-чийме изилдөөчүлөрү. Кыргыз оймолорунун маанисин аныкташат.
3-топ. Технологдор. Ала кийиз жасоо этаптарын туура иретке келтиришет.
- Explain (Түшүндүрүү) – 10 мүнөт
Ар бир топ өзүнүн жыйынтыгын түшүндүрөт. Андан кийин мугалим ала кийиз жасоонун этаптарын көрсөтүп берет.
- жүндү тандоо;
- тазалоо;
- тытуу;
- оймо түшүрүү;
- суу себүү;
- ороп тартуу;
- узундоо;
- чайкоо;
- кургатуу;
- бышыруу.
- Elaborate (Колдонуу) – 15 мүнөт
STEAM тапшырмасы. Ар бир топко төмөнкү тапшырмалар берилет.
1-топ. «Ала кийиздин жаңы дизайнын» ойлоп табат.
2-топ. Симметрия мыйзамын колдонуп жаңы оймо түзөт.
3-топ. Экологиялык жактан таза сувенир катары ала кийизден кандай буюм жасаса болорун сунуштайт.
Окуучулар ватманга эскиз даярдашат.
- Evaluate (Баалоо) – 5 мүнөт
«Галерея». Ар бир топ өз долбоорун тааныштырат. Башка топтор стикерлер аркылуу баалашат.
Баалоо критерийлери
✅ Жүндү иштетүүнүн этаптарын билет.
✅ Оймонун маанисин түшүндүрөт.
✅ Топто кызматташат.
✅ Өз оюн эркин билдирет.
✅ Чыгармачылык менен иштейт.
Рефлексия. «Чемодан – Жүрөк – Кол»
🧳 Чемодан. Бүгүн кандай жаңы билим алдым?
❤️ Жүрөк. Мага эмне көбүрөөк жакты?
✋ Кол. Үйдө эмнени жасап көрөм?
Үй тапшырмасы. Тандоо боюнча:
- Ала кийиздин эскизин тартуу;
- Үйдөн чоңдордон ала кийиз тууралуу маалымат алып келүү;
- «Менин оймомдун мааниси» деген чакан презентация даярдоо.
Төрөканова Калипа, Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Уздар» ийриминин мугалими
Комментарийлер