АДАМ жана КООМ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн
- 15.08.2023
- 0
Заманбап коомдун талаптарына ылайык жалпы билим берүүчү уюмдарга улуттук баалуулуктарды сактаган жана өнүктүргөн, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин билген, жоопкерчиликтүү, активдүү, коомдун ар кыл чөйрөлөрүндө өз алдынча ишмердүүлүккө даяр болгон Кыргыз жаранын калыптандыруу милдети коюлган. Бул милдет айрыкча мамлекеттин негизин түзүүчү «Адам жана коом» предметинде ишке ашат. «Адам жана коом» предметин окуткан мугалимдер күнүмдүк окутуу процессинде окуучуларга улуттук нарк, адеп-ахлак, руханий баалуулуктар, жарандын укуктары жана милдеттери тууралуу билим берет. Предмет окуучуларга коомдун бардык чөйрөлөрү тууралуу билим гана бербестен, ошол билимдерин практикалык ишмердүүлүк аркылуу турмушта колдоно алуу, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырат.
Жетекчиликке алынуучу нормативдик документтер:
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгы (2022) https://www.president.kg/
2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы (2020) https://www.president.kg/
«Адам жана коом» предмети боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн предметтик стандарт (2015, 2022) https://edu.gov.kg http://
kao.kg/
«Адам жана коом» предмети боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн программа. 5-6-кл. (2018) жана 7-8-9-10-11-кл. (2023) https://edu.gov.kg http://kao.kg/
Нормативдик документтердеги тарбиялык багыттарды ишке ашыруу.
2021–2026-жылдары
Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы
Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу концепциясы мамлекеттин төмөнкү стратегиялык багыттарынын уландысы болуп саналат:
— 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концеп-
циясы;
— 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы.
Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу концепциясы элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, жарандык бирдейликти жана туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүү максатын көздөйт. Концепциянын максаты: Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү.
“Кыргыз жараны” – “Кыргыз Республикасы” деген аталыштан келип чыгып, өзүнүн этномаданий таандыктыгын сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейлик түшүнүгү.
Ар бир Кыргыз жаранынын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушуна катышуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана коомдо көп түрдүүлүктү сактоо жана толеранттуулукту жогорулатуу жолу менен
жетишилет.
Кыргыз жараны – бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүк аркылуу калыптанат.
Иденттүүлүк – адамдын ар кандай чөйрөдө жана ар кандай өңүттөн өзүн-өзү таануусу, анык бир топко, урууга, улутка окшоштугу, өзүн инсандык позициядан ишке ашыруусу. Иденттүүлүктүн түрлөрү абдан көп. Адам өзүнүн социалдык иденттүүлүгүн, диний иденттүүлүгүн, кесиптик иденттүүлүгүн таанып-билип кабыл алат. Бирок, эң негизгиси жарандык иденттүүлүк болуп саналат. Анткени, адам өзү жашаган мамлекеттин аймагында инсан катары калыптанып, бир топ укуктарга ээ болот, өз милдеттерин аткаруу аркылуу адамдык, кесиптик ийгиликтерге жетишет. Жарандык иденттүүлүк – бул адамдын этносуна, тилине, динине карабастан өзүн улуттук мамлекетке жарандык таандыгын сезип-билүүсү.
Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүк «Адам жана коом» предметин окутуу процессинде калыптанат.
2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу Жарлыгында: “Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы” деп жазылат.
Улуттук нарк үй-бүлөдөн баштап топтор, жамааттар, коомчулук аркылуу сакталып, корголуп, муундан-муунга өтүп келет. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган элдин улуттук наркы, маданияты, каада-салты, үрп-адаты окшош жана бири-бирин толуктап турат. Ар бир элдин улуттук наркы: ата-энени сыйлоо, уул-кызга камкордук көрүү жана тарбиялоо, үй-бүлөнү аздектөө, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү, ж.б. баалуулуктар менен толукталып турат. Жарлыктын негизинде түзүлгөн Улуттук программа Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган элдин улуттук наркын изилдеп-үйрөнүү, бирдейлештирүү боюнча 10 багытта иш алып барат.
«Адам жана коом» предметине тиешелүү багыттары:
— үй-бүлөлүк улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү;
— билим берүү чөйрөсүндө улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү;
— дин, миграция жана маалымат чөйрөсүндөгү иш-чараларды ишке ашыруу.
Бул иштерге катышууда «Адам жана коом» предмети төмөнкү милдеттерди ишке ашырууну колдойт:
— үй-бүлөдө өсүп келе жаткан муун үчүн жүрүм-турум моделин калыптандыруу;
— кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын чагылдырган көргөзмөлөргө, жарменкелерди уюштурууга жана конкурстарга катышуу;
— баарлашуу аянтчасында улуттук нарк боюнча актуалдуу темалардын үстүнөн талкууларды, иш-чараларды өткөрүү ж.б.
Предметтеги өзгөрүүлөр
2023-2024-окуу жылы үчүн Базистик окуу план боюнча кыргыз, орус, өзбек, тажик жана дунган тилдүү жалпы билим берүүчү уюмдарда «Адам жана коом» предмети 5-класстан баштап 11-класска чейин жумасына 1 саат, жылына 34 саат окутулат. Ушул окуу жылынан баштап 7-8-класстардагы «Адам жана коом» предметине 2 саат (7-класс: 1 саат, 8-класс: 1 саат) берилди.
5-6-класстар 2018-жылы КББАда бекитилген «Адам жана коом» предмети боюнча окуу программанын негизинде; 7-8-9-10-11-класстар 2023-жылы КББАда бекитилген «Адам жана коом» предмети боюнча окуу программанын негизинде окутулат.
Методикалык сунуштар
Окутуу процессинде сабактын максатына жана милдеттерине ылайык интерактивдүү, активдүү жана салттуу методдорду колдонуу зарыл. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр интерактивдүү методдун ыкмаларын колдонгондо калыптанат. Алсак, окутуу процессинде жеке, жуптарда жана топтордо иштөөгө багытталган өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү өнүктүрүү, укуктук талаа, менин милдеттерим, жашыл керектөө, финансылык сабаттуулук, таяныч схема, интеллектуалдык карта, ж.б. методдорду жана ыкмаларды колдонуу сунушталат. Бул үчүн Кыргыз Республикасындагы жалпы билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөн билимди өздөштүрүүнүн деңгээлдерин колдонуу керек. Бул окутуунун сапатын көтөрүп, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун ойготот.
Сунушталуучу кошумча окуу-методикалык материалдар жана баалоо критерийлери тууралуу маалыматтар https://kao.kg/ сайтындагы «Адам жана коом» предмети боюнча программада берилген.
Талкуулоого сунушталган маселелер:
- Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу концепциясын ишке ашыруунун маселелери.
- Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашырууга катышуу маселелери.
- 7-8-кл. жаңы программа менен иштөөну уюштуруу.
- Жарандык иденттүүлүктү калыптандыруунун методдору.
- Кыргыз жаранын калыптандыруу боюнча сунушталган методикалык колдонмолор менен иштөө.
- Окутуу процессинде санариптик технологияларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү.
- Ар түрдүү: иш-чараларды, конференцияларды, класстык сааттардын жана тегерек столдордун темаларын тактоо.
Комментарийлер