1-СЕНТЯРДАГЫ БИРИНЧИ САБАК: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ

  • 26.08.2022
  • 0

7-9-класстары үчүн класстык саат

Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү.

Сабакта колдонулган методдор: интерактивдүү окутуунун методдору, ыкмалары.

Сабактын жабдылышы: КРнын Мамлекеттик Гимни, таркатма материалдар (текст №1 тиркеме), флипчарт-ватман, маркер,   слайддар ж.б. 

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу/ Мотивация (5 мүнөт)

Саламатсыңарбы, балдар! 2022-2023-жаңы окуу жылыңардын башталышы менен куттуктайм! Сабагыбызды биз үчүн ыйык болгон Кыргыз Республикасынын Гимни менен баштайлы!   (Гимн ырдалат).

Балдар, келгиле, биз, «Мен сыймыктанам…» деген теманын алкагында баарлашып көрөлү.  Ар бирибиз «Мен сыймыктанам…» деп бирден сүйлөм айталы.

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (5 мүнөт)

Анда эмесе, ырга көңүл бургула.

Мен сыймыктанам

Атабыз Манас эр менен,

Ак калпактуу тоо менен.

Ажайып кооз  жер менен,

Суйкайган сулуу көл менен,

Баа жеткис каада-салт менен.

Сыймыктанып келебиз,

Көп улуттуу эл менен.

Бул ырдан эмнени байкадыңар? Бүгүнкү сабагыбыз эмне жөнүндө болот деп ойлойсуңар? Өзүңөр байкагандай, биздин бүгүнкү өтө турган сабагыбыз Эл биримдиги көп түрдүүлүктө деп аталат.  Эл биримдиги, көп түрдүүлүк деген сөздөрдүн маанисин кандай түшүнөсүңөр?  (Балдардын ойлорун угат). Биз бүгүн сабагыбызда Мекенибиздеги көп түрдүүлүктү сактоо, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатуу, жарандык биримдикти күчөтүү жана улуттук баалуулуктарды билебиз.  Башкача айтканда, Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет экендигин, улуттардын ынтымагынын, биримдигинин, толеранттуулугунун маанилүү экендиги жөнүндө сөз кылабыз.

Жаӊы теманы түшүндүрүү  (10 мүнөт) Анда эмесе, көп түрдүүлүктүн аныктамасын карап көрөлү.

  1. Көп түрдүүлүк – бул бизди окшош да, айырмалуу кыла турган белгилер. (окшоштук жана айырмачылык биздин жекечелигибиздин бир бөлүгү).
  2. Адам катары биздин айырмачылыгыбызга караганда, окшоштуктарыбыз көп (окшош адамдардын ортосунда да айырмачылыктар бар).
  3. Айырмачылыктар мааниге ээ.

Эми бул аныктаманы чечмелөө үчүн 1, 2, 3 деп санап 3 топко бөлүнөбүз. Доскага көңүл буралы. Доскада улуттар жана сапаттар  жазылып коюлган, кайсы улутка кандай сапат  тиешелүү экендигин талкуулап, жазып, топтон бирөө айтып берет.

 

Улуттар                                                       

  1. Кыргыздар
  2. Орустар
  3. Немистер
  4. Италиялыктар
  5. Француздар
  6. Япондор
  7. Испандыктар
  8. Казактар
  9. Дуңгандар

Сапаттар: так, пунктуалдуу, берешен, сулуу, тыкан, достукка бекем, ач көз, акылдуу, түнт, жагымдуу. 3 топ тапшырма боюнча ойлорун билдирет, мисалы, кыргыздар – берешен, немистер – так, пунктуалдуу, француздар – сулуу ж.б.

Балдар, ар бир улутка тиешелүү сапаттарды аныктап алдык.  Эмне үчүн ар бир улутка ушул сапаттар гана тиешелүү деп ойлойсуңар? Ар бир улутта ушул сапаттардын бардыгы болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн. Ар бир улутта так, пунктуалдуу, берешен, сулуу, тыкан, достукка бекем, ач көз, акылдуу, түнт, жагымдуу ж.б. сапаттагы   адамдар бар.  Демек, Кыргызстанда жашаган улуттар ар түрдүү, бирок адам катары окшоштугубуз көп, жалпылыгыбыз бар. Бул жерден көп түрдүүлүк жана иденттүүлүк келип чыгат.

Мекенибиз – бүткүл кооздуктун, сулуулуктун жана көп улуттардын  өлкөсү – Кыргызстан. Кыргыздардан башка орустар, өзбектер, тажиктер, дунгандар, украиндер, уйгурлар, немистер, корейлер, казактар, чечендер ж.б. улуттар жашашат. Биздин өлкө Кыргызстан элдеринин улуттарынын тең укуктуулугун, толеранттуулугун, маданиятын жогору коет. Кыргызстанда жашаган  ар улуттун өкүлдөрүн улуттар арасындагы ынтымак бириктирет. Биз, кыргызстандыктар, ар түрдүү  маданияттын, каада-салттардын  жана көп тилдүүлүктүн көп түрдүүлүгү менен уникалдуу мамлекетпиз!

Келгиле, анда,  текст менен таанышып, тема коюп, негизги ойду аныктап  көрөлү (топторго текст таратылып берилет, 15 мүнөт)

Биздин ата-бабаларыбыздын жери – Ала-Тоо, кыргыз элинин бешиги. Кайда барбагын, ак мөнгүлүү Ала-Тоолорду көрөсүӊ. Шаркырап аккан көк кашка сууларга, карагайлуу токойлорго бай. Гүлгө оронгон жайлоолору сансыз малга толуп, жашыл өрөөнүндө түнкүсүн жылдыздан көп оттор жанган кыштак, шаарлар. Бул биздин Мекенибиз, бул биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз. Мамлекет үй-бүлөдөн куралган сымал, Ата Журт да ар бир адамдын туулуп-өскөн жеринен, башкача айтканда, кичи ата мекенинен түзүлөт. Кичи мекен – бул биз төрөлгөн, биздин ата-энелерибиз жашаган жана ата-бабаларыбыз жашап өткөн жер.

Биздин өлкө – уникалдуу. Буга анын географиялык жайгашуусу өбөлгө болуп турат: бул жерде коңшулаш жашаган көптөгөн улуттар менен элдердин маданияттары, үрп-адаттары жана салт-санаалары жөн эле туш келбестен, бири-бирине жуурулушуп, кошулуп турат. Азыр Кыргызстанда улуттук бөтөнчөлүктү, улуттук аң-сезимди, Кыргызстанда жашаган бардык этникалык топтордун татыктуу жашоосу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Атап айтсак, Кыргыз-Америка, Кыргыз-Орус, Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Казак университтери, театрлары бар. Бул башка улуттарга болгон улуттардын өз тили, маданиятынын өнүгүсүүнө  болгон камкордук.

Кыргызстанды 120 жакын ар улуттун өкүлдөрү мекендейт. Ар бир элдин тили, үрп-адаттары жана каада-салттары бар. Каада-салттар – бул коомдогу адамдардын жүрүм-турум эрежелери, алар кылымдар бою түптөлүп, муундан муунга өткөрүлүп келе жатат. Кыргызстанда жашаган бардык элдер үчүн эң негизги каада-салт – бул улууну урматтоо. Азыркы мезгилде меймандостук, улууну урматтоо, өз ара жардамдашуу Кыргызстанда жашаган бардык элдердин жагымдуу  салтына айланган.  Кыргызстандын баа жеткис байлыгын ажайып табиятынын кооздугу жана ынтымактуу, биримдиктүү, толеранттуу көп улуттуу эли түзөт.

Ар бир топ текстке ат коюп, эмне үчүн андай ат койгондугун далилдеп беришет.

Бышыктоо. Азаматсыңар, балдар! Тексттин темасын  «Кыргызстандын баа жеткис байлыгы- ажайып табияты жана көп улуттуу эли» деп атайлы. Айтылган негизги ойлорду жыйынтыктай келсек, бүгүнкү күндө табиятыбызды, өзгөчө тоолорубузду, Кыргыз жараны катары жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү, коомдо көп түрдүүлүктү сактоо жана толеранттуулукту жогорулатууга, улуттук нарктуулукту сактоого, өнүктүрүүгө президентибиз да өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын төмөнкү жарлыктардан жана иш-аракеттерден көрсөк болот:

  1. «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы» (2020-ж. 13-ноябрь).
  2. «2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы».   (Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы 76-сессиясынын резолюциясы).
  3. «2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» (2022-ж. 20-май).

Аталган жарлыктарга кол коюлуп, аны ишке ашыруу максатында программалар иштелип чыгып, иш алып барылууда.

Демек,  балдар,  Кыргызстаныбыздын өнүгүшү үчүн ынтымак, биримдик, толеранттуулук, билимдүүлүк да чоң мааниге ээ.

Балдар, «Сабырдын түбү – сары алтын”, “Таш менен урганды аш менен ур”, ”Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас” (кыргыз макалдары), “Токтоо болуп, орой сөздү оозго алба, Оройлуктан көңүлдөр муздайт кайра” (Жусуп Баласагын) деп айтылган улуу накыл сөздөр кластердеги кайсы сөздү чечмелеп турат.  (окуучулардын ойлорун угат).  “Толеранттуулук “ деген сөздү мурда уктунар беле? Бул сөз эмнени түшүндүрөрүн билесиңерби? Эгерде бардык адамдар бири бирине окшош болсо жана эч бир айырмаланбаса, анда эмне болмок? Биздин түрдүү болгонубуз жакшыбы же жаманбы? (окуучулардын жо­опторун угуу керек).1-СЕНТЯРДАГЫ БИРИНЧИ САБАК: ЭЛ БИРИМДИГИ   КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ

Адамдар өздөрүнүн айырмалануучу белгилери менен бири-бирин толуктап турат. “… Толеранттуулук биздин дүйнөнүн маданиятынын бай көп түрдүүлүгүн сыйлоону, кабыл алууну жана туура түшүнүүнү билдирет. Толеранттуулук – бул адам укугун, … демократияны жана укук тартибин … бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү милдет” (Толеранттулук принциптеринин декларациясы. ЮНЕСКО. 1995-ж. 16-ноябрь 5.61. резолюциясы). Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн тургундары Толеранттуулуктун эл аралык күнүн же Чыдамдуулук күнүн белгилешет.

Толеранттуулук: билимге, ачыктыкка, баарлашууга жана ойлордун эркиндигине, адамгерчиликке, ишенимдерге,  тынчтыкка жана ынтымакка өбөлгө түзөт. Толеранттуулуктун негизги максаты – башкалардын пикирине, ишенимине, жүрүм-турумуна, маданиятына, саясий коз карашына, улутуна түшүнүү менен мамиле жасоо, чыдамдуулук көрсөтүү, башка адамдарды сыйлоо жана түшүнүү.

Мугалим: Кымбаттуу балдар! Толеранттуу инсан, толеранттуу үй-бүлө кандай  сапаттарга ээ болуш керек? Окуучулар менен бирдикте:

— чыдамкай жана сабырдуу;

— башкалардын пикирлери жана кызыкчылыктары менен эсептеше билген;

— чыр-чатакты ишендирүү жана өз ара түшүнүү жолу менен чече билген;

— камкор, сылык жана сыпаа;

— айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү сыйлаган жана алар аны сыйлаган адам;

— өзүнүн жана башкалардын укуктарын сыйлаган, башкалар­ды уга билген;

— камкор, башкалардын кубаныч-кайгысына ортоктош, колдоочу;

— өз мектебинин, шаарынын, Кыргызстандын патриоту, анын гүлдөп-өсүшүнө камкордук көргөн;

— жаратылышты жана маданиятты сактаган;

— эмгекчил, көз карандысыз, бактылуу, өз алдынча адам.

1-СЕНТЯРДАГЫ БИРИНЧИ САБАК: ЭЛ БИРИМДИГИ   КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ Кайтарым байланыш (3 мүнөт)

— Бул сабактан кандай жаңы маалымат алдыңар?

— Кайсы маалымат силер үчүн өтө маанилүү болду?

— Көп улуттуу өлкөдө кандай сапаттарга ээ болушубуз керек?

— Кыргыз жараны кандай болуш керек?

Жыйынтыктоо (3 мүнөт)

Демек, толеранттуу инсан, толеранттуу үй-бүлө Толеранттуу өлкөнү түзөт. Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, байлыктарын, кайталангыс өзгөчөлүктөрүн, мамлекетибиздин улуулугун даңктайлы, изилдейли, муунга берели, унутпайлы! Ар бир Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элибиз, мекендештерибиз журтубуздун алдында кызмат өтөйлү!

Үйгө тапшырма:

Биз элбиз! — Эң байыркы кыргыз деген,

Бийик тоо! — Асман астын мекендеген.

Бир жашап, мейкин талаа, жер-суу менен,

Биримдик, ынтымагын бекемдеген!

Бараткан! Күн жолунун жарыгында,

Баатырдык – барактар бар тарыхында.

Кыргызстан көп улуттуу кең өлкөм,

Бирок менин өз журтумдун сүрү бар.

Көп улутту батыралган тең өлкөм,

Орусу бар, уйгуру бар, түркү бар.

Ушул ырга карата өз оюңарды жазып келгиле, же “Мен өлкөмдү өнүктүрүүгө кандай салымымды кошо алам?”  деген темада эссе жазып келгиле.

Эскертүү: Жогорудагы сабактын болжолдуу сценарийин мугалимдер өз чыгармачылыктары жана материалдарына ылайык байытып өтө беришет.

 Сабакты даярдагандар:

Батыркулова А.Б., КББАнын филологиялык

билим берүү лабораториясынын башчысы,

Шабданова М.А., профессор А. Молдокулов атындагы

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер