ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

  • 26.12.2024
  • 0

2024-жылдын 25-декабрында Ж. Баласагын атындагы КУУнун чоң азем залында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, Билим берүү системасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыктарына жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата жыл жыйынтыгын аныктоочу «Устатка таазим»  жана республикалык “Билим лидери — 2024” сынагынын сыйлык тапшыруу аземине  Кыргызстандын белгилүү педагог-окумуштуулары, жылдын эң мыкты жыйынтыгын көрсөткөн билим берүү кайраткерлери жана “Билим лидери — 2024” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү, финалисттери катышып, сыйланышты.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Журналдын алгачкы саны нетбукта чыккан

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналы Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда 2014-жылдын 27-мартынан тарта чыга баштаган. Ал эми 2015-жылы институт педагогикалык факультетке айлангандыгына байланыштуу өз алдынча жарык көрүп келатат. Журналдын чыкканына быйыл туура он жыл толот.

Журналдын биринчи санын дизайнер Арсен Абдыкадыров экөөбүз шыкаалап отуруп (!) нетбукта жасап, чыгарган элек. Ириде түстүү журнал 45 бет менен эки айда бир жолу 1000 нуска менен чыгып турду. Кийин 2000 нускага чейин жеткен учур болду. Жылдан жылга Кыргызстандагы мугалимдердин биринчи түстүү журналы өз ордун таап, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланды. Ошол чыккан күндөн тартып ушул күнгө чейин 60000 нуска чыгыптыр. Журналдын эң башкы бетине эл мугалимдери, “КР эмгек сиңирген мугалимдери”, белгилүү окумуштуулар чыкса, акыркы мукаба бетине жаш педагогдор  “Мен мугалим болом!” деген чакырык менен чыгып турушат. Жаштар алдыңкы мукабадагы белгилүү билим берүү тармагынын корифейлериндей болоюн деп шыктанышат деген изги максатты койдук эле. Журналдын орто жеринде жайгашкан постерге дагы белгилүү инсандар чыгат. Мугалимдердин дидактикалык көрсөтмөлүү папкаларын, портфолиосун журналда чыккан кызыктуу материалдар толуктап турат деп ишенебиз.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Ушул күнгө чейин “Мугалим” журналынын өз ордун таап, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө арзуу үчүн күн-түн иштедик. Таң эрте офистен чыкканда “Тазалыктын” кызматкерлери гана айлана-чөйрөнү тазалап жүргөнүн көрөр элек. Журналдын ушул күнгө чейин жашап келатканына, албетте, башкы редактор Рахат Сулайманова менен шеф-редактор Гүлнара Алыбаеванын эмгектери опол тоодой. Алар  башында турган креативдүү команда коомдук башталышта гана энтузиазм менен иштеп келишти жана айрымдар иштеп жатат. Алар: Айзада Салиева, Арсен Абдыкадыров, Сапаргүл Добутова, Мирлан Токтобеков, Асел Жумакунова, Гуляра Осмонкулова, Жеңишбек Абдиназаров, Улан Турдалиев, Улан Жанболот уулу, Кипариса Кулболдиевалар. Учурда журналыбыз 1000 нуска менен квартал сайын чыгат. Албетте, чыккандан кийин аны таратуу керек. Андыктан биринчи күндөн тартып эле ар бир аймакка координатор-мугалимдерди дайындап, алар дагы  өз ыктыяры менен эле таратып, журналга актуалдуулугун жоготпогон материалдарды камсыз кылып турат. Координаторлорубузду атап кетпесек болбостур.  Алардын да эмгеги чоң. Талас облусунун  координатору — Байгараева Элзат, Ош облусунун координатору — Шамырзаев Илгиз, Ноокат районунан — Тургунбай Жунусов, Нарын облусунан — Ибраева Назгул, Сокулук районунан — Ишеналиева Чолпон, Баткен облусунан — Осмонова Райхан, Сүлүктү шаарынын координатору — Шерова Назгүл, Ысык-Көл облусунун координатору — Шарапова Нургүл, Каракол шаарынан – Айпери, Жумгал  районунун координатору — Ишеналиева Айзада, Кочкор районунан — Асанова Жанара, Кара-Көл  шаарынан — Туратбек к. Чолпон, Лейлек районун координатору -Төрөева Динара, Балыкчы шаарынын координатору — Алиева Нургул, Тогуз-Торо районан — Айнагул Кожомамбетова, Бишкек шаарынан — Съездбек Таштекеев жана Улукман Атабеков.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Сынак, фестиваль, жайкы мектеп…

Иш-чарада Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, г.и.д., профессор Д.Т. Чонтоев ириде жеңүүчүлөр менен жолугуп, жылуу ойлорун айтты. Андан соң салтанаттуу аземде  ал үстүбүздөгү жыл өлкөбүздүн маданий-агартуу өсүп-өнүгүшүндөгү тарыхый учур Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Билим берүү системасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына туура келгенине токтолду.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

— Ал эми 2025-жылы Улуттук университетибиздин да кылымдык тарыхын майрамдаганы турабыз. Ошондой эле быйылкы жыл университетибиздин курамындагы Искендер Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтуна 15 жана алгач анын базасында чыга баштаган “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгы менен байланыштуу.           «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын биринчи саны 2014-жылдын 27-мартында жарык көргөн. Чыккан күндөн тарта “Кыргыз почтасынын” каталогуна киргизилген. Журнал үзгүлтүккө учурабастан, байма-бай жарык көрүп келүүдө. Пандемия шартында да педагог кесиптештерибизди күттүрбөстөн чыгып жатты. Анын ачылышынын негизги максаты – жер-жерлердеги мугалимдерге методикалык жактан көмөк көрсөтүү, ошондой эле мектептерге алдыңкы иш тажрыйбаларды, билим берүүдөгү жаңычыл идеяларды жайылтуу,  жалпы агартуу журтун педагогикалык, илимий жана практикалык жаңылыктар менен тааныштырып туруу.   Журналдын потенциалдуу авторлору катары белгилүү окумуштуу-педагог, дасыккан насаатчы-методисттерден тарта, ар бир карапайым айылдык педагог, тарбиячы, болочок мугалим да өз макалалары, чыгармачыл изденүүлөрү, методикалык иштелмелери менен чыгып, жеке тажрыйбалары менен бөлүшө алат. Мына ушунусу менен журнал мугалимдердин трибунасынын милдетин аткарып келет, — деди ректор.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Бул ишти институттун директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова өз командасы менен татыктуу алып баратканын ректор баса белгиледи.

— Жергиликтүү ММКлардан айырмаланып, “Мугалим” журналы негизги иштеринен сырткары, мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатында №1 санында эле республикалык «Жылдын мыкты мугалими» сынагын жарыялап, Жобосун басып чыгарган. Ал сынактын максаты — педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишмердигин өнүктүрүү, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоо, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын арттыруу, ошондой эле чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу болчу. Аталган сынактын жыйынтыгын чыгарууда жеңүүчү мугалимдерди лимузин менен алып келип, кызыл килемден бастырып, алдыга суурулуп чыккан мугалим күмүштөн жасалган медаль менен сыйланган болчу.  Кийин “Мугалим – коомдун күзгүсү”, “Устатка таазим”, “Мыкты тарбиячы”, “Мыкты класс жетекчи”, “Мен мугалим болом”  ж.б. республикалык масштабдагы кароо-сынак, фестиваль, коомдук акцияларды жана көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде “Окуучу күткөн мугалим” аталышындагы жайкы эс алуу мектебин уюштуруп, жогорку деңгээлде  өткөрүлүп келатат, — деди оз сөзүндө башкы редактор Р.Сулайманова.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Үстүбүздөгү жылдын октябрь-декабрь  айларында республиканын мектептик жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  жетекчилери арасында  “Билим лидери – 2024” сынагы онлайн форматта өткөрүлүп, ал 11-декабрда жыйынтыкталды.  Сынакты тандоо туруна 100дөн ашык жетекчи катышып, алардын 29у финалда күч сынашты. Сынакка  республиканын бардык аймактары камтылды. Жыл жыйынтыгын аныктоочу “Устатка таазим” иш-чарасы менен катар сынактын жеңүүчүлөрү дагы салтанаттуу сыйланды.

Жылдын мыктылары – 2024. Алар кимдер?

«Мыкты мугалими” — Ош мамлекеттик университетинин “Билим” мектеп-лицейинин англис тили мугалими, Билим берүү жана илими министрлиги уюштурган “Жылдын мыкты мугалими — 2024” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү, өздүк тажрыйбасы менен алдыңкы мугалимдердин катарын толуктаган мыкты мугалим Каныбековна Назгүл Каныбековна;  “Мыкты улуттук мектеп” — Бишкек шаарындагы «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин  башкы директору Дайырбекова Гулнара Мелисовна;  “Мыкты адис” Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Майтикова Чынара Намарбековна;  “Мыкты бала бакча” – Бишкек шаарынын Свердлов районундагы  №162 мектепке чейинки  билим берүү уюму, жетекчиси Тельтаева Кызылгуль Барыктабасовна;  “Мыкты  жаш директор” – Талас районундагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин директору Асыранов Эржан Эсенбекович;  “Гумандуу педагогика ордосу” – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы “Мээрим булагы” жеке балдар үйүнүн жетекчиси Дегенбаева Гулнара Орозбаевна; “Жылдын мыкты билим ордосу” — “Ноокат Билимканасы” жатак-лицейи,  жетекчиси Абдисалам кызы Минажат; “Мыкты жетекчи” – Ж.Баласагын атындагы КУУнун ПКМДИнин Педагогикалык колледжинин башчысы Шарабидинов Мирбек Төлөбекович;  “Мыкты усулчу” — Нарын облусунун Нарын шаардык билим  берүү бөлүмүнө караштуу №1 “Ататүрк” балдар бакчасынын усулчусу Бегалиева Үмүткүл Ыбыраевна;  “Мыкты ырчы мугалим” – М Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын ага окутуучусу, КР эл артисти Осмонкулов Ырыскелди Каниметович; Мыкты хореограф мугалим – “УСТА” жана “ДЭЯ” элдик бий ансамблинин жетекчиси Хажиева Наргиза Абдурашидовна.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

«Билим лидери-2024» кароо-сынагынын максаты

«Билим лидери-2024» кароо-сынагы директорлор (жетекчилер) арасында республикалык деңгээлде өттү. Сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан директорлор (жетекчилер) катышты.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

— Сынактын максаты — чыгармачыл, демилгелүү жетекчилерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен мыкты үлгү катары көрсөтүү; республикадагы жетекчилерди топтоо, аларды “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу; жетекчиликтин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Сынакка эмгек стажы 7 жылдан кем эмес 100дөн ашык жетекчилер катышып, 29у финалга суурулуп чыкты. “Билим лидери – 2024”  кароо-сынагы октябрь, ноябрь, декабрь айларында онлайн түрүндө эки этап, беш багыт менен өткөрүлдү. Сынак жана сынактын тапшырмалары кыргыз тилинде (мамлекеттик тилде) жүргүзүлдү, — дейт башкы редактор.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу, редакциялык кеңеш тарабынан бааланып турду. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден түзүлгөн.

Сыйлык —  сыймык

Кароо-сынактын Баш байгеси — “Билим лидери — 2024” наамы жана баш байгени жеӊип алгандыгын тастыктаган диплом, “Билим лидери” төш белги, статуэтка жана китеп менен сыйланды. Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына  чагылдырылат. Ошентип, Баш байгени – 188 упай менен Лейлек районундагы №1 жатак-интернатынын директору Тагаева Айнура Иманалиевна багындырды. 1-орунга  170 упай топтогон Кочкор районундагы “Баластан-Нуру”  мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысы Багышова Перизат Токтосуновна чыкса,  2-орунга  165 упай менен Лейлек районундагы  “Курулуш” орто мектебинин директору Нийматилла кызы Саткынай жана 163 упай топтогон Тогуз-Торо районундагы  №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин  директору Жээналиева Гүлүм Шайлообековна суурулуп чыкты. 3-орунду 162 упай менен Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Ишенбекова Айзада Мухтарбековна жана Бишкек шаарындагы №55 жалпы орто билим берүү мектебинин директору Садырова Асел Казбековна багындырышты.  Ал эми 4-5-орунга чыккандар  158 упай менен Бишкек шаарындагы №25  жалпы билим берүү орто мектебинин директору Каниметова Гулайым Кылычевна жана 155 упай менен Лейлек районундагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин директору Кундузова Гульмира Абдиманнановна камсыз кылышты.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Мындан сырткары “Билимдүү жетекчи” номинациясын:  Ак-Суу районундагы “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Асангазиева Тунук Белековна;  Баткен облусунун Лейлек району Кереге-Таш жалпы билим берүү  мектебинин директору Абдуллаева Максатай Абдуллаевна жана   Бишкек шаарындагы Ленин районунун Ишеналы Арабаев атындагы №102 жалпы билим берүү  орто мектебинин директору Дуйшеналиева Рахат Асековна жеңип алышты.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Ал эми “Мыкты мотивациялык кат” номинациясына: Кемин районундагы Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Масылова Айнура Садыковна жана Нарын районундагы  Маамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Мамбетова Мирзат Асанкуловна татыктуу болушту.

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТКА ТААЗИМ

Бул кароо-сынактын багыттарынын жалпы жыйынтыгы жетекчинин билим сапаты катары эсептелбейт.  Жөн гана чыгармачылык, педагогикалык жааттагы өзүн-өзү сыноо болуп саналат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер