ЖАТТАМА ОКУУЧУЛАР
- 25.05.2026
- 0
11 жыл жалаң «5» деген баага окуп келип, кызыл аттестатка тест тапшырганда өтпөй калган, ЖРТ сынагынан көңүл жылытаарлык балл албай калган көптөгөн окуучу кездешет.
Мисалы, 2017-жылы 1012 окуучу кызыл аттестатка талапкерлигин көрсөтүп тест тапшырышып, алардын ичинен 171и гана өтө алган экен. Мектептер деле жалаң бешке окуган окуучуларын жарышка чыгарат.
Анда алар эмне себептен өтө албай калышат? Маселе эмнеде? Анда эмесе окуяны башынан баяндайлы…
2000-жылы 1-класска 24-25 бала кирдик. Идиректүүлөрү 1-класстан тартып эле жакшы окуй башташса айрымдарынын зээни кийинчерээк ачылды. Мугалим эжебиз менен урушуп-талашып отуруп, 4-классты бүтүрүп жатканда баары тегиз шар окуп, класстын 80%ы жакшы окусам деп умтулуп турушчу. Жаман окуган балдарга карата мугалим тараптан да, класстагылар тараптан да бир аз башкача мамиле кылынып (негизи мындай мамиле туура эмес), ал байкуштар да «жакшы окуп кетсем экен» деп көзүн жалдыратып отурушчу. Жакшы окугандар баркталчу, макталчу.
Ошентип, 5-класс болуп, башка класс жетекчинин колуна түшүп, жаңы мугалимдин шарданы менен кээ окуучулар ачылып, суралып, кол көтөрүп, жакшы окуй башташты. Жаңы сабактардан география, байыркы дүйнө тарыхы сыяктуу гуманитардык сабактар жеңил болгондуктан, окуучуларга оорчулук жаралбайт, тескерисинче, түшүнгөнүн айтып берип, баа алууга, жакшы окууга шыктанып турушчу. Биология өсүмдүктү тамыры менен кошо тартып, жалбырагын жашылга, гүлүн кызылга, тамырын күрөңгө боёп коюп «5» алчу сабак эле ал кезде.
7-8-класстардан химия, физика сабактары кошулуп, англис тили, алгебра сабактары тереңдеп, 8-класстын аягында жакшы окуганга умтулган эркек бала деле калбай калат. Эркек балдар көбүнчө спортко кызыгып, айылдагылар улакка, футбол, волейболго басым жасай башташат. Жетилүү курагындагы кыздар жасанып, кооз кийимге маани беришет.
Ал 10% баланын 8%ы кыздар болот. Себеби кыздар сабак окуй албай жаман сөз угуудан намыстанышат. Андыктан эч нерсе түшүнбөсө дагы, жаттап барууга кайыл. Ошентип отуруп жаттама окуучулар пайда болот. Жаттама окуучулар кыздардын балдардын дагы арасында кездешет. Чындап окугусу келет, бирок айрым тоскоолдуктардан улам сабакты жеткиликтүү түшүнө албай, аргасыз жаттай башташат. Жаттап келип айтып берип «5» деген баа алып отуруп, кызыл аттестатка мектептин атынан көрсөтүлүп калган окуучуларды да өз көзүбүз менен көргөн элек. Алардын акыры жогоруда айткандай жакшы көрсөткүч менен бутпөйт. Ал эми «3», «4» деген баага окуп жүрүп эле ЖРТден сонун балл алган окуучуларыбыз бар эле.
Ошентип 9-класста билим алууга умтулган баягы 80 пайыз баланын 10 пайызынын гана үмүтү тирүү калат.
Демек, эмне кылуу керек?
Адегенде окуучу өзүнө-өзү суроо бериши абзел:
— «Мен жаттама окуучулардын катарына киремби же ой жүгүртүүсү кенен окуучумунбу?
— Эгер жаттоо менен гана чектелип атсам, анда кайсы жерге чейин бара алам?
— Канчанчы класстан баштап жаттама болуп баштадым?
— Кайсы сабактардан жаттамамын, кайсы сабактарды түшүнүп атам?
— Кайсы сабактарды такыр эле түшүнбөй жатам?»
— деп бир сыйра көз жүгүрткөн соң, аларды тизмелеп алып, ар бир сабактан берген мугалимге жолугуп, сүйлөшүп чыгуу зарыл.
Мисалы, Баяс англис тилинен «нөл»
Азыр ал 9-класста окуйт. Англис тилин башынан баштап эле түшүнгөн эмес. «Ай эм дути тудей» менен «зевейзерис колд» дегенден башканы билбейт. Ии, баса, онго чейин санаганды билет экен.
Баяс эмне кылыш керек?
Англис тил мугалими Нинакан эженин кабинетине барып, такылдатып, бош болсо маңдайына келип отуруп:
— Эжей, мына быйыл 9-классмын. 3 жылдан соң 11-классты бүтүргөнү турам. 8 жылдан бери англис тил сабагын окуп, бирок эч нерсе үйрөнө алган жокмун. Албетте, буга өзүм күнөөлүмүн, колдо бар алтындын баркы жок дейт, сиздин билимиңизден пайдалана албай жатабыз. Азыр дагы кеч эмес, бугунтөн баштап сиздин сабакты жакшылап окуюн деп чечтим. Эмнеден башташым керек?- деп суроо узатса, кубанган Нинакан эже көзүнө жаш албай койбойт.
Анткени ар бир мугалим бардык окуучусунун, алардын ата-энесинин эмгегин, ишеничин актагысы келет. 9-класстагы бала эгер англис тилинен эч нерсе билбесе, анда 5-класстын англис тил китебин китепканадан алып, же сатып алып, ошол китепти үйдөн кошумча окуп башташы керек. Анын эч кандай айыбы жок. 4-5-6-класстагы өтүлгөн темаларды кайрадан окуп, сөздөрдү жаттап, түшүнбөгөнүн улам мугалимге келип сурап, өздөштүрүп алса болот.
Кайсы класстан баштап түшүнбөй калган болсоң, кайсы темада калган болсоң, дал ошол жерден окуп башта.
Ансыз билимди аттап өтө албайсың.
10-класстын балдар-кыздары менен чогуу бир класста отуруп койсоң эле билим жугуп калбайт, ал үчүн 7-8-класстагы темаларды окуп, кууп жетип келишиң керек.
Кыргызда «Атка кулаган жерден мин» деген сөз бар.
Тойчубек Сагындыков
“Акыркы коңгуроо” китебинен
Комментарийлер