ЖАСАЛМА ДИПЛОМДУУЛАР КЫЗМАТТАН КЕТЕТ

  • 28.01.2022
  • 0

“Жасалма документтер менен кызматтарда иштеп жүргөнү аныкталса, кызматынан алабыз”, — деп билдирди мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн жумадагы кеңешмеде. Президенттин тапшырмасынын негизинде атайын кеңешмеде айыл өкмөтүнөн баштап министрликтерде жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген жетекчилердин дипломдорун жана жарандыгын текшерүү керектиги айтылды.

– Эгерде жасалма документтер менен жогорку кызматтарда иштеп жүргөнү аныкталса, кызматынан алабыз да, ошол жылдардан бери мамлекетке келтирген зыянын сот аркылуу төлөтөбүз. Жасалма диплом, паспорт берүү 1995-жылдары аябай күч алган. Андан бери 25 жыл өттү, ошондой дипломго ээ болгондор азыр жогорку кызматтарды ээлеп отурушу мүмкүн. Мындай текшерүүдөн Жогорку Кеңештин депутаттары да четте калбайт, — деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.

ЖАСАЛМА ДИПЛОМДУУЛАР КЫЗМАТТАН КЕТЕТ

Мунун зарылдыгы КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышында депутаттын мандатын алган Орозайым Нарматованын ЖАМУдан алган жалган диплому себепкер болгон. Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган ал айымдын жасалма диплому кыйладан бери ашкереленбей жаткан көп кыңыр иштердин учугун тартты көрүнөт.

Арабөк «Адистердин» кесепети оор

Биз соцтармактарда өзүнүн көз караштарын активдүү билдиришкен айрым замандаштарыбыздын пикирлерин кепке тарткан элек. Алардын бири белгилүү педагог Дүйшөн Шаматов жасалма диплом боюнча өз оюн төмөндөгүдөй билдирди.

– Жасалма диплом алуу – бул алдамчылык. Адамга болгон коомдогу ишеним жоголот. Бул адам өзү жөнүндө туура эмес маалымат берип, өзүнүн ким экенин жана кандай адис экенин туура айтпастан, элди алдаган менен барабар. Жасалма дипломду пайдаланганда, биз акча менен бардык нерсени сатып алса болот дегенди тастыктаган болобуз.

Бул алдамчылыкка эки тарап тең күнөөлүү. Эмне үчүн ошондой жасалма диплом бербей эле баарын мыйзамдуу түрдө жасоого болбосун?! Ач көздүк менен сараңдыктын да чеги болушу керек.

Тилекке каршы, бул көрүнүш көптөн бери жоюлбай, терең тамырлап кеткендиктен, аны менен күрөшүү абдан кыйын. Эгер менин эрким болсо, ошол жасалма диплом берген мекемени дароо эле жаап салмакмын. Ушул маселени көтөрүп чыккандары абдан туура болду деп эсептейм. Катуу чара колдонуш керек. Албетте, көбүнчө эптеп студенттер келсин, окумуш болуп, контрагын төлөсүн, анткени мугалимдердин маянасы ошого байланыштуу дегендер бар. А бирок алар кандай адистерди даярдап жатышканын ойлонушпайт, кедергиси ошол келечектеги жаш муундарга тийип жатпайбы. Мисалы, жасалма диплом алып иштеп жаткан догдур болсо, анын колуна ооруп барган адамдын шору эмеспи? Андай адамдарды жоопко тартуучу укук коргоо органдары бар, бирок арабөк адистердин адамдын акыл-сезимине калтырган тагы үчүн ким жооп берет?

Билими жок жетекчинин деңгээли сүйлөгөндө эле билинет

Журналист, жазуучу Зинакан Пасанованын уулу орто мектепти аяктаганда университетте билим берүүнүн деңгээлине канааттанбагандыктан, диплом алуу үчүн беш жыл окуп убакытты кетирбей, дипломсуз эле ийгиликке жетүүгө болот деген пикирде окуусун таштагысы келгенин айтат.

– Менин уулум университеттеги билимге ыраазы болбой, окуусун таштап, өз алдынча билим алууну көздөгөнүн билдиргенде, мен ага караманча каршы турдум. Анткени беш жылдык студенттик жыл – бул жалаң гана окуу эмес, өзүн ар тараптан өстүрүүгө, өзүнүн шыгын жана дараметин ачууга, инсандык жетилүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эч болбосо билимдүү жаштардын чөйрөсүндө жүрүп, максаттары бийиктейт, өзүнө ишенимдүүлүк артат, жок дегенде адамдык жана жарандык укуктарын билүүгө үйрөнөт.

Кыргызстанда кийинки учурда жасалма дипломдун көйгөйү бышып-жетилип калган эле, акыры парламенттик деңгээлде жарылды окшойт. Ушул ырас болду. Бул көрүнүшкө жогорку бийликтегилер кайдигер болбой, текшерүүлөрдү уюштурабыз дегени да туура деп ойлойм.

Албетте, жогорку билим алууга умтулуу жакшы нерсе. Бирок окубаса, билимди кайдан алмак?! Азыркы учурда заманбап адам өзүнүн жашоосун жана келечегин билими жок элестете албайт. Жогорку акы төлөнүүчү кесипте эмгектенүү үчүн жогорку квалификациялуу адис болушуң керек. Жакшы адис же кадр болуу үчүн теориялык терең билим, өзүн ар тараптан (кругозорду) өстүрүү жана инсандык жана руханий өнүгүү керек. Анткени эмгек базарында атаандаштык күчөгөн шартта билимсиз алыска бара албайсың. Башкасын айтпаганда, жок дегенде эле үч тил билишиң абзел.

Билим алууга талаптын күч экендигин кичинекей өлкөбүздөгү университеттердин, институт, академиялык билим берүү жайларынын кескин көбөйүшүнөн көрүүгө болот. Алардын дээрлик көпчүлүгү контракттык негизде билим беришет. Ушул контракттык окуулар жасалма дипломдорду жаратып жатышат деп ойлойм. Анткени, жогорку окуу жайлары, колледждер, лицейлер студенттердин санын кармоо үчүн окуу үчүн акысын төлөшсө эле болду, ал студент окууга катышып жатабы, сапаттуу билим алуудабы – кызыкдар эмес. Мына ушундай мамиле билимдүүлөрдүн эмес, билими тайкы кадрлардын армиясын жаратып жатат.

Азыркы учурда дипломдуулар кадыр-барктуу деп ойлогондор көп. Ошондуктан ЖОЖдордо окууга шарты жоктор, эмгек миграциясында жүргөндөр деле акчанын күчү менен университеттерди “бүтүрүп” жатат. Бирок алардын билим дарамети начардыгынан өз адистиги боюнча иштей алышпай, кайрадан эле жумушсуздардын катарын толукташат. Кээ бири жакшы ишке, депутаттыкка, жетекчилик кызматтарга ар кандай жолдор менен эптеп илээшип алышса, иштеринен майнап чыкпай, коррупцияны гүлдөтүшөт.

Азыркы учурда көпчүлүк жаштар 4-5 жыл окууга убактысын коротпой эле ар кандай кыска окутуу курстарынан үйрөнүп алууга болот деп эсептешет. Бул курстарда билимин толуктоого, жаңылоого болот, бирок жогорку окуу жайларындагыдай толук кандуу билим ала алышпайт. Мен өзүм да журналистика бөлүмүндө сабак берип жүрдүм. Студенттердин көпчүлүгү 2-3-курстардан кийин эле иштеп кетишчү. Алардын билими чала бойдон калганын байкап жүрөм. Мүмкүн, журналисттер үчүн өткөрүлгөн сансыз тренингдерде маалымат берүү стандартына үйрөнүшөр. Бирок баары бир алардын интеллектуалдык көрөңгөсү анчейин өнүкпөгөн бойдон кала берет экен.

Жасалма диплому айгинеленип жаткан кээ бир депутаттардын, жетекчи кызматында иштегендердин алган билими жетишсиз экендиги алардын сүйлөө маданиятынан, саясий жана жарандык жетиктигинен, ишмердүүлүгүнөн көрүнүп эле турат.

Жасалма диплом бергендер сөзсүз жоопко тартылышы керек. Анткени алар жеке кызыкчылыктары менен коомго зыян келтирип жатат. Окубай туруп жасалма диплом алгандардын коомго пайдасынан зыяны көп. Башкаруу тармагында иштегендер билиминин жетишсиздигинен туура чечимдерди кабыл ала албай, алдыга өнүктүрмөк турсун, артка кетиришет же коррупцияны гүлдөтөт.

Окубаган “адис” онтобос ооруга жолугат

Көз карандысыз журналист Сүйүн Курманова диплом сатып алуу же окубай туруп эле дипломго ээ болуу – кадимки эле шылуундук, көз боемочулук, алдамчылык деп эсептейт.

– Кайсы бир кесипке же кызмат даражасына эгедер болуу үчүн атайын даярдыктан өтпөй, билим, жөндөмгө ээ болбой туруп диплом сатып алуунун кесепети өтө опурталдуу. Мындай “чала сабат” адис ээлеген кызматында бүткүл системанын ырааттуу иштешине тескери таасирин тийгизет. Коллективдин ыркы кетет, ишти терең билбеген адистин көрсөтмөсү жалпы процессти ойрондотуп, теңирден тескери натыйжага алып келет. Окубай туруп “адис” болуп алган адам кудум Чеховдун аңгемесиндеги сабатсыз догдурдан бетер өзгөчө опурталдуу кырдаалдарды жаратышы ыктымал.

Айрыкча азыркы татаал техникалык шартта билимсиз иштөө дээрлик мүмкүн эмес.

Тилекке каршы, Кыргызстанда дипломду виртуалдык жол менен “окуп” алгандар, экинчи кесипке ээ болуш үчүн “корочканы” сатып алгандар өтө көп. Анын натыйжасын турмуш көрсөтүп жатат. Сабатсыз кадрлар сабатсыз продукцияларды өндүрүп жатышат.

Бул кылмыштуу ишке окуу жайлардын түздөн-түз катыштыгы бар. Дээрлик ар бир кафедрада, деканатта мугалимдерге сүйлөшүп, баа койдуруп, чуркап ишти бүтүргөн “ишенимдүү” эжекелер жана байкелер бар. Бул алардын өзүнчө эле “бизнеси” болуп калган. Мындай “соода-сатыктан” өлкөбүз гана жабыр тартууда.

Эми мындай “жасалма” диплом менен мамлекеттик жогорку, жооптуу кызматтарга жулунгандар көбөйдү. Анын натыйжасы кандай болоорун жогоруда белгиледик.

Бул кылмыштуу процесске бөгөт коюу аракетин колдоо керек. Мамлекеттик кызматтагылардын дипломдорун туташ текшерүүнүн натыйжасында дипломду товарга айландырган окуу жайларындагы өнөкөт болуп калган коррупцияга да бөгөт коюлар деген үмүт пайда болду.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер