ЖАРАТКАНДАН ЖЕ ЖАРАТМАНДАН ТАБЕРИК

  • 13.12.2024
  • 0

Бүгүн биз сөз кыла турган Арслан Койчиевди улуттук адабиятыбыздагы жаңы формациядагы жазуучулардын, эзелки менен жаңыны жалгаштырып турган муундун катарына кирет десек жаңылбайбыз. Быйыл Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамына арзыды. «Мисмилдирик», «Тагдыр жөнүндө ыр», «Биринчи вице-президент» сындуу айрым чыгармаларын окугам. Кийинчерээк дагы бир «Бакшы менен Чыңгыз хан» романы жарыяланды. Жаңы чыгармалар менен өз маалында таанышып турууга куштармын, бирок өз оюмду бөлүшпөйм же бөлүшкүм деле келбейт. Ар ким өз билгенин колунан келишинче жаза берет да, анын эмнесине кейип-кепчийсиң дегендей. Бул жолу да «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемеси» баянын бир дем менен окуп чыктым. Окуп чыккан соң, эми баштагы оюмдан кайтканы турам…

ЖАРАТКАНДАН ЖЕ ЖАРАТМАНДАН ТАБЕРИК

Акыркы жылдары өз алдынча жана жаңыча ой жүгүртө билген таланттуу жазуучу катары таанылып, окурмандардын алкоосуна арзып келаткан Арслан Койчиевдин «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемеси» баянын бир дем менен окуп чыктым. Мурдагыларынан айырмаланып, бул чыгармада автордун сюжет иргөө жана түзүү, сюжеттик окуяларды бир өзөккө жалгаштыруу, окуяларды андан ары өнүктүрүү, кульминациялык чекке жеткирүү, алардын күтүүсүз чечилишине өз окурманын астыртан даярдоо жаатында кыйла өсүш бар. Муну автордун чыгармачылык чеберчилигинин жетилиши катары карасак болот.

Дүйнөлүк адабиятта, анын ичинде улуттук адабиятыбызда деле Ыйык Китеп баяндарына же дагы башка уламаларга кайрылуу менен, адам баласынын ички табиятын ачып берүү аракети боло келген. Албетте, ал түбөлүктүү темалардын бири. Чыгарманы адам баласынын керооз, кексе, кески, кекчил, эпчил, жикчил, текчил тариятына дагы бир ирет чабыт салуу аракети катары бааласак болот. Демек, козголгон тема жаңы эмес, бирок ага карата жаңыча мамиле жасоо, алдыга коюлган ошондой орчун маселени чечүүнүн чыгармачылык драмасын түзүү аракети дароо эле байкалып турат.

«Курама темир курч болот» демекчи, чыгармадагы жалпы азамзаттын, анын ичинде, адам пендесинин ички табияты бир катар катмардан турган композиттик материалдардагы көркөм образдар аркылуу тандалып жана талданып алынган бир нече сюжеттер сызыгы бүтүндөй чыгарма тулкусунда бири-бирин куйрук улаш кубалап, бири-бирин толуктап, улам өөрчүп-өнүгүп, чиеленишип отурат. Көрсө. көрүнүп тургандай, адам баласынын алмустактан бери келаткан ички табияты анчалык деле өзгөрбөптүр.

Чыгармада бирдиктүү сюжеттердин кандайдыр бир ички ыргактар аркылуу ыраатка салынган драматургиясы бар, бирок бизге көндүм оң жана терс каарман деген жарыктык караманча жок. Бул табигый көрүнүш же турулуу нерсе. Ошентсе да, оозуна алы жетпей, айласыздан ары-бери кайпактаган Жомокчунун адам баласынын жаралышы тууралуу жоболоңдуу жобурама жомогун чыгармадагы композиттик сюжеттер курамын бир өзөккө бириктирип турган негизги окуя катары карасак болот. Чыгарманын башкы жандырмагы да ошол кишинин тереңге каткан табышмактуу сыры менен тыгыз байланышкан.

Жазуучунун көркөм сөз менен иштөө усулу жана жеке стилдештирүү ыкмалары да кыйла жакшырыптыр. Акын катары айтсам, айрыкча «күндүзү Күн нуру чайыган, түнкүсүн Ай шооласы кайыган» бир укмуш ажайып аймакты жердеген жапан тайпанын Ажыдаар үңкүрүнөн алты күндүк алыс жерде жашаган башка бир тукуму мыкты тайпага кан жаңыртып, укум-тукумун жакшыртуу үчүн жасаган жортуулу абдан жакты. Мында нукура поэтикалык ыргак даана байкалып, таза лирикалык демдин илеби уруп турат. Аны окурман журт прозадагы ыр катары да кабылдашы ажеп эмес.

Кезинде тагдырдын жазымышы менен кандуу кылмышка катышып, ошондон бери ой-туюму сенейип катып калган Ардагердин акыркы жандалбасы, бөйрөктөн шыйрак чыгарган укмуштуу-окумуштуулар, коом башындагы боштукту илгерилетпей сезген көзү ачыктар, сенсация кубалоо кумарынынын азабын тарткан алабарман ура-патриот Журналисттин аянычтуу тагдыры, мурда-кийин уккан-көргөнүн терип-тепчип тизмектеп жаза коём деп, каар замандын капшабы менен өкүмдар бийликтин балээсине калган Жомокчунун жок жерден тарткан кордугу, жаны ачынган окумуштуу Вайнштейндин атылар алдындагы табышмактуу ач айкырыгы сындуу чиеленишкен окуялар жамы окурман журтун кайдыргер калтырбайт деген ойдомун.

Ошентип, Арслан Койчиевдин «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемеси» баянын адабий айдыңдагы жаңы темага чалгын катары кабылдадык. Мен билгенден, менин агам, Арсландын көздөй устаты, жаңычыл жана жаратман жазуучу Казат Акматовдун «адабият айдыңында калемгерлер алпуруша турган он чакты эле негизги тема бар, он биринчисин Чыңгыз Айматов тааптыр, эми он экинчисин издеш керек» деген теориясы бар эле. Анын окурмандар арасында көптөгөн талкууларды жараткан «Архат» романына дал ошол өңүттө карасак болот.

Демек, биздин алар сабагыбыз бир: адегенде алты жолу жаңылган Жараткан адам баласын акыркы жолу жаратканда, көптөгөн жакшы касиеттери менен бирге, аңкоолук, алабармандык, амалкөйлүк, канкордук, карасанатайлык, мыкаачылык сындуу толгон-токой кемчиликтери менен кошо жаратыптыр. Эми андан качып кутула албайсың. Бирок кантсе да Жараткан деген Жаратман да, ойгонуу, ойлонуу, оңолуу, торолуу мүмкүнчүлүгүн кошо берип, адам баласына таберик таштап жатпайбы.

Алтургай, оозунда бир тиши жок кемшейген кемпири экөөнөн башка бир жан билбеген капкайдагы бир Жомокчунун жоболоңдуу жомогунун жандырмагы, ошондой эле атылар алдында окумуштуу-египтолог Вайнштейндин «Баары бир Моисей деген – жан алгыч» деген ач айкырыгы өлөрдөн башка өнөлгөсү калбаган, өз заманынын залдары менен кошо ой-туюму сенейип катып калган Ардагер аксакалдын деле жан дүйнөсүнө бүлүк салып, акыр түбү аныңды жибитти го. Эмесе, замандашым, биз дагы ойгонолу, ойлонолу, оңололу, торололу!..

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер