Жаны доордун балдары: Мамиле жана мотивация

  • 15.04.2026
  • 0

Жаны доордун балдары: Мамиле жана мотивация

 

Керимбек кызы Мунара

Жалал Абад облусунун Тогуз — Торо районундагы №6 Бирдик жалпы билим берүү мектеби мекемесинин физика мугалими

 

 

 

 

 

Ата энелер үчүн өткөрүлгөн интерактивдүү тренинг

Жагымдуу маанай түзүү:

Мугалим: Кутман күнүңүздөр менен! Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер жана кесиптештер. Ар бир ата-эне — бул баланын дүйнөсүндөгү эң таттуу инсан. Бул момпосуй сыяктуу жашооңуз дайыма таттуу болсун, ал эми ичиндеги сөздөр сиздерге дем-күч берсин деген ойдо сиздерге аз да болсо чын жүрөктөн тартуулайм. (келген ата энелерге таттуулар таркатылат)

Технология өнүккөн, маалымат ташкындаган заманда бала тарбиялоо — бул чоң искусство. Биздин балдар «санариптик муундун» өкүлдөрү. Аларды бир нерсеге кызыктыруу же мажбурлоо мурдагыдан кыйыныраак. Бирок бир нерсе өзгөрүүсүз калат — бул ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле. Эгер мамиле бекем болсо, мотивация өзү келет. Бүгүн биз баланын ички «дүйнөсүн» кантип иштетүү керектиги жана алар менен кантип бир тилде сүйлөшүү тууралуу кеп кылабыз.»

Теманы жарыялоо : Жаңы доордун балдары: Мамиле жана мотивация

«Сынык телефон» оюну. (Дал ушул жерде!). Жети ата эне чыгат. Бир катар болуп тизилишет.

Мугалим: Биринчи турган адамга «Эртең саат сегизде мектепте семинар  болот, баарыңар ак көйнөк кийип, кызыл гүл көтөрүп келгиле»деп айтылат. Акыркы ата эне такыр башка сүйлөмдү айтат.

Урматтуу ата-энелер, көрдүңүздөрбү? Биз маалыматты бир метр аралыкта бири-бирибизге туура жеткире алган жокпуз. Эгер биз маалыматты ушинтип бурмалап жеткирсек же балабызды аягына чейин укпасак, анда аларга кантип туура мамиле тузобуз? Ал эми жашоодо балабызга: Балам, оку, сага келечекте керек болот, анан тигини кыл, муну кыл деп көп маалыматты бир берип салабыз. Бала болсо анын жарымын угат, жарымын укпайт. Анан биз: ‘Мени укпайсың, айтканымды кылбайсың!’ деп урушабыз. Негизи маалымат бизден балага жеткенче эле ‘сынып’ калат экен» Алар менен кантип туура мамиле түзөбүз? Кантип аларды мотивациялайбыз? Келгиле, бүгүн ушул тууралуу сүйлөшөбүз».

Ата энелер эки бөлүнөт. 

1-топ: «Келечек чырактары»

2-топ: «Тарбия башаты»

 Теманы түшүндүрүү: Слайд менен

Жаны доордун балдары кимдер? (Альфа мууну)

Альфа мууну: 2011-жылдан кийин төрөлгөн балдар.

Санариптик тукум: Алар дүйнөнү смартфон жана интернет аркылуу таанышат. Телефон алар үчүн оюнчук эмес, дүйнөгө ачылган терезе.

Маалыматтын ылдамдыгы: Алар маалыматты бизден 5- 10 эсе тез кабыл алышат, бирок бир нерсеге көңүл буруу убактысы кыска (клиптик ой жүгүртүү).

Алардын негизги өзгөчөлүктөрү: Эркиндик жана талдоо “Мен айттым, сен кыл” деген буйрукту кабыл алышпайт. Аларга “Эмне учун бул маанилүү? деген суроого жооп керек.

Эмоционалдык сезимталдык: Алар материалдык балуулуктаргв каранда, мамиледеги жылуулукту жана чынчылдыкты жогору баалашат.

Визуалдык кабыл алуу: Узун текстерден көрө, кыска видео же сүрөттөрдү жакшы түшүнүшөт.

«Урматтуу ата-энелер, биздин балдарыбыз — «Альфа мууну». Алар тарыхтагы эң акылдуу жана технологияга эң жакын муун. Бирок алардын бир өзгөчөлүгү бар: алар эски тарбия ыкмаларын (буйрук берүү, коркутууну) кабыл алышпайт. Алар бизден көбүрөөк түшүндүрүүнү, көбүрөөк угууну жана көбүрөөк ишенимди күтүшөт. Демек, биз (тарбия ыкмаларыбызды) жаңылоого убакыт келди».

Буйрук эмес, Түшүндүрүү (логикалык мамиле)

Бул балдар үчүн «уят болот» же «чоңдор айтты» деген аргументтер жетишсиз. Алар «эмне үчүн?» деген суроого жооп издешет.

Кандай мамиле кылуу керек: Балага бир нерсени талап кылуудан мурун, анын себебин түшүндүрүңүз. Мисалы: «Телефонду өчүр» дебей, «Биздин көзүбүз эс алышы керек, анткени кечке экранды карасак, мээбиз чарчап, эртең мектепте көңүл бура албай каласың» деп айтыңыз.

Тез кайтарым байланыш (Мактоо жана баалоо) Алар интернеттеги «лайк» баскычына көнүп калышкан, ошондуктан аткарган ишинин натыйжасын дароо көргүсү келет.

Кандай мамиле кылуу керек: Кичинекей ийгилигин да байкап, мактап туруңуз. Бирок жыйынтыкты (бааны) эмес, аракетти мактаңыз. Мисалы: «Сен бул маселени чыгаруу үчүн абдан көп ойлондуң, мээнетиң текке кеткен жок,  «Бул мага эмне берет?» (Практикалык мотивация)

Бул муун абдан прагматик. Алар пайдасыз деп эсептеген нерсеге убакыт коротпойт.

Кантип кызыктыруу керек: Сабакты алардын кызыкчылыктары менен байланыштырыңыз.  Мисалы: Эгер бала блогер болгусу келсе: «Сен сабаттуу жазсаң жана сүйлөсөң, сенин аудиторияң сени көбүрөөк сыйлайт». Эгер физика сабагы болсо: «Телефондун заряды эмнеге тез түгөнөрүн түшүнүү үчүн энергияны билишиң керек».

Жыйынтык: Билим — бул кургак маалымат эмес, бул жашоодогу курал экенин көрсөтүңүз, азаматсың!»

Ийгиликтин даамын сездирүү (Кичинекей кадамдар)

Альфа балдары виртуалдык оюндардагыдай тез жыйынтыкка көнүп калышкан. Эгер максат өтө алыс болсо (мисалы, «11-класста ЖРТдан жакшы баа аласың»), алар кызыгуусун жоготуп коюшат.

Кантип кызыктыруу керек: Чоң максатты кичинекей бөлүктөргө бөлүңүз.

Мисалы: «Бүгүн бул теманы түшүнсөң, эртең өзүң сонун эксперимент жасай аласың». Ар бир кичинекей кадамды «лайк» баскандай мактап туруңуз.

Салыштыруу эмес,  Жеке өсүү  (Өзү менен салыштыруу)

Башка бирөөнүн баласы менен салыштыруу Альфа балдарын мотивациялабайт, тескерисинче, ачуусун келтирет же өзүнө болгон ишенимин өлтүрөт.

Кантип кызыктыруу керек: Баланы анын кечээки өзү менен салыштырыңыз.

Сөз айкашы: «Көрдүңбү, кечээ сен бул формуланы билчү эмессиң, бүгүн болсо маселени өзүң чыгардың. Сен өсүп жатасың!»

Чыгармачылыкка эркиндик берүү

Бул балдар — «жаратуучулар». Алар жөн эле отуруп угууну же көчүрүп жазууну жек көрүшөт.

Кантип кызыктыруу керек: Аларга тандоо жана жаратуу мүмкүнчүлүгүн бериңиз.

Мисалы: Үй тапшырмасын реферат түрүндө эмес, кыска видео (TikTok/Reels стилинде) же презентация түрүндө даярдап келүүсүнө уруксат бериңиз.

      Глобализация жана Улуттук баалуулуктар

Тен салмактуулук: Дүйнөлүк техналогияларды өздөштүрүү менен бирге, ата бабадан калган каада салтты, тилди жана нарк насилди сактоо – бул баланын ички дүйнөсүнүн бекем болушуна шарт түзөт.

      Кантип сактайбыз?    Үй бүлөлүк кеп кенештерде кыргыз наркын колдонуу. Тарыхый мурастарды заманбап тилде түшүндүрүү. Өз үлгүнүз менен көрсөтүү. Үй – бүлөдө жандуу баарлашууну сактап калуу үчүн “гаджеттерсиз” аймактарды белгилеңиз (мисалы, тамактануу учурунда). Балаңызга тыюларды альтернативаларга алмаштырыныз: тоого сейилдөө, спорт же чогуу сейилдөө.       

 Жыйынтыктоо:

Балдарыбызды түшүнүү үчүн алардын дүйнөсүнө кызыгуу керек. Эмоцианалдык колдоо – эң чоң инвестиция. Салт менен технологияны айкалыштыруу – ийгиликтин ачкычы. Эсиңизде болсун: Эң жакшы тарбия – бул сиздин өзүнүздүн үлгүңүз!

               Эки топко батман берилет

1 — топ  Батманды ортосунан сызык менен экиге бөлүп:

Сол тарабы (Кызыл маркер менен): «Эски ыкма» (Биз көнгөн, бирок натыйжа бербеген сөздөр).

Оң тарабы (Жашыл маркер менен): «Жаңы доордун тили» (Баланы ийгиликке шыктандыруучу сөздөр).

Ата-энелерге 5-7 мүнөт убакыт берилет. Алар күнүмдүк турмушта көп колдонулган терс фразаларды жазып, анын жанына ошол эле маанини билдирген, бирок балага жагымдуу угулган вариантты ойлоп табышы керек.

Эски ыкма (❌) Жаңы доордун тили (✅) «Телефонуңду ташта, оку!»  «Сабагыңды бүтүрсөң, чогуу кызыктуу видео көрөбүз».  «Эмнеге 4 алдың? Тигинин баласы 5 алыптыр!»  «Каталарыңды оңдопсуң, азаматсың! 5 алууга эмне тоскоол болду?»  «Дагы кийимиңди булгадыңбы?»  «Кийинкиде этият болсоң, бул кийимиң сага абдан жарашат»деген сыяктуу сөздөрдү жазышат.

 2-топко «Мотивациянын ачкычы» (кызыктыруу боюнча)

Бул топко батман берип, «Баланы окууга кантип кызыктырабыз?» деген темада акыл чабуулун жасашат.

Тапшырманын мазмуну: Батмандын ортосуна баланын сүрөтүн (же жөн эле тегерек) тартып, анын айланасына баланы окууга шыктандыруучу 5 жолду жазышат. Бирок шарт бар: «Акча берем» же «Телефонду алып коём» деген коркутууларды жазганга болбойт.

Ар бир топтон бирден өкүл чыгып, жазгандарын окуп беришет.

     Эки топ презентация жасап жатканда:

1-топ чыкканда: «Эски ыкма баланы коргонууга же калп айтууга мажбурлайт».  «Жаңы ыкма баланы жоопкерчиликке жана кызматташууга чакырат». «Биз бала менен кандай сүйлөшүшүбүз керек экенин көрдүк», — деп жыйынтыкталат.

2-топ чыкканда: «Ал эми бул топ бизге баланы эмне үчүн окууга кызыктыруу керектигин көрсөтүштү», — деп жыйынтыкталат.

Жыйынтык сөз:

«Көрдүңүздөрбү, биз болгону сөздөрүбүздү гана өзгөрттүк, бирок мааниси таптакыр башкача болуп калды. Альфа мууну — бул сезимдин балдары. Алар сиздин буйругуңузду эмес, сиздин мамилеңизди угушат».

Стаканга суу куюу оюну. Стаканга куюлган сууну төкпөстөн тегеректеги байланган ленталарды кармап айланышат (алты ата эне).

Жаны доордун балдары: Мамиле жана мотивация

«Урматтуу ата-энелер, азыр сиздердин колуңуздарда жөн эле стакан эмес, бул сиздин балаңыздын ички дүйнөсү. Ал эми ичиндеги суу — анын назиктиги, ишеними жана келечеги. Лентаны өтө катуу тартсаңыз — бала кысымга алынат, өтө бош таштасаңыз — бала көзөмөлсүз калат. Ортону кармаганды үйрөнөлү.»

«Сууну төкпөй кармап калуу үчүн кандай аракет кылдыңыздар? Чыңалып, көңүл буруп, колуңуздар титиреп турду. Турмушта да балага ушундай аяр мамиле керек. Сиздердин колуңуздардагы лента — бул сиздин мээримиңиз. Ошол мээримди үзбөй, баланы аман-эсен турмуш жолуна алып чыгуу сиздердин колуңуздарда.» Деп жыйынтыкталат

Ата-энелер үчүн эстутум: «Жаңы доордун балдары менен тил табышуу»

Урматтуу ата-эне! Сиздин балаңыз — кайталангыс инсан. Анын ийгилиги сиздин ишенимиңизден башталат.

             Мотивациянын 3 «алтын» эрежеси

  • Аракетти мактаңыз: Жыйынтыкты (бааны) эмес, баланын ошол ишти аткаруудагы мээнетин, өжөрлүгүн баалаңыз.
  • Тандоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз: «Азыр үй тапшырмаңды кыласыңбы же 15 мүнөт эс алгандан кийинби?» – бул баланы өз алдынча чечим чыгарууга үйрөтөт.
  • Кызыгуусун колдоңуз: Баланын сүйгөн иши (оюну, хоббиси) аркылуу окууга жол табыңыз.

                                  Санариптик маданият

Телефонду душман кылбаңыз, аны пайдалуу маалымат издөө куралына айлантыңыз.

Үй-бүлөдө «Экрансыз убакыт» (мисалы, кечки тамак учурунда) эрежесин киргизиңиз.

Балаңыз менен бирге кызыктуу видеолорду көрүп, талкуулаңыз.

                                           Эң маанилүүсү

Балаңызды күнүнө жок дегенде 8 жолу кучактаңыз.

Ар бир кечинде «Бүгүн сени эмне кубантты?» деп сурап, аны аягына чейин угуңуз.

Эсиңизде болсун: Балаңыз сиздин айткан сөзүңүздү эмес, жасаган ишиңизди кайталайт. Өзүңүз үлгү болуңуз!

«Балаңызга бере турган эң чоң белек — бул сиздин убактыңыз жана ишеничиңиз!»

Бөлүшүү

Комментарийлер