ЖАКШЫДАН ЖАШЫЛ БАК КАЛАТ
- 18.04.2025
- 0
КР Эмгек
сиңирген мугалими Бакиров Абдимиталип агай быйыл сексен жашка чыкты. Тууган-уругу, балдары менен кубанычтуу күндөрүн бирге өткөрүп жаткан учуру. Агайды тааныгандардын бардыгы аны таза, ак ниет, эмгекчил, баарына бирдей караган калыс адам деп билишет.
Абдимиталип агай бүтүндөй өмүрүн агартуу тармагына арнаган адам. Ушул күндө да бала тарбиялоо, жаштарга билим берүү деген вазийпасын татыктуу аткарып, жаштарга жол көрсөтүп, мугалимдик кесиптин сырлары менен бөлүшүп келет. Учурда ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда иштейт. Ал ар бир сабагына жоопкерчилик менен мамиле кылган, чынчыл педагог. Ар дайым эрте келип, алдын ала ар бир сабакка даяр турат.
— Агайдын бир да жолу сабактан калып же кечиккенин көргөн жокпуз. Сабак канчада башталса андан алда канча эрте келип, ал күнү кайсы темада, кандай сабак өтө турганын айтып, кеңешип алып анан сабакка кирет, — дейт институттун мурунку директору Асанбек Акматалиев.
Асанбек Акматалиев тээ сексенинчи жылдардагы Абдимиталип агайдын окуучусу, азыркы кесиптеши. Анын ар бир ийгилигине өзүнүн баласынын ийгилигине сүйүнгөндөй кубанып, колдоп-коштоп турат.
— Жаш балдардын окуткан мугалими өмүр бою эсинде калат тура. Мен мектепке 1-класска барган кезде агай Кароол айылынын ал кездеги В.И.Ленин атындагы орто мектебинде директор эле. Жетекчи экенине карабастан, кайда барбайлы бизди колубуздан кармап, жетелеп алчу. Ошондо айткан насааттары азыр да эсибизден чыкпайт. Кийин университетте мугалимдик кесипке окуп калдым. Агайыбызда улуу педагогдор В.Сухомлинскийдин,
А.Макаренконун, Я.Коменскийдин образдары бар экенине ошондо ынандым. Менден бир ийгилик же кичине жакшылыкты угуп калган болсо «Асанбекти мен окутканмын» деп сыймыктанып, мактанып айтып калат. Көрсө, устаттын бактысы ушунда экен. Насип кылып, кийин агай менен институтта чогуу иштеп калдым. Бирок азыр да агайга тең агай боло элекмин. Бул инсан билим берүү айдыңынын чоң дыйканы, — дейт окуучусу.
Бакиров Абдимиталип 1945-жылдын 19-сентябрында Өзгөн районундагы Маданият айылында төрөлгөн. Балалык кези согуштан кийинки катаал жылдарда өтүп, ата-энесинен эрте ажырап, жетимчиликтин азабын далай тарткан.
— Киндик каным тамган Маданият айылында мен бала кезде тогуз эле үй-бүлө боло турган. Согуштан кийинки катаал күндөрдү бирге өткөргөнбүз. Кеткениме канча жыл болсо да дайыма айылымдын абасы, жери мени өзүнө тартып турат. Айылдан кол үзбөй байма-бай келип турам. Келген сайын неберелеримди ала келем. Аларга ата конушум, айылым тууралуу талбай айтып бере берем, — дейт Абдимиталип агай.
Агайды жүрөгү Мекен деп соккон чыныгы патриот адам деп айтса болот. Эч качан ата конушун унуткан жок. Бир канча жыл мурун беш жүз түптөй бак, 150 түп бадам тигип койгон. Жыл сайын бала-чакасы менен барып, өзү тиккен бактарга камкордук көрүп турат. Азыр ал жак чоң токойго айланган.
“Жакшыдан жашыл бак калат” демекчи, Абдимиталип агай 2022-жылы Президенттин экология жөнүндөгү жарлыгын колдоого алып жана кийинки муунга мурас калтыруу максатында үч гектарга жакын жерге 1450 түп түрдүү бак-дарактарды көчкүгө каршы отургузган. Азыр ал жерди өзү карап, өзү көзөмөлдөп турат. Бош убактысын жалаң ошол жерде өткөрөт.
Агайдын башынан жетимчиликтин кыйын күндөрү көп өткөндөн уламбы, дайыма жетим-жесирлерге да кол сунуп, колунан келишинче жардам берип келет. Кечээ жакында эле Өзгөн районун Мырза-Аке айылындагы Марат Разаков жатак мектебине, кийим кечесине керектүү буюмдарына каралашып, жардам берип келди. Анын мындай мүнөзүн жакындан билгендер минтип айтышат:
— Абдимиталип жаштайынан өтө көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Кудай-таалам ошого жараша ырыскысын мол берди. Анын балдарга кандай мамиле жасаганын, балдарды дайыма бешенесинен сылап, жылуу-жумшак мамиле кылганын, жан дүйнөсүнүн тазалыгын, эмгекчилдигин, калыстыгын аны тааныгандардын баардыгы айтып бере алат. Мен аны студент кезден билем. Узун шыңга бойлуу жигит баскетбол ойноп спортто да, окууда да өзүн алдыңкы студент катары көрсөтүп, Педагогикалык институтта эң активдүү студенттердин бири болуп, ардак тактада сүрөтү илинип турчу. Таза эмгек кылса, таза жүрсө, көпчүлүккө жакшылык кылса кудай ушинтип тилегин берет экен, — дейт академик Бектемир Мурзубраимов.
Агайдын мыкты жетекчи болгонун кесиптеши, КР Эмгек сиңирген мугалими Абдыманап Мамасеитов минтип эскерет:
— Абдимиталип менен 1973-жылдан баштап 13 жыл бирге иштешкем. Ушул мөөнөттө эч бир жамандыгын көргөн жокмун. Ал өзүн жалаң жакшы жагынан көрсөтүп, чебер, устат педагог экенин тастыктай алды. Мурун балдарды айыл чарба жумушуна алып барчу элек. Бир жолу бир аксакал кызын караманча эле жибербей койду. Мен такыр көндүрө албай койдум. Абдимиталипке айтсам, кандай жол менен аксакалды көндүрүп алды билбейм, бирок бат эле макулдугун алып чыкты. Ушундан анын башкаларда жок педагогдук чеберчилигин байкагам.
Мына ушундай даражага жете жашаган Абдимиталип агай Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин 1968-жылы аяктагандан бери агартуу тармагында келе жатат. Алгачкы эмгек жолун 1968-жылы Өзгөн районундагы В. Терешкова, азыркы М. Сулайманов атындагы сегиз жылдык мектебинде физика-математика мугалими болуп иштөө менен баштаган. Жаш адистин ишке болгон жөндөмүн баалаган жетекчилик бат эле райондогу Социализм (азыркы К. Өмүрзаков) толук эмес орто мектебине окуу бөлүмүнүн башчысы кылып которгон. Андан үч жыл өтпөй, 1973-жылы
В.И.Ленин атындагы (Ботобеков) №14 орто мектебинин директорлугуна дайындалган. Ал бул кызматты 12 жыл аркалап, жүздөгөн жаштарды тарбиялап, уядан учуруп, келечегине жол ачып берди. Андан кийин Юкос (М. Тешебаев) толук эмес орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, 1991-жылы Политотдел (Б.Асранкулов) орто мектебинин директору, 1994-жылы Куршаб айылындагы
И.Бектемиров атындагы орто мектебинин директору, 1998-жылы Шагым (К.Өмүрзаков) орто мектебинин директору болуп иштеди. 2003-жылы ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен кызматтан кетип, Шагым орто мектебинде физика-математика мугалими болуп иштеп калган.
Өмүр бою жалаң жетекчилик кызматта жүрүп,
Абдимиталип агай ар дайым мектептердин жаңы имараттарынын курулуштарын, материалдык-техникалык базасын чыңдоонун демилгечиси жана активдүү катышуучусу болду.
1984-жылы В.И.Ленин (Ботобеков) атындагы орто мектебинин базасында Кыргыз
ССРинин Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги астында спорт комплексин өнүктүрүү, окуучулардын өндүрүштүк бригадасы жана алардын жайкы эс алуусу боюнча областтар аралык илимий конференция өткөрүлгөн.
1985-жылы ушул эле мектептин педагогикалык жамаатынын иш тажрыйбасы Кыргыз ССРинин Айыл чарба көргөзмөсүнө коюлган. Бул да болсо жетекчинин талбаган эмгегинин натыйжасында болгон.
Анан албетте, мындай ак эмгек эч качан бааланбай калбайт. Абдимиталип агай “Элге билим берүүнүн отличниги” төш белгисинен баштап бир канча сыйлыктардын ээси болду, орден, медалдар менен сыйланды. 2008-жылы КР “Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамын алган. КР “Ардактуу аксакалы” ардактуу наамы жана ордени менен сыйланган. 2019-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, Билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн 75 жылдык юбилейинде КР Президентинин энчилүү сааты менен сыйланган. Ал агартуу тармагына гана кызмат өтөбөстөн коомдук иштердин да активдүү катышуучусу.
“Аккан арыктан суу агат” демекчи, агайдын жети баласы тең жогорку билимдүү. Баары турмуштан өз ордун тапкан. Өмүрлүк жары Апалаева Эркекан менен учурда 31 небере, 10 чөбөрөнүн кадырлуу чоң ата, таятасы. Эркекан эжей дагы кесиби боюнча педагог. Анын дагы көп жылдык эмгеги жогору бааланып, бир катар сыйлыктарга татыган.
Чолпон Кийизбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер