ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

  • 31.08.2022
  • 0

Бишкек мэриясы жаңы окуу жылына карата курулуш жана оңдоп-түзөө иштерин аяктоого пландаган мектептердин бири – борбор калаабыздагы №10 мектеп. Мындагы ремонт жана реконструкциялоо иштери шаардын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Анын аткарылышын КР Президенти өзү көзөмөлгө алган.

Мектептин директору Гүлжан Уметалиеванын айтымында, сметалык баасы 83 млн сомду түзгөн мектептин имаратын реконструкциялоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде башталган.

— Биздин мектептин биринчи блогу 1937-жылы түптөлүп, 1938-жылы эксплуатацияга берилген. Мектептин экинчи, үчүнчү блогу 1950-жылдын аягында курулган. Ал ортодо мектептин ондоп-түзөө иштерине жеткиликтүү көңүл бурулбагандыктан, биринчи жана үчүнчү блогу авариялык абалга туш болуп, ал жерде окуу процесси токтотулган эле. Мектептин иштен чыккан имараттарын оңдоп-түзөтүү өтүнүчү менен көптөгөн эшиктерди кактым, бирок тилекке каршы, эч бир майнап чыкпады. Анан ушул жылдын апрелинде Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык-курулуш башкармалыгынын тизмесине киргени, жөн гана тизмеге кирбей, президенттин өзүнүн көз кырына илингени мектептин эмгек жамаатынын өчкөн үмүтүн жандырды, — деп директор айым мектептин тарыхына учкай токтолду.

Мектеп ачылган жылдан бери ошол мезгилдин саясатына шайкеш кыйла жыл балдарды орус тилинде окутуп келген. 1987-жылы ата-энелердин кайра-кайра жазган өтүнүчү менен кыргыз класстары ачылган. 1993-жылы Гүлжан Уметалиеваны Бишкек шаарындагы көзгө басар жалгыз кыргыз тилдүү №5 мектепте тарбия завучу болуп иштеп жүргөн жеринен ушул мектептин директорлук кызматына дайындашканда, биринчи милдет – кыргыз тилдүү класстардын санын көбөйтүү тапшырмасын тагышкан.

— Биздин мектепте балдар кош тилде билим алышат, 1-класстан 11-класска чейин эки тилде окутабыз. Мен директор болуп келгенде мага кыргыз тилдүү класстарды толук кандуу иштетүү миссиясы жүктөлгөн. Мен ошол миссияны аткардым деп эсептейм.

2021-2022-окуу жылында мектепти 943 бала аяктады. Азыр акыркы маалыматтарга караганда, кабыл алынган балдардын саны миңден ашып калды. Жаңырган мектепте билим алгысы келген балдардын саны көбөйүп жатканы бизди да кубандырат. Биздин мектепке мурдараак тегерек четтеги жаңы конуштардын балдары келчү. Кийинки жылдары ал жактарда да жаңы мектептер ачылып, инфраструктуралар оңолуп, балдар алыс жолго чыкпай жанындагы мектептерде окуп калышты. Бул дагы жакшы жышаан, жакшы жаңылык.

1-сентябрда биздин сүйүктүү балдарыбыз мектептин реконструкцияланган имаратындагы спорт залда машыгып, майрамдык иш-чараларды концерттик залда өткөрүп, шарттары жакшыртылган кабинеттерде билим ала баштайт. Мектептин ичи эле эмес, айланасы да көрктөндүрүлүп, спорттук аянтчалар курулуп, мектебибиз кыска мөөнөттө ушундай жаркыраган мектепке айланды.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Президентибиз Садыр Жапаровго чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз, мугалимдердин айлыгы жогорулап, мугалимдин түмөн түйшүктүү иши татыктуу бааланып жатканына кубанып турабыз, — дейт.

ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

 

Кубаныч тартуулаган куруучулар

“Кыска мөөнөттө оңдоп-түздөө иштерин ойдогудай жүргүзгөн курулушчулардын баа жеткис эмгегин кантип белгилебей коебуз?” — дейт, Гүлжан Давлеткуловна. – “Бизге ушундай зор кубаныч тартуулаган “Аргын” курулуш компаниясынын куруучуларына, компаниянын генералдык директору Кубан Жарыкбашовго чексиз ыраазыбыз. Күндүр-түндүр тыным албай иштеген куруучулар мектептин ремонтун сапаттуу кылып жакшынакай аяктап беришти. Алардын сапаттуу иш аткаргандарын атайын келген комиссиялар да бир ооздон белгилеп жатышат”.

ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

 

Мектептин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү

ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

Аталган мектептен билим алган атактуулар да арбын. Атпай журтка белгилүү хирург Эрнест Акрамов ушул мектептен 1-класстан 10-класска чейин окуган. Дагы бир сыймыктуу бүтүрүүчүсү белгилүү экономист, Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев, ХХ кылымдын эң мыкты гандболистинин бири, эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболисти наамын жеңип алган Талант Дүйшөбаев, Кыргызстандын дагы бир белгилүү футболчусу Михаил Сиротин ж.б. ушул мектептен билим жана тарбия алган, мектептин сыймыгын арттырып жүргөн бүтүрүүчүлөрү. Мектептин фойесинде Баткен согушунда курман болгон кыргыздын дагы бир патриот уулу Асылбек Муканбетовдин сүрөтү илинип, өмүр баяны жазылып турат.

 

ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

Мына ушундай билим десе билим жагынан, ден соолук, экономика жана албетте, спорт жагынан балдарга үлгү болуп, мектептин эле эмес, Кыргызстандын атын алыска, даңкын далайга угузган мыкты уулдар дал ушул мектептен билим алган.

Антип-минткенче минтип жаңы окуу жылы жаңы барагын ачты. Аны бул мектептин мугалимдери жана окуучулары жаңыртылган мектепте жаңы дем-күч менен баштады.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер