ЖАҢЫЛАНГАН ДҮЙНӨ, КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ

  • 21.12.2021
  • 0

1919-1920-жылдары Совнарком Кызыл-Кыя жана Сүлүктүдө кесиптик окуу жайларын ачуу менен кат тааныбаган жаштарды жана 60 жашка чейинки адамдардын сабатсыздыгын жоюу менен бирге кесипке үйрөтүп, элдин жашоосун бардык тараптан көтөрүп, жаңы социалисттик мамлекетти өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн катарына жеткирген. Биз дагы учурда карт тарыхты эстеп, инновациялык маалымат системасына жүз жыл мурункудай билим жана кесип берүү менен аралашуубуз зарыл. Жоопкерчилик ар бирибизде жатат. Эскиче иштеген жетекчилер билимдүүлөргө орундарын бошотуп, билим берүү жана кесипке үйрөтүү менен өнүгүүгө тормоз болбоолору керек.

Адам баласы кесип менен эмгек аркылуу жакшы жана жеңил жашоого шарттарын жакшыртып келген. Улам жаңыланган эмгектин шаймандары үч жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Айрыкча коргонууга жасалган куралдар адамдардын бири-бирин жок кылууга иштеп калды. Ар бир эмгектин артында ой-максат жана аны ишке ашырууга керек болгон билим жана кесип турат. Эволюцияда топтошуп жашаган коомдон баштап миңдеген жылдар ичинде адам баласы билимди өркүндөтүп, ага жараша кесиптери пайда болду.

  1. Таш, сөөк шайманы, көчмөн цивилизациядан агрардык революцияга чейин миңдеген жылдарды камтыган.
  2. Темир иштетүү, электр кыймылы революциясы, шаар өндүрүшү жана космосту багындыруу тармагы жүз жылдарда аяктап, билим берүү жана кесипке үйрөтүү калыпка салынып кайталанып келген.
  3. Полимер, электрон революциясы, XIX кылымдын 60-жылдары пайда болгон компьютер күн сайын жаңыланып, жайылып, технологиялык жана социалдык ылдамдануу ушунчалык тездик менен дүйнө жүзүн желе болуп чулгады. Информациялык маалымат технологиясы билим берүүнүн ар түрдүү стандарты менен миңдеген кесиптердин түрлөрүн пайда кылууда.

Билим берүү жана кесипке үйрөтүү ачылып жаткан илимий ачылыштан, иновациялык технологиядан күн сайын артта калып жатканы байкалат. Азыркы татаал дүйнөлүк ааламдашуу доору адам баласына эмгектин жаңы түрүн сунуштоо менен билим жана кесип алуунун XXI кылым үчүн моделин жаратты деп айтсак болот.

Мындайча айтканда, барган сайын ар бир мамлекет же континент эмес, бүтүндөй жер шарында өнүккөн цивилизациянын талаптарына ылайыкташылган программалар боюнча билим, кесип жана илим алууну мажбурлай баштаганы туруктуу көрүнүш болуп калды. Алдыга кеткен өнүккөн өлкөлөрдүн технологиясы түздөн-түз башкарууга көз карандысыз корпорациялардын товар алмашуусун жаратып, суроо-талаптарынын канааттануулары тездик менен жайылуусу, электроника, робот, адамдын катышуусу жок тейлөө, ишканалары өнүкпөй артта калган өлкөлөрдү ыкчам аралашууга түртүп жатат. Мамлекеттерди башкаруу да илимий прогресс, электравтомобилдери, учкучу жок аппараттар, заманбап шаймандардан артта калуусу байкалууда.

Жогорку талаптар билим берүү багытын кескин жаңылап, кесипке үйрөтүүгө жана кайра даярдоого тездик менен бурулуш жасаган гана мамлекеттер инновацияны жана электрондук, роботтук өндүрүштү ишке киргизген өлкөлөрдүн катарына чукулдай алат. Жаңыланган заманбап технология жана индустрия бара-бара көптөгөн жумушсуздарды пайда кылаары белгилүү. Акыркы 10 жылдыкта эле санарипке өтүү менен чакан өлкөбүздө канчалаган жумушчу орундар кыскарып жана жоюлуп кетти. Азыркы учурда 30 жыл мурунку кесиптердин такыр эле кереги жок, ошол учурда жаңы пайда болгон кесиптерге суроо-талаптар жогору, аларды өздөштүрүп кеткендер сейрек. Ааламдашуу доорунда калктын калың катмары эски билим берүүдөн тез арылып, кесиптерге үйрөтүү жана илим аркылуу өндүрүшүн жаңылап кетпесе, ошончолук алар артта кала беришет.

Эмгек рыногу деген термин, кесип рыногу деген терминге айланып кетти. Мекенибиздин булуң-бурчуна тездик менен жайылган интернет желеси жаштарыбыздын аң-сезимин смартфон аркылуу башкарып, аны колдонууну билгендери менен жөнөкөй компьютер иштетүү, электрондук байланышты уюштурууну билишпейт. Толук компьютер менен камсыз болушуп, онлайн сабактарга чыгууга интернеттик чыңалуу аркылуу билим жана кесип алууга көпчүлүгүнүн шарты да жок.

Ошондуктан биздин мамлекеттин, окуу жайынын жетекчилеринин жана айылдык башкаруу аппараттарынын негизги бирден бир милдети айыл жаштарын IT маалымат технологияны, бир нече чет тилди, компьютердик билим алууну тездик менен үйрөтүүнү колго алуу зарылчылыгы пайда болуп отурат. Ар бир мектеп, баштапкы, орто кесиптик окуу жайларынын мугалимдери, окутуучу-устаттары билим деңгээлдерин жогорулатып, кесипке үйрөтүүнү ыкчам жаңылоолору талап кылынат. Биз ошондо гана билим алууну жогорулатып, кесипке үйрөтүүнү жаңылап, коомдун өзгөрүүсүнө жараша жумушу кыскарган адамдарыбызды тез жаңы кесипке үйрөтүп ала алабыз. Биз жалпы коомчулук, ата-эне, билим берүү системасы, ишкерлер тез арада биргелешип билим берүү жана кесипке жана бир нече тил үйрөтүүнү заманбап жашоого ылайыктап түзүп чыгуубуз зарыл. Айрыкча элеттеги мектеп, кесиптик окуу жайлары жардамга муктаж.

Биздин билим берүү системасы тездик менен инновациялык маалымат технологиясына жараша билим берүү баскычтарынын жаңы моделин түзүүлөрү зарыл. Эски сабак берген мектептердин, кесиптик, жогорку окуу жайларынын өз алдынча окутуу программаларын жана алардын иштерин көзөмөлдөө, методикалык жардам берүү багыты жаңыланышы керек. Өзүн-өзү каржылоо жолун киргизүү менен көп баскычтуу билим системасын түзүү бүгүнкү күндүн талабы. Мектеп – кесиптик лицей – колледж – жогорку окуу жайы жана илим чөйрөсүнүн баскычы менен кадам таштаган жаштар адис болуп чыкса, ал мамлекеттеги кадр маселеси, ишти алып кетүү, уюштуруучулук жөндөмү, өлкөнүн өнүгүүсүнө көмөкчү болоору бышык.

Эгемберди УСУПОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер