ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

  • 12.08.2021
  • 0

Республиканын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине жана жаңы окуу жылына карата жыйырмадан кем эмес мектептин жана спорттук залдын курулушу бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.  

Курулуш агенттиги тарабынан жалпы 237 мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып башталган, ал үчүн 9,7 млрд. сом керектелет. Үстүбүздөгү жылы бул мектептердин сексен бешинин курулушуна 985,5 млн. сом каралды. Андан тышкары республикалык бюджеттин Бирдиктүү депозиттик счетунун эсебинен 2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин жаңы имаратын жана кошумча корпустарынын курулушу башталган. Андан бери Ош шаарындагы мектептин курулушу ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен 2019-жылы атайын Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, республиканын аймагындагы 245 авариялык абалдагы мектеп тизмеге киргизилген. Бул багытта Курулуш агенттиги 98 объект боюнча долбоорлоо-сметалык документтерин даярдап, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Буюрса, жылдын жыйынтыгы менен дагы он бешке жакын авариялык мектептин ордуна жаңы типтүү заманбап мектеп пайдаланууга берилет.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

ФОНДДОР ЖАНА ДОЛБООРЛОР АРКЫЛУУ КУРУЛУП ЖАТКАН МЕКТЕПТЕР

Республикада кайрымдуулук фонддор жана эл аралык долбоорлор: Өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар фонду, ӨКМдин «ERIK»долбоору, Бирдиктүү депозиттик эсептин ж.б. аркылуу курулуп жаткан бир катар билим берүү мекемелери  да бар.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Кыргызстанда кырсык коркунучуна туруктуулукту калыптандыруу» долбоорунун алкагында 10 билим берүү объектиси реконструкцияланат жана курулат:

Жайгашкан жериСаны
1Жалал-Абад5
2Ош3
3Нарын1
4Баткен1
 Баардыгы:10

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 23 билим берүү объектиси курулууда:

Жайгашкан жериСаны
1Бишкек шаары3
2Чүй облусу4
3Ош шаары1
4Ош облусу3
5Ысык-Көл облусу3
6Жалал-Абад облусу2
7Нарын облусу2
8Баткен облусу3
9Талас облусу2
 Баардыгы:23

2021-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен төрт жалпы билим берүүчү объектинин курулушу аяктады:

Ош облусу — 2 мектеп;

Жалал -Абад облусу — 1 мектеп;

Нарын облусу — 1 мектеп.

Бирдиктүү депозиттик эсептин каражатынан 15 жаңы окуу имаратынын жана билим берүү объектисинин кошумча окуу корпустарынын курулушу жүрүүдө:

Облусу, шаарыСаны
1Бишкек шаары7
2Чүй облусу7
3Ош шаары1
 Баардыгы:15

Россия Федерациясынын эсебинен тогуз билим берүү мекемесин куруу пландалууда:

Жайгашкан жериСаны
1Бишкек шаары1
2Чүй облусу1
3Ош шаары1
4Ош облусу1
5Ысык-Көл облусу1
6Жалал-Абад облусу1
7Нарын облусу1
8Баткен облусу1
9Талас облусу1
 Баардыгы:9

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

БАТКЕНДЕ ҮЧ МЕКТЕП

Ушул тапта Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган социалдык объектилерди куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери бекитилген календардык графикке ылайык жүрүп жатат.

Республикалык бюджеттен бардыгы болуп сегиз социалдык объекти: беш мектеп, эки бала бакча жана бир ФАП курулуп, керектүү жерлерине капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул иштерге республикалык бюджеттен 250 млн. сом каралган.

Жаңжалдан толугу менен күйүп кеткен Максат айылындагы мектеп кайрадан калыбына келтирилип бүтүп, жаңы окуу жылына даяр.

  • Бул айылдын бала бакчасында болсо курулуш иштери жүрүп жатат. Буюрса, аны дагы 1-сентябрга карата ачабыз деп пландап жатабыз. Ал эми Лейлектин Чурбек айылында курулуп жаткан мектептин 1-кабаты бүтүп, 2-кабаты аяктап калды. Муну дагы 1-сентябрга карата бүтөбүз деп аракет кылып жатышат. Ага жетишпей калса деле окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт. Себеби бир корпусун бузбай алып калышкан, балдар ошол жакта окуп турушат, — дейт Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Эркебаев Осмон.

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер