ЖАҢЫ МУГАЛИМДИ ДАЯРДОО: УНИВЕРСИТЕТ АЛДЫНДАГЫ ЖАҢЫ МИЛДЕТТЕР
- 21.10.2026
- 0
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү моделине өтүү мектеп программаларын гана жаңылоону эмес, мугалим даярдоо системасын түп-тамырынан өркүндөтүүнү да талап кылууда. Жаңы муундагы мугалим кандай болушу керек? Педагогикалык жогорку окуу жайлар реформанын талаптарына канчалык даяр? Мектеп менен университеттин байланышы кандайча жаңы деңгээлге чыгышы зарыл деген сыяктуу актуалдуу маселелер тууралуу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору А. Абдраева менен маектештик. 
— Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү моделине өтүү мектеп системасын гана эмес, педагогикалык кадрларды даярдоо системасын да өзгөртүүнү талап кылууда. Бул реформанын ийгилиги үчүн мугалимдерди даярдоо жаатында биринчи кезекте кандай өзгөрүүлөр болушу керек?
— 12 жылдык билим берүү модели мектептин түзүмүн гана эмес, окутуунун мазмунун, концепциясын, максатын жана мугалимдин ролун да өзгөртүп жатат. Мурда мугалим көбүнчө даяр билимди берүүчү катары кабыл алынса, азыр ал окуучуну өз алдынча ойлонууга, маалыматты талдоого жана көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөтүүчү насаатчы, ыңгайлаштыруучу жана багыттоочу компетенттүү адис болушу керек.
Менин оюмча, педагогикалык кадрларды даярдоону төрт багытта жүргүзүү керек. Биринчи — педагогикалык билим берүүнү компетенттүүлүккө багыттоо. Бүтүрүүчү эмнени билерин гана эмес, эмнени иш жүзүндө аткара аларын дагы көрсөтүшү зарыл. Экинчи — предметтик даярдык менен катар психологиялык-педагогикалык жана методикалык даярдыктын ортосунда тең салмактуулукту сактоо. Үчүнчүсү — практикага негизделген окутууну күчөтүү. Студент биринчи курстан тартып мектеп чөйрөсүн таанып, билимин практикада сынап көрүшү керек. Төртүнчү, инклюзивдүү билим берүү, санариптик сабаттуулук, окуучунун жетишкендигин баалоонун жаңы ыкмалары сыяктуу заманбап көндүмдөрдү киргизүү маанилүү. Муну ишке ашырууда КМУ быйыл педагогикалык багыттарды даярдоо боюнча жаңы эксперименталдык мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгып, ал Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан бекитилди. Аталган стандарттагы талаптарда ушул багыттар камтылды.
Эң негизгиси — педагогикалык кесиптин абройун көтөрүү. Анткени реформанын негизги талаптарын мугалим ишке ашырат. Ар бир мугалим кесипке даяр, мотивациясы жогору жана өзүнө ишенген адис болгондо гана жыйынтыгы жогору болот. 
— КМУ өлкөдөгү педагогикалык кадрларды даярдаган алдыңкы окуу жайлардын бири катары бул реформаны ишке ашырууга кандай салым кошуп жатат? Университетте жаңы моделдин талаптарына ылайык кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Биздин университет өлкөнүн педагогикалык билим берүү тармагында 80 жылдан ашуун узак тарыхы жана салттуу тажрыйбасы бар окуу жай. Ошондуктан реформаны ишке ашырууга активдүү катышуу — биз үчүн кесиптик милдет жана чоң жоопкерчилик.
Бул боюнча бир нече багытта иш жүргүзүлүүдө. Биринчиден, жогоруда белгилегендей, мамлекеттик билим берүү стандарттарын түзүүчү окуу жайы катары педагогикалык багыттарды даярдоо боюнча жаңы эксперименталдык мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыктык жана ал министрлик тарабынан бекитилди. Экинчиден, профессордук-окутуучулук курамдын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Окутуучулар үчүн заманбап педагогикалык технологиялар, баалоо жана санариптик каражаттар боюнча окутуулар уюштурулууда. Үчүнчүдөн, мектептер менен кызматташтыкты кеңейтип, практикага багытталган окутууну күчөтүп жатабыз. Төртүнчүдөн, илимий изилдөө иштеринде окумуштууларыбыз реформанын практикалык көйгөйлөрүн изилдөөгө, мисалы, жаңы предметтердин мазмунун кароо, окуучулардын жетишкендигин баалоо сыяктуу маселелерге көңүл бурушууда. Мындан тышкары, Агартуу министрлиги менен өнөктөш, кызматташ катары талкууларга, экспертизаларга жана жумушчу топторго катышып, биздин окуу жайдын тажрыйбасын жана сунуштарын жеткирип жатабыз.
— 12 жылдык билим берүүдө мугалимден жаңы компетенциялар, окутуунун заманбап методдорун билүү жана окуучунун жеке жөндөмүн өнүктүрө алуу талап кылынат. Азыркы педагогикалык билим берүү программалары бул талаптарга канчалык жооп берет? Аларды жаңылоодо кайсы багыттарга өзгөчө көңүл бурулууда?
— Программалар бул талаптарга толук жооп берет деп айтуу али эрте. Билим берүү программаларын жаңылоодо өзгөчө көңүл бурулган бир катар маселелер бар. Биринчиден, студентке багытталган, активдүүлүккө жана изилдөөгө негизделген окутуу методдору, экинчиден, билим алуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн, кызыкчылыктарын жана жөндөмдөрүн эске алуу, жекече окуу траекториясын түзүү колго алынууда. Үчүнчүдөн, баалоо жана студенттин жетишкендигин талдоо. Төртүнчүдөн, инклюзивдүү билим берүү жана ар түрдүү муктаждыктагы балдар менен иштөө. Бешинчиден, сынчыл ой жүгүртүү, коммуникация, кызматташуу жана санариптик сабаттуулук сыяктуу заманбап көндүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалууда. Ошондой эле теориялык курстардын көлөмүн оптималдаштырып, практикалык жана долбоордук тапшырмалардын салмагын көбөйтүү маселесин карап чыгып, окуу пландарына жана окуу процессине киргизилди. 
— Бүгүнкү күндө мектептерде иштеп жаткан мугалимдердин баарын жаңы моделдин талаптарына ылайык даярдоо маанилүү. Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кандай механизмдер натыйжалуу болушу мүмкүн? Университет бул багытта Агартуу министрлиги, мектептер менен кандай кызматташууда?
— Мугалимдерди даярдоо реформанын эң оор жана эң маанилүү бөлүгүнүн бири. Бир жолку семинар же кыска курстар менен чектелип калуу натыйжа бербейт. Натыйжалуу механизм үзгүлтүксүз, системалуу жана практикага байланышкан болушу керек. Бир нече багыт менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып баруудабыз. Модулдук жана аралыктан окутуу форматтарын киргиздик. Анткени мугалим өз ишинен алыстабай окуй алат. Тажрыйбалуу мугалимдердин ортосундагы өз ара окутуу жана насаатчылыкты киргиздик. Квалификацияны жогорулатуунун жыйынтыгы мугалимдин иш жүзүндөгү өсүшү менен байланышышы керек экендигин тынбай белгилеп келебиз. Университет бул багытта Агартуу министрлиги жана мектептер менен өнөктөш катары иштеп жатат. Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарын 72, 144, 900 саат көлөмүндө өткөрүп, мектеп жана башка окуу жайлар менен бирдикте окутуу материалдары менен модулдарын иштеп чыгууда жана методикалык колдоо максатында окуу куралдарын, окуу-методикалык куралдары тынымсыз иштеп чыгарууда. Келечекте бул кызматташтыкты системалуу кылуу пландалууда.
— Реформанын натыйжалуулугу мугалимдердин теориялык билими менен гана эмес, практикалык даярдыгы менен да өлчөнөт. Болочок мугалимдердин мектептерде практикадан өтүүсүн күчөтүү, университет менен мектептин байланышын бекемдөө боюнча кандай жаңы ыкмалар колдонулушу керек?
— Мугалим кесибин китептен гана үйрөнбөйт эмеспи. Аны иш жүзүндө, класста жана окуучулардын ортосунда гана толук өздөштүрүүгө болот. Ошондуктан практиканы формалдуу милдет катары эмес, окутуунун өзөгү катары карашыбыз керек. Жаңы ыкмалардын катарында төмөнкүлөрдү атап кетким келет. Биринчиден, практиканы бир мезгилге топтобой, студенттин окуу жылдарына бөлүп жайылтуу. Биринчи курстан тартып байкоочу, кийин жардамчы катары катышуу, андан соң өз алдынча сабак өткөрүү практиканын негизи катары киргизгенбиз. Экинчиден, практикант-студенттерге жогорку квалификациялуу насаатчыларды даярдоо. Үчүнчүдөн, практикага чыккан студентти кесиптик портфолио жана рефлексия аркылуу баалоо. Төртүнчүдөн, университеттин окутуучулары менен мектеп мугалимдеринин биргелешкен долбоорлорун жана чогуу сабак талдоолорун уюштурууну жолго койдук. Бешинчиден, практиканын жыйынтыгына карата окуу программаларын оңдоп турууну колго алдык, башкача айтканда, мектептен университетке кайтарым байланыш жолго коюлду. 
— Жасалма интеллект, санариптик платформалар жана интерактивдүү технологиялар билим берүү процессине активдүү кирүүдө. Жаңы муундагы мугалимдерди бул технологияларды натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга үйрөтүүдө университеттин стратегиясы кандай?
— Санариптик технологиялар, анын ичинде жасалма интеллект, бүгүнкү билим берүүнүн реалдуулугуна айланды. Аларды четке кагуу мүмкүн эмес, бирок аларды туура жана жоопкерчилик менен колдонууга үйрөтүү зарыл. Бул жааттагы биздин стратегия үч негизги принципке таянат. Биринчиси, санариптик сабаттуулукту жалпы билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү катары пайдалануу. Санариптик технологияларды киргизүү жана аларды натыйжалуу колдонуу тажрыйбасы башка окуу жайларга салыштырмалуу бизде жакшы жолго коюлган деп айтсак жаңылышпайбыз. Студент университетке киргенден тартып окуусун бүтүрүп чыкканга чейинки процесстин бардыгы санариптештирилген. Билим алууда да студенттер санариптик платформаларды, интерактивдүү каражаттар жана электрондук ресурстар менен иштөөнү практика жүзүндө өздөштүрүшөт. Экинчиси, технологияны окутуунун жана окуунун бир куралы катары көрүү. Мугалим технологияны педагогикалык максатка ылайык тандап колдоно билиши керек. Үчүнчүсү, этика жана жоопкерчилик маселесине өзгөчө көңүл буруу. Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү менен бирге анын чектөөлөрүн, маалыматтын ишенимдүүлүгүн текшерүүнү, академиялык чынчылдыкты жана студентке жеке маалыматын коргоо маселелерин да үйрөтүү колго алынган. Профессордук-окутуучулук курамдын санариптик компетенцияларын өнүктүрүү да биздин ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири.
— 12 жылдык билим берүүдө башталгыч класстардын мугалимдерине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Баланын мектепке көнүүсү, функционалдык сабаттуулугунун калыптанышы жана окууга болгон кызыгуусу көп жагынан мугалимдин даярдыгына байланыштуу. Бул багыттагы адистерди даярдоодо эмнелерди өзгөртүү зарыл?
— Башталгыч класстын мугалими баланын билим алуу жолундагы биринчи жана эң маанилүү жетекчиси. Баланын окууга болгон мамилеси, өзүнө болгон ишеними дал ушул мезгилде калыптанат эмеспи. Ошондуктан бул адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Биз башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоодо баланын жаш өзгөчөлүктөрүн, өнүгүү психологиясын жана мектепке даярдыгын тереңирээк үйрөнүү керектигине басым жасайбыз. Функционалдык сабаттуулукту, анын ичинде окуу, математикалык жана жаратылыш таануу сабаттуулугун калыптандыруунун методикасына көңүл буруу менен, оюн технологияларын, долбоордук жана изилдөөчүлүк ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнү билим берүү программасынын негизи катары карайбыз. Ата-эне менен иштөө, инклюзивдүү чөйрө түзүү жана ар кандай муктаждыктагы балдарды колдоо компетенциясын дагы эстен чыгарбоо керек. Студенттер мектептеги практиканы эрте баштап, чыныгы класстык шартта иштөө тажрыйбасын топтошу зарыл. Муну менен бирге коом дагы башталгыч класстардын мугалиминин эмгегине жана анын аброюна болгон мамилесин жакшы жагына өзгөртүү керек. 
— Реформанын ийгилигин баалоодо мугалимдердин санына жана диплом алган бүтүрүүчүлөргө гана эмес, алардын кесиптик даярдыгынын сапатына да көңүл буруу зарыл. Университет педагогикалык билим берүүнүн натыйжалуулугун кайсы көрсөткүчтөр аркылуу баалашы керек? Бүтүрүүчүлөрдүн мектептеги ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү механизми барбы?
— Диплом алгандардын саны эмес, сапаты өтө маанилүү. Негизги жыйынтык — бүтүрүүчү мектепте кандай иштеп жатканы жана анын окуучулары кандай жыйынтыктарга жетип жатканында. Педагогикалык билим берүүнүн натыйжалуулугун баалоодо бир катар көрсөткүчтөргө көңүл бурулушу керек. Маселен: бүтүрүүчүлөрдүн иш менен камсыз болуусу жана кесиби боюнча иштеп калуусу, мектеп жетекчилеринин жана иш берүүчүлөрдүн, айрыкча ата-энелердин, окуучулардын баасы, бүтүрүүчүнүн кесиптик жактан өсүшү жана квалификациясы, бүтүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн ишине карата канааттануусу ж.б. Университеттин азыркы учурда өз бүтүрүүчүлөрүнүн мектептеги ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп турууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бизде системалуу түрдө бүтүрүүчүлөр менен байланышты сактоо, мектептерден сурамжылоо жана пикирлерин алуу, атайын жолугушууларды уюштуруу өңдүү иштер курамдарда, кафедраларда жолго коюлган. Бирок мындай мониторингди жалпы бир санариптик системага салып, үзгүлтүксүз жана так көрсөткүчтөргө таянган механизмге айландыруу келечектеги милдет жана аны Агартуу министрлиги, мектептер менен биргеликте чечүү керек.
— Жогорку окуу жайлар даярдаган адистер менен мектептердин реалдуу муктаждыктарынын ортосунда айырмачылыктар бар. Мектеп жетекчилеринин, тажрыйбалуу мугалимдердин жана билим берүү тармагындагы эксперттердин сунуштарын педагогикалык программаларга киргизүү кандай жолго коюлушу керек?
— Ооба, мындай ажырым бар экенин жашыра албайбыз. Аны жоюунун эң ишенимдүү жолу мектеп менен университеттин ортосунда туруктуу иштеген системаны түзүү. Муну системалуу жолго коюу үчүн бир нече ыкма колдонулат. Биринчиден, билим берүү программаларын иштеп чыгууда жана жаңылоодо мектеп директорлорун, тажрыйбалуу мугалимдерди жана жумуш берүүчүлөрдү расмий талкууларга катыштырабыз, сунуштарын эске алабыз. Экинчиден, мектеп мугалимдерин жана жетекчилерин университетте мастер-класстарга, атайын семинарларга, форумдарга чакырабыз. Министрликтин жана университеттин деңгээлинде эксперттик топтор иш алып барып, билим берүү программаларына сунуштарды беришет.
— 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө педагогикалык жогорку окуу жайлардын алдында турган эң чоң чакырык кайсы деп эсептейсиз? Сиз жетектеген окуу жай жакынкы жылдары педагогикалык билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн кандай артыкчылыктуу максаттарды көздөйт?
— Менин оюмча, 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө педагогикалык жогорку окуу жайлардын алдында турган эң чоң чакырык — дүйнөдөгү билим берүүдөгү өзгөрүүлөр менен биздеги билим берүүнүн сапатынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо. Реформа кыска убакытты талап кылганы менен, мугалим даярдоо узак процесс. Ошондуктан аны шашылыш эмес, сапаттуу жана ой жүгүртүп жүргүзүү маанилүү. Ошондой эле дагы бир чоң чакырык — таланттуу жаштарды педагогикалык кесипке тартуу жана жаш кадрларды мектептерде туруктуу кармап калуу.
Жакынкы жылдарга биздин окуу жайдын артыкчылыктуу максаттары катары билим берүү программаларын дүйнөлүк талап-чакырыктарга, стандарттарга жараша иштеп чыгуу, кесиптик билим берүүнүн жогорку сапатын камсыздоо, практикага багытталган окутууну жана мектептер менен өнөктөштүк тажрыйбасын бекемдөө, профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик чеберчилигин жана илимий потенциалын өстүрүү, санариптештирүүнү жана заманбап окуу чөйрөсүн дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлардын деңгээлинде өнүктүрүү, бүтүрүүчүлөрдүн сапатын туруктуу көзөмөлдөөчү жана жакшыртуучу мониторинг системасын түзүү сыяктуу максаттарды белгилеп кетмекчимин.