ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ

  • 27.10.2026

Таланттар кайнаган «Сейтек» — 90 жашта
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору — Кыргызстандагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн, балдардын чыгармачылыгын жана талантын өнүктүрүүнүн флагманы десек ашыкча болбостур. 2026-жылдын 30-октябрында “Сейтек” өзүнүн 90 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилегени турат. Бул куттуу мекеме миңдеген таланттуу балдардын жолун ачып келатат. Анда сөз башынан болсун.

ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ
Түптөлүшү жана совет доору
Борбордун тарыхы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын мезгилинен башталат. Мекеме 1936-жылдын 22-апрелинде «Фрунзе шаардык Пионерлер жана мектеп окуучуларынын үйү» (кийинчерээк Кычан Жакыпов атындагы Пионерлер сарайы) деген ат менен негизделген. Ал советтик доордо борбор калаадагы бардык пионерлердин маданий турмушунун, эстетикалык жана коомдук тарбиясынын башкы очогуна айланган.
Борбор өзгөчө архитектуралык кооз имаратка жайгашкан. Бул имарат 1977-жылы Саясий агартуу үйү (Дом политического просвещения) катары архитекторлор Куделя, Головонев, Шапошник жана Джумагалиевдин долбоору менен салынган. Кийинчерээк бул заманбап, чоң залы жана кеңири бөлмөлөрү бар имарат балдардын чыгармачылык борборуна өткөрүлүп берилген.

Эгемендүүлүк жылдары жана «Сейтек» аталышы
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, мекеме улуттук баалуулуктарга багыт алып, жаңы дем менен иштей баштаган. Алсак, 1993–1994-жылдары борбор расмий түрдө Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» борбору болуп өзгөртүлгөн.
Борбордун аталышы улуу «Манас» үчилтигинин үчүнчү бөлүгү болгон «Сейтек» эпосунун башкы каарманынын урматына коюлган. Бул ысым улуттук биримдикти, жаңыланууну, муундардын байланышын жана жаркын келечекти символдоштурат. Кийинчерээк борборго «Улуттук борбор» деген жогорку макам берилип, түзүмү өлкө деңгээлиндеги координациялоочу мекемеге айланган.

Азыркы абалы жана ишмердүүлүгү
Бүгүнкү күндө «Сейтек» КР Агартуу министрлигине караштуу ири маданий-агартуучулук экосистема болуп саналат. Борбордо жыл сайын 3000ден кем эмес балдар жана өспүрүмдөр кошумча билим алышат. Мекемеде элдик жана заманбап бий ансамблдери (мисалы, үлгүлүү «Байчечекей» фольклордук ансамбли), вокалдык студиялар, улуттук маданиятты өнүктүргөн комуз, тогуз коргоол, ордо, жаа атуу сыяктуу улуттук оюндар жана чыгармачыл ийримдер туруктуу иш алып барат. Борбор эл аралык деңгээлдеги балдардын чыгармачылык фестивалдарын (мисалы, «Чыгыш балдары достошот» фестивалы) өткөрүп, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу миссиясын аткарып келет.
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборун 30 жыл “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери”, педагогика илимдеринин кандидаты Сабийра Челпакова башкарып келди. 90 жылдык мааракеде бул инсандын “Сейтек” борборунун атын ааламга жеткиргени тууралуу айтпасак болбостур. Анткени “Сейтекти” С.Челпаковасыз элестетүү мүмкүн эмес. Анын жетекчилиги алдында борбордо 176 ийрим ачылып, мыкты хореографиялык ансамблдер түптөлүп, кыргыз маданияты балдар аркылуу дүйнө жүзүнө таанытылды.

Борбордун ардактуу наамдары
КРнын Президентинин Указдары менен 2007-жылы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борбору мектептен тышкары кошумча билим берүүдө өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келаткан муунду тарбиялоого кошкон кыйла салымы эске алынып, “улуттук” статуска ээ болду. Ошондой эле 2011-жылы балдарды жана өсүп келаткан жаш муунду маданий-эстетикалык, руханий жактан тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн жана борбордун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата “Сейтек” борбору “Даңк” медалы менен сыйланган.

Жаңы доордо — жаңы жетекчи
Юбилейлик мааракенин алдында «Сейтек» борборунун учурдагы жетекчиси Эрик Латыпов менен баарлаштык. Ал мааракеге даярдык көрүүнүн алкагында имаратты жаңылоо, балдардын билим алуусуна жана чыгармачылыгына ыңгайлуу шарт түзүү, билим берүү багыттарын кеңейтүү жана инфраструктураны өркүндөтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлгөнүнө токтолду.

ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ

— Эрик Вильданович, айтсаңыз чыгармачыл жана спорттук багыттагы өнүгүүлөр үчүн кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?
— Борбордо балдардын чыгармачыл иштөөсү үчүн эң жакшы шарттар түзүлдү. Бизде жаш сүрөтчүлөр ар кандай иш-чараларга карата өз эмгектерин көргөзмөгө коё турган планшеттер орнотулган. Балдар өз каалоосу менен тематикалык сүрөттөрдү тартып, илип коюшат. «Сейтекке» келген ата-энелер жана коноктор балдардын жетишкендиктерин көрө алышат. Бул балдарда кесипкөй сүрөтчү болууга болгон кызыгууну арттырат.
Ал эми шахмат ийримине келсек, ата-энелер концерттерге келгенде балдардын шахматка канчалык берилип, топтолуп машыгып жатканын көрүшөт. Быйыл контингентти да көбөйттүк. Өздөрү чемпион болгон жаңы шахмат мугалимдеринин келиши кубандырат, балдар алардан үлгү алып, кызыгуу менен үйрөнүп жатат. Ошондой эле «Сейтек» спорт багытындагы ишмердүүлүгүн күчөттү. Биз самбо секциясын кайра жандандырдык, ага эркек балдар гана эмес, кыздар да катышууда.
— Негизи борбордун мазмуну өзгөрдүбү?
— Эң негизгиси, биринчи кабатта айына бир жолу ачык сабактар өткөрүлүп турат. Жетекчилер ата-энелерге балдары эмнелерди үйрөнгөнүн көрсөтүшөт. Бул «Сейтек» борборун дагы да бекемдеп, аны балдардын экинчи үйүнө айлантат. Жалпы контингент 300 окуучуга көбөйүп, учурда ар кандай багыттар боюнча 2970 бала билим алууда.
Биз Агартуу министрлигине жана Бишкек шаардык билим берүү департаментине кайрылдык. Себеби шахмат жана сүрөт тартуу боюнча жакшы класстарыбыз бар. №24, №27, №4, №12 мектептер менен кызматташып, алардын окуучуларын кошумча билим алууга тартсак деп пландап жатабыз. Ошондой эле тематикалык концерттерди уюштуруп, мектеп жамааттарынын жетекчилерин чакырабыз. Бул кесипкөй жана чыгармачыл багытта биргелешип иш алып барууга чоң өбөлгө түзөт. Мындай жемиштүү иштердин натыйжасында биз мааракебизге үч масштабдуу долбоор менен келе жатабыз.
29-октябрда белгилүү балерина Б. Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата анын атын алып жүргөн Улуттук маданият жана искусство университети, консерватория жана хореографиялык окуу жайы менен биргеликте биздин жаңыланган сахнада масштабдуу иш-чара өтөт. Бул «Искусство түрүнө жана элдик салттарга болгон сүйүү» аттуу долбоор. «Ак Марал» элдик ансамблинин экс-солисткасы Ш. Сабиева Тугелов койгон алгачкы кесипкөй бийлерди көрсөтөт. Ал кыргыз бийинин мурасын окутуп келет. Тактап айтканда, биздин сахнада 1939-жылы түзүлгөн «Кийиз» бийинин мурасы тартууланат.
30-октябрда — биринчи кабатта 1936–2026-жылдарды камтыган архивдик материалдардын чоң көргөзмөсү уюштурулат.
2–7-ноябрь күндөрү — юбилейдин алкагында хореографтардын билимин жогорулатуу боюнча мастер-класстар өтөт. Тарыхта биринчи жолу медицина боюнча лекциялар каралган: баланы кантип туура өстүрүү керек, татаал кыймылдарды балага зыян келтирбей кантип үйрөтүү зарыл, кандай күч келтирүү (нагрузка) керек жана «экинчи демди» кантип калыбына келтирүү маселелери камтылат. Ошондой эле театралдык ийрим педагогдорубузга актердук чеберчиликти үйрөтөт. Эл аспаптар (хореография жана фольклор) боюнча да мастер-класс болот.
Биздин мугалимдер абдан күчтүү, ошондуктан алар кесиптештерине көп нерсени үйрөтө алышат. Быйыл дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн жогорку деңгээлдеги коноктор келгенде, биздин тарбиялануучулар аларды тосуп алып, бий тартуулашкан. Ошондуктан борборубуз 1991-жылдан бери кошумча билим берүүнүн лидери болуп келе жатканына сыймыктанабыз.
— Устатыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Сабира Мусилимовнага терең ыраазычылык билдирем. Ал баштаган бардык иштерди колдоп, борбордун өнүгүүсүнө пайдалуу болоруна качан болбосун ишенген. Эң негизгиси, С. Мусилимовна эң оор 90-жылдары балдар чоң сахнада өз өнөрүн көрсөтө алышы үчүн ушул имаратты сактап кала алган

— Келечектеги пландарыңыз?
— Борборду дагы да кеңейтип өнүктүрүү.
Суу спорт түрлөрүнө жана гимнастикага ылайыкташтырылган имараттарды кошуп куруу (пристройка) кыялым бар.
«Ак Марал», «Камбаркан» жана Карамолдо Орозов атындагы элдик ансамблдер менен биргеликте чоң концерттерди өткөрүү. Окуучуларыбыздын кесипкөй инсандар менен бирге сахнага чыгып, биргелешкен концерттерди берүүсүн пландап жатабыз.

Сөз соңу
«Сейтек» борборун жаңылоо — бул өсүп келе жаткан муундун келечегине кошулган реалдуу салым, улуттук баалуулуктарды сактоо жана заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Жүргүзүлгөн иштер «Сейтек» борборунун өлкөдөгү алдыңкы кошумча билим берүүчү мекеме катары макамын бекемдеп, анын мындан аркы өнүгүүсүнө бекем пайдубал түптөйт.

УСТАТТАР ЖОЛУ — УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ
Сабийра ЧЕЛПАКОВА, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, «Даңк» орденинин кавалери, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Сейтектин» мурдагы жетекчиси:

ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ
— Мен үчүн «Сейтек» экинчи үйүм болду. Өмүрүмдүн отуз жылын ушул борборго арнап, тарбиялануучуларыбыздын ийгилигине кубанып, кесиптештерим менен бирге түйшүктөрдү жеңип, чыгармачылык изденүүнүн жана үзүрлүү эмгектин жолун басып өттүм.
Кубанычты да, кыйынчылыкты да бирге бөлүшкөн кесиптештеримди, биз тарбиялап, өнөргө үйрөткөн ийримдин балдарын бүгүн өзгөчө жылуулук менен эстеп турам. Анткени «Сейтектин» эң чоң байлыгы — өз ишине берилген, жан дүйнөсүн балдарга арнаган педагогдор жана ушул жерден алган өнөрүн турмушта улантып, борборубуздун атын чыгарып келе жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз.
Бир кезде Пионерлер сарайы болуп түптөлгөн борборубуз бүгүн «Улуттук» макамга ээ болуп, «Даңк» медалы менен сыйланып, бүтүндөй республикабыздын таланттуу жаштарынын башын бириктирген чоң чыгармачылык очокко айланды. Бул — бир нече муун педагогдордун маңдай теринин, талыкпаган эмгегинин жана өз кесибине болгон чексиз берилгендигинин жемиши.
Бүгүнкү күндө «Сейтектеги» жакшы өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды көрүп, жүрөгүм кубанычка жана сыймыкка толот. Бай салттарыбызды сактап гана тим болбостон, аларды өнүктүрүп, борборубуздун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейип жатканы абдан кубандырат.
Борбордун материалдык-техникалык
базасын чыңдоого, балдардын чыгармачылыгы үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кошкон салымы үчүн азыркы директорубуз, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Э. Латыповго өзгөчө ыраазычылык билдирем.Ал эми «Сейтектин» эң чоң сыймыгы — таланттуу, шыктуу, чыгармачыл балдарыбыз! Алардын ийгиликтери артып, Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныта беришине тилектешмин. Кымбаттуу «Сейтегим», мындан ары да гүлдөп-өсүп, далай таланттарга канат байлап, жаңы ийгиликтердин башаты боло бер! Ар дайым жакшылыктын, чыгармачылыктын жана балдарга болгон сүйүүнүн очогу болуп тур! 90 жылдык мааракеңиздер кут болсун, сүйүктүү «Сейтегим»!

.Гүлнүр СУЛТАНАЛИЕВА, экс-директор:

— Национальный центр детей и юношества «Сейтек» по праву является флагманом внешкольного образования нашей страны. В Центре трудятся замечательные, преданные своему делу педагоги. Это сплоченный, дружный коллектив, воспитывающий сильных личностей и прививающий высокие нравственные качества!

Галина Александровна КУЛИКОВА, депутат IV созыва ЖК КР, Председатель Попечительского Совета НЦДЮ «Сейтек»:

ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ

— В моей многолетней трудовой биографии — а это более 40 лет — работа во Дворце пионеров и школьников им. Кычана Джакыпова в период с 1973 по 1979 годы занимает особое место. Это самая яркая, интересная и дорогая сердцу страница. Всё началось в 17-й школе, где я работала старшей пионерской вожатой со стажем всего 2,5 года. Меня неожиданно пригласили во Дворец пионеров — методистом по интернациональному воспитанию и руководителем Клуба интернациональной дружбы (КИД) «Чинара». В те годы городской Дворец пионеров во Фрунзе был центром всей политико-воспитательной и методической работы в столице (а порой и всей республики, поскольку республиканского Дворца тогда еще не было).Работать здесь считалось чрезвычайно престижно. Мне предстояло обучать старших вожатых, завучей по воспитательной работе и руководителей школьных КИД города. Несмотря на молодость, я принялась за дело с огромной гордостью и ответственностью. Чувствовать себя уверенно в коллективе «мэтров пионерского движения». Мы жили в прекрасное время, искренне веря в идеалы добра и справедливости. Пионерская организация учила любить Родину, уважать прошлое и дружить по-настоящему — без оглядки на национальности и регионы. Мы были единым целым под звуки горнов и барабанов. Годы работы методистом, а затем заведующей отделом подарили мне бесценную дружбу с потрясающими людьми. С теплом вспоминаю наших коллег: В.Н. Бедненко, О.С. Зайцеву, Л.В. Дмитрюкову, Н.Н. Пекина, Л.К. Ермакову (Фролову), Т.А. Григоренко, Л.И. Семёнову, Т.Г. Казанко, Н.Н. Волошину, Л.Н. Окорокову, Л.А. Доценко, Г.В. Светличную, Е.П. Бедареву, С.М. Челпакову, К.Ш. Шералиева, Г.И. Москаленко, А. Макарова и многих других. Работа кипела непрерывно. Наш отдел создавал пионерские приветствия к партийным съездам, праздникам и слетам. Тексты часто дорабатывали сами, зная, что именно найдет отклик в сердцах людей. Благодаря Дворцу я побывала в незабываемых командировках: сопровождала детей в «Артек» (Симферополь, Ялта, Севастополь) и международный лагерь «Навэдарь» в Румынии. Приобретенные здесь знания и организаторский опыт заложили фундамент всей моей дальнейшей жизни. Когда я работала заместителем министра образования, науки и культуры КР (1996 г.) и заместителем председателя Комитета ЖК КР по образованию (2007 г.), специфика внешкольных учреждений была мне знакома до мелочей. Сегодня я бесконечно горжусь тем, что являюсь Председателем Попечительского Совета Национального центра для детей и юношества «Сейтек» и отмечена знаком «Отличник образования КР». От всей души поздравляю коллектив НЦДЮ «Сейтек» — правопреемника нашего легендарного Дворца — с 90-летним юбилеем! Особые слова восхищения адресую директору центра, блестящему хореографу Эрику Вильдановичу Латыпову, который за короткий срок преобразил здание, создав идеальные условия для творчества детей и работы педагогов.

Чынара ЧОКУБАЕВА, Камкорчулар кеңешинин мүчөсү:

ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ

— Менин көп жылдык өмүр жолум Кычан Жакыпов атындагы Пионерлер үйү менен тагдырлаш болуп калды. Алгач ушул жерде пионердик хордо ырдап, ар кандай маданий-музыкалык иш-чараларга катышып, балалыгымдын эң сонун күндөрүн өткөрдүм. Кийин студенттик курагымда «Артек» пионер лагеринде иштеп, балдар менен иштөөнүн канчалык жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда кызыктуу жана ардактуу кесип экенин терең түшүндүм. Бүгүнкү күндө бул куттуу билим жана тарбия очогу 30 жылдан ашуун убакыттан бери «Сейтек» чыгармачылык борбору деген ат менен ийгиликтүү иштеп келет. Борбордо тарбияланып жаткан жаш таланттар кыргыздын ыр-бийин, улуттук каада-салтын дүйнөгө даңазалап жатышат. «Сейтек» миңдеген өспүрүмдөрдүн талантын ачып, алардын руханий дүйнөсүн байытып, чыныгы инсан болуп калыптанышына, дүйнө таанымынын кеңейишине чоң өбөлгө түздү деп эсептейм. Бул борбор жаш өспүрүмдөрдү гана тарбиялабастан, көптөгөн мыкты адистердин өсүп чыгышына, жаштардын эмгек жолунун башаты болушуна да кызмат кылды. Бул жерде иштеген ар бир педагог баланын жан дүйнөсүн түшүнүүнү, талантын ачып, туура жол көрсөтүүнү үйрөнүп, жакшылыктын үрөнүн себүүгө салым кошуп келишет.
Бүгүн мен 75 жаш курагымда да «Сейтек» чыгармачылык борборуна ишенимдүү көмөкчү болуп, аны колдоп-кубаттагым келет. Анткени бул борбордун босогосун аттаган ар бир адам жаштыктын демин, күч-кубатын жана чыгармачылык кубанычын сезет.

Ольга Сергеевна ЗАЙЦЕВА, экс-директор Центра:ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ— Дворец пионеров — это лучшее время в моей жизни! Он дал мне возможность встретиться и работать с прекрасными, невероятными по красоте души, людьми!
С благодарностью и восхищением хочу сегодня их назвать: Окорокова Л.М., Имирова З.М., Суморин М. А. , Коренченко Д.Р., Кемелгазиева Ш.К., Пекин Н.Н., Коганов И. М. , Свобода Л.В., Маркова Р.А. и всех- всех очень дорогих мне людей.
Преданность, порядочность, полная отдача делу и любовь! Такая самоотверженность сегодня — редкое качество, а во Дворце пионеров это всегда было нормой!
В те годы свежесть и новизну в коллектив Дворца пионеров принесла молодой педагог И. П. Соломко. Ансамбль «Улыбка» стал настоящей визитной карточкой Дворца. Также мы провели первый Детский фестиваль кыргызского детского творчества в постановке нашего педагога Алиева.
Именно наш коллектив, защищая права детей, отстоял здание Политпросвещения, где сегодня и расположен Центр «Сейтек».
Руфина Маликовна Денишева буквально искрилась разными идеями. По инициативе молодых педагогов мы стали проводить Международный фестиваль «Дружат дети Востока». Замечательно, что этот фестиваль продолжается и в наше время — за это огромное спасибо Сабире Челпаковой и всему коллективу.
Доброго здоровья тебе, мой любимый Дворец пионеров, мой «Сейтек», и вам, мои самые дорогие и родные люди! Процветайте! Желаю Вам, Эрик Вильданович, успешно продолжать начатые добрые дела и достигать с этим прекрасным коллективом новых творческих вершин!

Руфина ДАВЛЕТБАЕВА, г.Казань:

ЖАҢЫ ДЕМ, ЗАМАНБАП БАГЫТТАР МЕНЕН АЛДЫГА КАРАЙ КАДАМ

— Воспоминания о 24 годах работы и теплое поздравление из Казани.
Немного истории. Сейчас вспоминается то время, когда я, выпускница Кемеровского государственного университета, пришла работать в Городской Дворец пионеров и школьников имени Кычана Джакыпова методистом по Тимуровскому движению. Практически через полтора года меня назначили заместителем директора, где я глубоко погрузилась в работу с творческими коллективами.
Моя деятельность заключалась в организации и проведении мастер-классов для педагогов-хореографов всей республики, крупных международных и республиканских фестивалей, отчетных концертов, новогодних мероприятий с участием Президента. Безусловно, это был огромный профессиональный опыт: работа с педагогическим коллективом, детьми и их родителями, а самое главное — мой личностный рост как руководителя в большом Национальном центре детей и юношества «Сейтек».
Особые слова благодарности хочется сказать моему наставнику — Галине Васильевне Дубровской, человеку, который учил всех нас, молодых, быть руководителями на собственном примере. 24 года — это время, которое я с любовью посвятила своей работе в «Сейтеке».
Уже практически на протяжении 14 лет я продолжаю работать в образовательной организации Республики Татарстан, в городе Казани. Сейчас являюсь заместителем директора по дополнительному образованию Муниципального автономного общеобразовательного учреждения «Лицей – инженерный центр». Со своей стороны стараюсь сохранять связь с коллегами из образовательных учреждений Кыргызской Республики, ежегодно участвуя в Международном конкурсе исследовательских и изобретательских проектов «Мы — интеллектуалы XXI века», организуемом Национальной детской инженерно-технической академией «Алтын туйун».
В 2023 году совместно с центром «Сейтек» мы провели международный телемост на тему «Ч. Т. Айтматов — посланник мира и дружбы», посвященный 95-летию великого писателя.
Кроме того, обучающиеся нашего «Лицея – инженерного центра» ежегодно принимают участие в международном конкурсе «Айтматовские чтения».
Коллектив «Сейтека» — это удивительная команда, которая вызывает глубокое уважение не только в республике, но и далеко за ее пределами. Пусть ваши планы всегда будут амбициозными и успешно осуществивыми.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү