ЖАҢЫ ДООРГО ЖАҢЫРГАН МУГАЛИМ КЕРЕК
- 28.08.2025
- 0
Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өнүгүп, билим берүү системасына болгон талаптар дагы өзгөрүп жатат. Кыргызстандын билим берүү системасы да заманбап талаптарга жооп берүү максатында 12 жылдык билим берүү моделине жаңы окуу жылынан баштап өткөнү турат. Агартуу министрлиги мектептик билим берүүнү түп тамырынан бери өзгөртүүгө багыт алгандан баштап директорлорду, анын орун басарларын, мектептеги башкы фигура болгон мугалимдерди ушул күнгө чейин окуудан өткөрүштү. Биз айрым жетекчилерден, мугалимдерден министрлик уюштурган окуудан алган таасирлери боюнча сурамжылап көрдүк.

Чынара МАДАЛБЕКОВА, Новопокровка №1 мектебинин директору, Ысык-Ата району:

— 12 жылдык билим берүү боюнча уюштурулган бардык окууларга катыштык. Көп нерсеге үйрөндүк. Реформа жөн эле ортодон чыга калган нерсе эмес, бул -мезгилдин талабы, дүйнөлүк билим берүүдөгү талап кылынган маселе болуп эсептелет. Анткени биздин бүтүрүүчүлөрдүн чет мамлекетке барып окууга тапшырганда, дагы бир жыл курстан өтүү керек болот. Анткени биздин 11 жылдык алардын стандартына туура келбейт.
Модернизация — билим берүү үчүн өзгөрүүгө алып келе турган, балдардын билимин бекемдей турган негизги шарт, мезгил талабы деп эсептейм. Окуудан биз пайдалуу маалыматтарды алдык. КББА тарабынан бардык предметтердин стандарттары, мугалимдер үчүн календардык планы, сабактардын пландары иштелип чыгып, иштөөгө бардык жеңилдиктер көрүлүптүр. Санарип доорунда биз дагы мезгилден калбай санариптешүүгө өткөнбүз. Өзүбүздө болгон каражат менен кагаз түрүндө болобу, же электрондук форматта болобу бардык тиешелүү документтерди чыгарып алып, пайдалансак болот.
Биз азыр эч нерседен кыйналган жокпуз. Анткени Агартуу министрлиги, КББА бизге керек бардык документтерди, сабактардан бери даярдап берди, эми ошону окуп, түшүнүп, аны ишке ашыруу биздин колдон келет деп ойлойм. Мезгилдин бардык чакырыктарына даяр болушубуз керек. Дүйнө жүзү модернизацияланып жатканда эмне үчүн биз артка кайтышыбыз керек? Мамлекет жүргүзүп жаткан саясатты билим берүү тармагында эмгектенгендер колдоп, алдыга жылдырганга жапырт киришип, колдошубуз керек. Мугалимдер алдыда жүргөн, локомотив сыяктуу, интеллигенциянын туу чокусу. Мына быйыл билим берүү тармагы 100 жылга толду. 100 жылдан кийин билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүү – доордун талабы.
12 жылдык программага 1-класска 50 бала, 2-класска 60 бала кабыл алынды. Аны менен катар 11 жылдык программа менен окууну уланта беребиз. Бир сөз менен айтканда, жаңы окуу жылына мугалимдер дагы, окуучулар дагы даяр. Болгону ата-энелерден окуу китептери боюнча суроолор келип жатат. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Министр айым башында туруп “Учкун” басмаканасына барып, 2 млн сомдук китептер чыгып жатканын, 1-сентябрга чейин колубузга тиерин айтты. Электрондук варианты дагы бар экенин маалымдады. Биз ушулардын баарын ата-энелерге жеткирип, туура түшүндүрүп жатабыз. Ал эми 11 жылдык программа менен стандарт жарабайт дегенден алысмын, алардын айрым элементтерин алып, жаңы китептер келгенче окута бергенге даярбыз.
Окууда биз мектеп жетекчилери эски стандарт менен жаңыларды салыштырып карадык. Предметтердин ортосундагы, сааттардын айырмачылыктары тууралуу эми мугалимдерге түшүндүрүп туруу — биздин милдет. 12 жылдыктын өзгөчөлүгү — балдарды турмушка көндүрүү, практика жүзүндө иштетүү. Балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, анткени биз мурдагы системада мугалим көп иштеп, балдарга бергенибизди кайра талап кылчу элек. Эми, тескерисинче, балдарды көбүрөөк иштетип, алардын өзүлөрүнүн билим алууга умтулуусун ойготуу, алган билимин практикада пайдалануу. 12 жылдык билим берүү ар бир окуучуга сабактарды тереңирээк өздөштүрүүгө шарт түзөт. Ар бир класста окуу жүктөмү ылайыктуу бөлүштүрүлүп, окуучулардын билим сапаты жогорулайт. Мындай шартта балдар жөн гана маалымат албастан, аны талдап, түшүнүп, практикада колдонгонго үйрөнүшөт.
Окуудан жакшы китептерди алдык. Күнүмдүк тажрыйбалар жөнүндө. Аны ата-энелерге да берсек балдар үйүнөн, мектептен, класстан жасай берсе, баланын көзү ошого каныгат. Мага абдан жакты. Анткени кезегинде мен балдарды ушул нукта окутчу элем. Мисалы, турмуштан эле бир нерсени алып келип, тажрыйба жасай берчү элек. Ошол бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ата-энелер дагы түшүнөт, себеби ким эле баласынын билимдүү болуусун каалабайт. Азыркы заман – билимдүүнүн, санариптин доору.
Алина АНДАШОВА, башталгыч класстын мугалими, Чүй облусу:

— 12 жылдыкка өтүү боюнча билим берүү программасын кандай өтүү керектигин үйрөндүк. Азыр биз балдар менен оюн түрүндө, аз окутуп, көп практикалык көндүмдөрдү жасатуу керек экенин окудук. Биринчиден, мугалим өзү балдарга эксперимент көрсөтүп, бири-бири менен салыштырып, акырында жыйынтык чыгарып, балдарга түшүндүрүп берүүсү керек. Буга чейин мен ушул мектептен практикадан өтүп, бир жыл ассистент болуп иштегем, быйыл өзүнчө класс алып иштегени калдым. Мен балдарды абдан жакшы көрөм. Менин кыялымда мугалим болуу болчу, өзүм Кыргыз-Орус университетинин бүтүрүүчүсүмүн. Дагы деле окуюн деп башталгыч класстын мугалимдигине КББАга тапшырып койдум. Мугалим ар бир балага көңүл бурушу керек, аларды отур, тур дебей, анткени алты жаштагы балдар бири ойноп жүрүп түшүнөт, бири басып жүрүп түшүнөт, бири отуруп алып айткандарды илип алат. Ошондуктан ар бир баланын ою менен эсептешишибиз керек. Үнүбүздү да катуу чыгарбай, балдарды чочутпай, өз балабыздай карап, алардын ой жүгүртүүсүнө өзгөчө маани буруу керек деп ойлойм.
Чолпон АРЫКБАЕВА, башталгыч класстын мугалими, Ысык-Ата району:

— Мен жаш кадрмын. КББАнын педагогика бөлүмүнө кирип, окуп жатам. Мугалим өтө жоопкерчиликтүү кесип. 12 жылдыкка өтүү – учур мезгили. Балдарга оюн формасында, күнүгө бирден эксперимент көрсөтүү менен жугумдуу билим беришибиз керек. Маселен, “Мен жана дүйнө” деген сабакты берип жатканда, темага карата тажрыйба көрсөтүп, балдар өздөрү кармап көрүп, жасашы керек. Ошондо өтүлгөн теманы тезирек кабыл алат. Мага жаккан жери балдардын билими бааланбайт. Биринчи күндөн баштап баа менен коркутпай, балдардын ой жүгүртүүсүнө эркиндик берип, мунгалим дагы уга билиши зарыл. Анткени ар бир бала өзгөчө. Бири активдүү болсо, экинчиси жоош, үчүнчүсү бош болот. Ошондуктан ар биринин оюн угуу, эркин айтууга үйрөтүү. Барына бирдей мамиле кылуу менен билим берүүгө үйрөтүу керек экенин Агартуу министрлиги уюштурган окуулардан билип, үйрөндүк. Дагы деле болсо окуй берем, анткени жаңы китептер менен дагы иштешибиз керек.
Нурзат ЖУНУШОВА, О.Айбашов атындагы орто мектебинин биология мугалими, Кочкор району:

— 12 жылдыкка өтүү боюнча Айчүрөк Джусупбековна тренерлик кылып өттү. Анда 5-7-класстарда табигый-илимий предметтерде 5 Е жана 3С модели менен сабак өтүүдө практикалык түрдө сабактарга план конспектти жазууну өздөштүрдүк. 3С модели менен 5Е моделин бири-биринен айырмачылыгы жана окшоштугун аныктадык.
Айдай СУЛАЙМАНОВА, Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору, Кочкор району:

— 2025-2026-окуу жылына карата 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашыруу максатында, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары жетектеген окутуулардан өттүк. Бул окуудан мугалимдер 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштык, жана практикалык маселелер талкууланып жеткиликтүү маалымат ала алдык. Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, жаңы билим берүү стандарттары менен таанышуулар, жаңы программаларын сапаттуу өздөштүрүүгө жеткиликтүү жана пайдалуу болду. Ошону менен бирге Агартуу министрлиги тарабынан жаңы окуу методикалык комплекстери, окуучуларга арналган окуу китеби, жумушчу дептер жана мугалимдер үчүн колдонмо менен тааныштык.
Фарида КАЛЧАЕВА, Кочкор районундагы С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими:

— 12 жылдык билим берүүгө карата уюштурулган окуудан мен жаңы билим берүү стандарты боюнча кеңири маалымат алдым.12 жылдык милдеттүү жалпы билим берүү — бул ар бир окуучунун ички потенциалын ачууга багытталган. Математика предметинин стандартында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу болуп саналат. Мында окуучулар алган билимин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн реалдуу жашоодо колдонуу жөндөмүнө басым жасалаарын түшүндүм. Андан сырткары жаңы окуу программалары, окуу китептери, анын мазмуну боюнча маалыматтар берилди.
Кенже БАЙСЫМАКОВА, Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин окуу-бѳлүмүнүн башчысы:

— Жаңы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, предметтик стандарттар боюнча кеңири маалымат алдык, башталгыч класстарда “Мен жана дүйнө” предметин окутууда 5E жана 3С моделин колдонуу, окуучулардын математикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, “конкреттүү – образдуу — абстрактуу” окутуу усулун колдонуу боюнча кеңири түшүнүккѳ ээ болдук. Жаңы программа, окуу китептери, иш дептерлери, мугалим үчүн усулдук колдонмолор менен таанышып, практикалык тапшырмаларды аткаруу менен кѳндүмдѳргѳ ээ болдук.
Динара ЖАҢЫБАЕВА, Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин химия сабагынын мугалими, Айтматов району:

— Он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү үчүн чоң кадамдар ташталды. Анын алкагында форумдар уюштурулуп, мугалимдер билимин жогорулатуу курстарынан ийгиликтүү өтүп, чоң-чоң иштер жүргүзүлдү. Стандарттар өзгөртүлүп, жаңы программалар киргизилди, эми биз эл аралык стандарттарга негизделген сабактарды өтө алабыз. 12 жылдык окууга өтүү бизге инклюзивдик жана инновациялык билим берүүгө мүмкүндүк түзүп берүүдө. Билим берүүнүн санариптик платформага өтүшү да чоң жеңилдикке алып келүүдө. Электрондук күндөлүк менен иштөө биздин ишибизди жеңилдетип, бир канча деген документтерден бошотуп жатат. 12 жылдыка өтүү — бул биздин окуучуларыбыздын учурдун талабына ылайык сапаттуу билим менен камсыз кылууга чоң кадам болду.
Мадина ЖАНЫБЕК кызы, Э. Эсенаманов атындагы орто мектебинин жаш мугалими, Айтматов району:

— Акыркы мезгилде эң көп талкууланып жаткан маселелердин бири – бул 12 жылдык билим берүү системасы. Бул программа “Алтын Казык” долбоорунун негизинде ишке ашууда. Жакында Ысык-Көл облусунда «Жаңылыктын жарчысы» аттуу Агартуу министирлиги тарабынан уюштурулган форумга окуу бөлүм башчылары окуп келишти. Бизде табигый так илимдердин мугалимдери STEM багытында сабактарды өтүп, жыл бою бизге тажрыйба жайылтуу максатында ар кандай семинар, тренингдерди өтүштү. Ошондой эле райондук билим берүү тарабынан атайын окутуп, башталгыч класстардын (1-2-класстарынын) мугалимдери атайын окуудан өтүп келишти.
Жаңы программаны терең түшүнүү менен ар бир мугалим өзүнүн сабагында заманбап методдорду колдонууга даярдык көрүп жатат. Биз райондук билим берүү тарабынан да окутулуп, жаңы программа, анын максаттары жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат алдык. Андан кийин ата-энелер менен да жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.
Ата-энелерге негизги үч нерсени баса белгиледик:
- 12 жылдык система балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлгөнү;
- Ар бир класста билим акырындап тереңдетилип, бүтүрүүчү бала келечектеги кесибине ылайыктуу даярдык ала турганы;
- Бул өзгөрүү – дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келээри.
Албетте, ата-энелердин суроолору көп болду: “Балдарга оор болбойбу?”, “Жаңы программаны мугалимдер көтөрө алабы?”, “Жыйынтыгында кандай пайдалуу болот?” деген сыяктуу. Бирок түшүндүрүү иштеринен кийин алардын көпчүлүгү оң пикирге өтүштү.
Жаш мугалим катары мен бул өзгөрүүнү чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Анткени жаңы системада биз дагы жаңы методдорду үйрөнүп, балдарды заман талабына жооп бере тургандай тарбиялай алабыз. Эң негизгиси – ата-эне, мугалим жана коом бир багытта аракеттенсе, 12 жылдык билим берүү сөзсүз түрдө өз жемишин берет деп ишенем.
Жипаризат СЕЙДИЛДАЕВА, инновациялык Ж.Субанбеков атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими:

— Билим берүү жолунда чоң өзгөрүүнүн алдында турабыз.12 жылдык билим берүү системасына өтүү — бул чоң өзгөрүү жана анын ийгиликтүү болушуна ар бирибиз өз салымыбызды кошсок. Бул билим берүү бизге оордук туудурбастан, жаңы мүмкүнчүлүктөргө эшик ачылды деп ойлойм. Мамлекетибиз агартуу тармагына өзгөчө кам көрүп, Ысык-Көл — 2025 форумун уюштуруп берди. Бул форумга агартуучулар билимин өркүндөтүү гана эмес, эс алып билим куржунубузду толтуруп кайттык. Форумда ар бир предметти жаңыча ыкма менен окутууну терең дааналап түшүндүрүп, жаңыга багыт алып кадамыбызды өзгөртүшүбүз керек экенин ачыктады. 2025-2026-жаңы окуу жылына карата этап-этабы менен башталгыч класстын мугалимдери да окуудан өтүп, 12 жылдык билим берүүгө өз кадамыбызды таштадык. Демек, биз бул программа менен эң жөнөкөйлөштүрүп окутуп, окуучуларга өз алдынча билим берүүгө багыт беребиз.Таштаган жаңы кадамыбыз байсалдуу жана ийгиликтүү болсун деп айтаар элем.
Ботогөз АБДЫКАРОВА, Акымбеков Мамат атындагы орто мектебинин директору:

— «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык билим берүүгө өтүү процесси башталды. Жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилип, окуу программалар, календардык-тематикалык пландар иштелип чыкты. Бул мугалимдер үчүн чоң жардам болду. Жайкы мезгилде мектептен жалпы 12 мугалим: STEM предмети боюнча — 7 мугалим, башталгыч класстан — 5 мугалим 12 жылдык билим берүү боюнча окуу курстарынан, тренингден өтүштү. Окуп келип мектептин мугалимдерине тренинг өтүп, маалыматтар менен бөлүштү.
Билим берүү сайтында жайгаштырылган сабактарды өтүүнүн пландары, слайддар ар бир мугалимге чоң жардам. Жасалма интеллектти пайдалануу, документтерди санариптештирүү мугалимдин жумушун кыйла жеңилдетип, чыгармачылык менен изденүүгө, иштөөгө ыңгайлуулук жаратты. Башталгыч 1-, 2-класстын мугалимдери да төрт күндүк окутуудан өтүп, билим куржунун жаңы усулдук ыкмаларга байытып келишти.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер