Заманбап мугалим: Кесиптик өнүгүүнүн берекелүү айы башталды
- 04.08.2026
- 0
«Эгер биз бүгүнкү окуучуларды кечээги ыкмалар менен окутсак, алардын келечегин уурдайбыз». Жон Дьюи, америкалык педагог жана философ

Кыргызстанда 4-августтан тарта мектеп мугалимдерин окутуу башталды. Агартуу министрлиги бир айдан ашык убакыт ичинде республика боюнча 25 миңден ашык мугалимдин квалификациясын жогорулатат деп билдирди.
Эң оболу 455 усулчу (методист) Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүп, андан соң аймактарда мугалимдер үчүн окутууларды жүргүзүшөт. Анын ичинен 334 кыргыз тилдүү, 121 орус тилдүү адис.
Окутуулар үч багытты камтыйт: башталгыч билим берүү, математика жана табигый илимдер.
Окутууларга башталгыч класстардын 1–3-класстарынын, ошондой эле математика жана табигый илимдер боюнча 5-7- жана 8-класстардын мугалимдери катышат. Окутуу модулдары жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык иштелип чыккан.
Окутуу модулдары Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана «Окуу китеби» басма үйү тарабынан иштелип чыкты.
Мугалимдерди окутууда санарип технологияларды пайдалануу жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту ишке киргизген USTAT билим берүү порталы ийгиликтүү иштеп жатат.
Платформа аркылуу мугалимдер аралыктан окуп, онлайн курстардан өтүп, тест тапшырып жана электрондук сертификат алышууда. Порталда 68 окуу курсу жайгаштырылып, 26 миңден ашуун колдонуучу катталган.
Июнь айында Агартуу министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жана эл аралык Teach For All тармагынын мүчөсү болгон «Заманбап Мугалим» программасынын ийгиликтүү аяктаган 25 адис дагы мектептерге бөлүнгөнүн айта кетели.
Алар эки жыл бою Чүй облусундагы 12 мектепте эмгектенип, сабак берүү менен катар окуучулар менен бирге билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырышты, ата-энелер жана жергиликтүү жамааттар менен иш алып барышты. Ошондой эле Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин «Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика» магистрлик программасында билим алышты.
«Заманбап мугалим» программасынын үчүнчү толкунун студенти Адина Матишова:
«Аймактагы мектептерге барып иштеп өз салымымды кошсом деген окуучу кезимден бери кыялым бар эле. Университетти бүтүп атканда «Заманбап мугалим» программасынын жарыясын көрүп калдым. Менин баалуулуктарым бул программага туура келди. Эгерде бөлмөбүз эмнеге караңгы деп отура берсек түбөлүк отура беребиз. Эгер бирөө туруп ошол бөлмөгө шам жакса, жарык келет. Ошол сыяктуу эле билим берүүгө дагы ушундай шам жаккан кишилер керек. Ошон үчүн ушул программага кошулдум».
Жаңылануу мугалимден башталат
Кыргызстанда улуттук билим берүү тутуму 12 жылдык мектеп моделине көчүп заманбап жаңыланып жатканда өзгөрүүлөрдүн өзөгүндө мугалим туруш керектигин көп кайталап айтып жатабыз.
Билим берүү системасынын ийгиликтүү жаңыланышы эң оболу мугалимдин өзгөрүүсүнөн башталат. Анткени эң мыкты мамлекеттик стандарт, эң заманбап окуу программасы же эң жаңы окуу китеп болсо дагы аны мугалим ишке ашырат.
Бардык билим берүү реформалары акыры класста жүзөгө ашат. Окуучуга жаңы билимди, көндүмдү жана баалуулуктарды жеткирүүчү – мугалим.
Азыркы мектеп маалыматты жаттатууга эмес, окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, кызматташуу жана көйгөй чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул үчүн окутуунун жаңы ыкмаларын эң оболу мугалим өздөштүрүшү керек.
Ошол эле учурда технологиялар билим берүү чөйрөсүнө күргүштөп кирип жаткан маалда санариптик платформалар, жасалма интеллект, интерактивдүү ресурстар окуу процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланды. Мугалим бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана билгенде гана алардын пайдасы тиет.
Бүгүнкү балдар маалыматты башкача кабыл алышат, суроо беришет, өз алдынча изилдөөгө кызыгышат. Аларга жооп берүү үчүн мугалим да жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча окутушу зарыл.
Ошондуктан заманбап мектептеги мугалим тынымсыз өсүп-өнүгүүнүн үстүндө болушу керек. Өзү үзгүлтүксүз билим алып, өнүгүп турган мугалим гана окуучуларга үйрөнүүгө болгон кызыгууну жана жоопкерчиликти калыптандырат.
Билим берүү мугалимдин деңгээлинен жогору көтөрүлө албайт. Ошондуктан билим берүүнү жаңылоо жаңы имараттардан же окуу китептеринен эмес, мугалимдин кесиптик өсүшүнөн, жаңы көз карашынан жана окутуу философиясынын өзгөрүшүнөн башталат. Мугалим өзгөргөндө гана сабак өзгөрөт, сабак өзгөргөндө окуучу өзгөрөт, ал эми окуучу өзгөргөндө коомдун келечеги жаңыланат.
Бул ойду улуу агартуучу Конфуцийдин төмөнкү сөзү да бекемдейт:
«Эгер бир жылдык ийгиликке жетүүнү кааласаң – дан эк. Он жылдык ийгиликке жетүүнү кааласаң – дарак отургуз. Жүз жылдык ийгиликке жетүүнү кааласаң – адам окут.»
Демек, билим берүүнү жаңылоонун эң ишенимдүү жолу – мугалимдин өзүн өнүктүрүүгө, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө жана өзгөрүүлөрдү кабыл алууга даяр болушу. Мугалим өзгөргөн сайын мектеп өзгөрөт, мектеп өзгөргөн сайын өлкөнүн келечеги бекемделет.

Заманбап мугалимге зарыл көндүмдөр
Азыркы дүйнөдө мугалим жөн гана билим берүүчү эмес, насаатчы, фасилитатор, изилдөөчү, санарип колдонуучу жана өзгөрүүлөрдүн лидери болушу керек.
Педагогикалык чеберчилик жагынан алганда окуучуга багытталган окутуу, дифференциацияланган жана инклюзивдүү окутуу, долбоордук жана изилдөөчүлүк окутуу, компетенттүүлүккө негизделген баалоону колдонуу сыяктуу көндүмдөр зарыл болууда.
Ал эми санарип сабаттуу мугалим деген санариптик платформаларды жана онлайн ресурстарды колдонуу, жасалма интеллект (AI) куралдарын сабакты пландоодо жана окутууда натыйжалуу пайдалануу, санариптик коопсуздук жана маалыматтарды коргоо, онлайн кызматташуу жана санарип коммуникация көндүмдөрүнө ээ болуу дегендик.
Мындан сырткары фейк маалыматтарды таанып билүү, маалыматты сын көз менен баалоо, автордук укукту жана академиялык ак ниеттүүлүктү сактаган медиа жана маалыматтык сабаттуулук дагы маанилүү талап болууда.
Ошол эле убакта эмоциясын башкара билбеген мугалим заманбап мектепте иштей албайт. Ачуусун башкара албаган мугалимдер окуучуларга кол көтөрүп жиберген кейиштүү көрүнүштөргө өткөн окуу жылында бир нече жолу күбө болдук.
Чыгармачылык жана инновация – заманбап мугалимге коюлган маанилүү талаптардан болуп саналат. Бул деген жаңы окутуу ыкмаларын колдонуу, интерактивдүү сабактарды уюштуруу, окуучулардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрө билүү дегендик.
Биз азыркы дүйнөдөгү заманбап мугалимге коюлган талаптардын негизгилерин гана атап өттүк. Бул талаптарга жооп бербеген мугалим бүгүнкү мектептин жүгүн көтөрө албайт.
Заманбап мугалимдин эң маанилүү өзгөчөлүгү – өзгөрүүгө даяр болушу. Ал маалыматты гана жеткирбестен, окуучуга өз алдынча үйрөнүүнү, ойлонууну, кызматташууну жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууну үйрөтөт. Мындай мугалим келечектин жаранын тарбиялайт жана билим берүүдөгү реформалардын негизги кыймылдаткыч күчү болуп саналат.
Үзгүлтүксүз өнүгүү жана кызматташтык
Бул талаптарга жооп берүү бир күндө ишке ашпайт. Ал үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү, өзүн-өзү өркүндөтүүнү жана кызматташтыкты талап кылат. Жаңы деңгээлге умтулган заманбап мугалим үчүн азыркы убакта ар кандай жолдор жана мүмкүнчүлүктөр бар.
Мугалим дайыма жаңы билимдерди өздөштүрүп, курстарга, семинарларга, вебинарларга жана квалификацияны жогорулатуу программаларына катышып турушу керек. XXI кылымда диплом – башталышы гана, ал эми кесиптик өнүгүү – өмүр бою уланган процесс.
Жаңы методикаларды окуп коюу жетишсиз. Аларды сабакта колдонуп, натыйжасын талдап, кайра өркүндөтүү маанилүү. Ар бир сабак – мугалим үчүн да үйрөнүү мүмкүнчүлүгү.
Ар бир сабактан кийин: Эмне жакшы болду? Эмнени өзгөртүү керек? Окуучулар эмнени өздөштүрүштү? деген суроолорго жооп берүү мугалимдин кесиптик чеберчилигин арттырат.
Жаңы технологияларды жана жаңы методдорду колдонууда ката кетирүүдөн чочулабоо керек. Өнүгүү дайыма эксперименттен жана тажрыйбадан башталат.
Эл аралык жана жергиликтүү кесиптик коомчулукка кошулуу да өнүгүүнүн жакшы багыты. Башка мектептер, билим берүү тармактары жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу жаңы идеяларды, мыкты тажрыйбаларды жана дүйнөлүк билим берүү тенденцияларын өздөштүрүүгө жардам берет.
Заманбап мугалим бардык жоопту билген адам эмес, окуучусу менен бирге изилдеген, бирге үйрөнгөн инсан. Бул мамиле өз ара урматтоону жана ишенимди күчөтөт.
Заманбап мугалим болуп төрөлбөйт — заманбап мугалим болуп калыптанат. Бул жол үзгүлтүксүз окууну, өзгөрүүгө даяр болууну, кесиптештер менен кызматташууну жана ар бир окуучунун ийгилиги үчүн жоопкерчиликти талап кылат. Дал ушундай мугалим гана билим берүү реформаларын турмушка ашырып, келечектин жарандарына сапаттуу билим бере алат.
Ошондуктан заманбап мугалимдин эң негизги өзгөчөлүгү — үйрөнүүнү эч качан токтотпоо. Өзү өнүккөн мугалим гана окуучусун өнүктүрө алат, ал эми өнүккөн мугалимдер иштеген мектепте сапаттуу билим берүүнүн бекем пайдубалы түптөлөт.
Командалык дух жана биримдик
Мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири – командалык дух жана биримдик. Мектепте ынтымактуу, коопсуз жана иштиктүү билим берүү чөйрөсүнүн болгону зарыл шарт. Эт менен челдин ортосунда жүргөнгө кынык алган, жылуу ордунан жылгысы келбеген, башка кесиптешин көрө албай, кайра бут тоскон мугалимдер үстөмдүк кылган жамаатта ийгиликтүү болуу кыйын.

Күчтүү мектеп күчтүү командадан башталат. Сабактарды биргелешип пландоо, ачык сабактарды өткөрүү, өз ара байкоо жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу мугалимдин кесиптик өсүшүн тездетет.
Азыркы мектепте жогорку натыйжага жалгыз мугалим эмес, бирдиктүү максатты көздөгөн, бири-биринен үйрөнгөн жана бири-бирин колдогон педагогикалык жамаат жетишет. Командада иштеген мугалимдер тажрыйба алмашат, биргелешип сабактарды пландашат, жаңы ыкмаларды сынашат, көйгөйлөрдү чогуу талдап, натыйжалуу чечимдерди табышат. Мындай кызматташтык ишенимди бекемдеп, чыгармачылыкты арттырат жана ар бир мугалимдин кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзөт. Натыйжада мектепте үзгүлтүксүз өнүгүү маданияты калыптанып, окуучулардын билим сапаты да жогорулайт.
«Эгер тез жетүүнү кааласаң – жалгыз бар. Эгер алыска жетүүнү кааласаң – бирге бар» деген накыл сөз бар эмеспи.
Билим берүүдө да ушул принцип иштейт: күчтүү мугалим жакшы сабак берет, ал эми күчтүү команда күчтүү мектепти түзөт. Заманбап мектептин ийгилиги – ар бир мугалимдин жеке жетишкендигинде гана эмес, алардын өз ара ишениминде, кызматташтыгында жана жалпы миссия үчүн биргелешип аракеттенүүсүндө жатат.
Рита Тынаева, «Кут Билимдин» штаттан тышкары кабарчысы
Комментарийлер