Заманбап мазмундук жаңылануу: КББАнын кесипкөй ишмердиги

  • 14.05.2026
  • 0

Коомдук сайттарда билим берүүдөгү масштабдуу жаңылануу жана өзгөрүүлөрдү түркөй түшүнүктөгү адамдар сындап жатканда, Агартуу министрлиги 12 жылдык мектепке өтүүнүн алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын караган улуттук форумга даярданууда. Бул форумду утурлай, билим берүүнүн жаңы мазмундук негиздерин жана стандарттарын камсыз кылган башкы мекеме – Кыргыз билим берүү академиясы улуттук мектепти заманбап жаңылоо процессинин алкагында аткарылган иштеринин отчетун жарыя кылды.

Кыргыз билим берүү академиясы 2025-2026-окуу жылында өлкөнүн билим берүү тармагын трансформациялоо, 12 жылдык мектеп моделине өтүү багытында масштабдуу иштерди аткарды. Академиянын отчеттук маалыматтарына таянсак, өткөн жыл мазмундук жана институционалдык өнүгүү жагынан маанилүү этап болду.

 

Мектептик билим трансформациясы: мамилелер, жолдор, шарттар

Заманбап мазмундук жаңылануу: КББАнын кесипкөй ишмердиги

Жаңыланган билим берүү мазмунун киргизүүнүн жана 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн башталышы билим берүү тармагынын башкы илимий-методикалык мекемеси катары Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан камсыздалды.

КББА 2025-2026-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарын 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өткөрүүнүн башталышын илимий-методикалык, ченемдик жана уюштуруучулук жактан коштоону камсыз кылды.

12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен бекиген)  эң алды КББАнын окумуштуулары тарабынан эксперттик коомчулук, практик-мұгалимдер жана педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыкты.

Концепцияны ишке ашыруунун алкагында КББА тарабынан төмөнкү документтер иштелип чыкты:

  • жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты;
  • кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептер үчүн Базистик окуу планына (БОП) ылайык бардык окуу предметтери боюнча 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар;
  • кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн бардык предметтер боюнча 1-9-класстардын окуу программалары;
  • 12 жылдык окутуу моделине өтүп жаткан 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн календардык-тематикалык пландар;
  • жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруу боюнча педагогикалык кызматкерлерге практикалык методикалык жардам катары презентациялык материалдар жана методикалык иштелмелер.
  • Заманбап мазмундук жаңылануу: КББАнын кесипкөй ишмердиги

Иштелип чыккан материалдардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, окуу программалары, календардык-тематикалык пландар, презентациялар жана методикалык сунуштар КББАнын расмий сайтына жайгаштырылды.

КББА тарабынан август педагогикалык кеңешмелеринин алкагында «Кут Билим» гезитине жарыялоо үчүн мектептик циклдеги бардык предметтер боюнча методикалык сунуштар дагы иштелип чыкты. Аталган материалдар жаңыланган стандарттардын жана окуу программаларынын мазмунун түшүндүрүүгө, ошондой эле аларды билим берүү процессинде практикалык жактан ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, КББА жаңыланган ченемдик жана окуу-методикалык документтерди түшүндүрүү жана ишке киргизүү максатында «Жаңылыктын жарчысы» аттуу республикалык педагогикалык форум өткөрдү:

  • 2025-жылдын 14-июнунан 21-июнуна чейин — 3 агым;
  • 2025-жылдын 4-августунан 13-августуна чейин — 4 агым;
  • 2025-жылдын 15-сентябрынан 21-сентябрына чейин — 3 агым.

Форумга катышкандар болжол менен 2500 адам болду, алардын ичинде облустук квалификацияны жогорулатуу мекемелеринин кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, мектептик усулдук бирикмелердин жетекчилери жана мектеп директорлорунун орун басарлары бар.

Заманбап мазмундук жаңылануу: КББАнын кесипкөй ишмердиги

2025-жылы август айында өткөрүлгөн «Маариф» билим берүү борборунун базасында жеке менчик мектептер үчүн семинарды, Сокулук районунун директорлорунун орун басарлары жана методисттери үчүн семинарды айтса кетсе болот.

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жүргүзүлгөн иштер 2025-2026-окуу жылында Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарын 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өткөрүүнүн башталышын жана жаңыланган билим берүү мазмунун киргизүүнү системалуу илимий-методикалык жактан коштоону камсыз кылды.

Жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруу практикасын изилдөө

12 жылдык мектептик билим берүүнү ишке ашырууну илимий-методикалык жактан коштоо максатында Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) жаңыланган билим берүү мазмунун киргизүү практикасын изилдөөгө, жаралып жаткан кыйынчылыктарды аныктоого жана окуу-методикалык камсыздоону мындан ары өркүндөтүүнүн багыттарын аныктоого багытталган изилдөө иштерин жүргүздү.

Изилдөө 2025-2026-окуу жылынын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлүп, өз ара байланышкан эки этапты камтыды.

I этап – педагогикалык кызматкерлерди сурамжылоо. Педагогикалык коомчулуктан кайтарым байланыш алуу максатында КББА тарабынан 12 жылдык билим берүү моделинин алкагында окутууну жүргүзүп жаткан мугалимдер үчүн анонимдүү сурамжылоо иштелип чыкты. Сурамжылоого республиканын бардык аймактарынан 12 жылдык окутуу моделине өткөн класстарда сабак берген 8200 мугалим катышты.

Алынган жыйынтыктар педагогдордун төмөнкү багыттар боюнча негизги кыйынчылыктарын аныктоого мүмкүндүк берди:

  • жаңыланган предметтик стандарттарды ишке ашыруу;
  • окуу программаларын колдонуу;
  • календардык-тематикалык пландаштыруу;
  • 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында окуу процессин уюштуруу.

II этап – окуу сабактарына катышуу. Изилдөөнүн экинчи этабында КББАнын кызматкерлери, анын ичинде предметтик стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгуучулар, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарындагы сабактарга рандомдук негизде катышуу аркылуу билим берүү процессине мониторинг жүргүзүштү.

Сабактарга катышуу мектеп администрациялары менен алдын ала макулдашылбастан жүргүзүлдү, бул байкоолордун объективдүүлүгүн камсыз кылууга жана жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруунун реалдуу практикасы боюнча маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди.

Мониторингдин алкагында 32 жалпы билим берүү уюмуна барылды, ар кандай предметтер боюнча 210 окуу сабагына байкоо жүргүзүлдү.

Бардык байкоолор КББА тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү байкоо баракчаларына катталып, алынган маалыматтарды системалаштырууга жана андан ары талдоого мүмкүнчүлүк түздү.

 Учурдагы иш этабы

Азыркы учурда КББА сурамжылоонун жана байкоолордун жыйынтыктарын системалаштыруу жана аналитикалык иштеп чыгуу иштерин жүргүзүүдө. Алынган маалыматтардын негизинде аналитикалык корутундуларды жана 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү ченемдик, окуу-методикалык жана уюштуруучулук жактан коштоону мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды камтыган Кыргыз билим берүү академиясынын изилдөө отчёту даярдалууда.

Мындан тышкары, КББА 12 жылдык мектептик билим берүүнү ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү улантуу жана кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугун баалоо максатында 2025-2026-окуу жылынын II жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча изилдөөнүн кийинки этабын өткөрүүнү пландаштырууда.

Мамлекеттик тил жана тарбия багыты

Кыргыз тилин окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тематикалык-ситуациялык принципке негизделген жаңы окутуу модели иштелип чыкты. Аталган модель окуучулардын тилдик компетенцияларын өнүктүрүүгө, кыргыз тилин турмуштук кырдаалдар менен байланыштырып өздөштүрүүгө жана коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.

Мындан тышкары, кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутууда заманбап усулдук ыкмаларды колдонуу максатында «Кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутууда деңгээлдик мамилени колдонуу» аттуу методикалык курал иштелип чыкты. Методикалык курал билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутууну деңгээлдик негизде уюштурууга жана окуучулардын тилди өздөштүрүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутуу процессин жүргүзүүгө багытталган.

Ошондой эле, окуучулардын руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү максатында «Улуттук нарк – дүйнөлүк бийиктик» аттуу тарбия концепциясы иштелип чыгып, билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталды.

Инклюзивдик билим берүү жана коопсуздук

Кыргыз билим берүү академиясы инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана бардык балдардын сапаттуу билим алууга болгон укугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда.

Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды окутууну колдоо максатында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын окуу программалары иштелип чыкты. Ошондой эле мамлекеттик тилде муундарга бөлүнгөн балдар жомокторунун жыйнагы жана логопедиялык таблицалар даярдалып, басылып чыгарылды. Аталган материалдар балдардын тилдик өнүгүүсүн колдоого, окуу көндүмдөрүн калыптандырууга жана коррекциялык-педагогикалык иштерди натыйжалуу уюштурууга багытталган.

Мындан тышкары, Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Узак мөөнөттүү дарыланууда жүргөн балдарды окутууну уюштуруу жөнүндө жобо» бекитилип, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине өткөрүлүп берилди.

Экологиялык окутуу, кесипке багыт берүү

Окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилесин өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында «Экотуризм» интеграцияланган курсунун долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Мындан тышкары, 8-класстардын окуучулары үчүн кесипке чейинки багыт берүүчү ийрим иштерин камтыган компоненттер иштелип чыкты.

Эл аралык кызматташтык

2025-2026-окуу жылында Кыргыз билим берүү академиясы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мектептик билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү багытында дагы бир катар иштерди жүргүздү. Россия Федерациясы менен түзүлгөн мамлекеттик келишимдин алкагында эки өлкөнүн мектептик билим берүү системаларындагы предметтик стандарттарга, окуу программаларына жана базистик окуу пландарына салыштырмалуу талдоо жүргүзүлдү.

Аталган иштин негизги максаты, курулуп жаткан 9 мектеп үчүн билим берүү мазмунундагы окшош жана айырмалуу багыттарды аныктоо, эл аралык тажрыйбаларды өз ара талдоо жана окуу жүктөмдөрүн жана билим берүү мазмунун оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Талдоонун негизинде КР менен РФ окуу документтеринин салыштырмалуу матрицалары, анын ичинде: календардык-тематикалык пландардын (КТП); базистик окуу пландарынын (БОП) биргелешкен матрицалары иштелип чыкты.

Изилдөөнүн жыйынтыгында мектептик билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, окуу материалдарынын ырааттуулугун камсыз кылуу жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аналитикалык корутундулар жана сунуштар даярдалды.

Жүргүзүлгөн иштер эл аралык билим берүү тажрыйбасын өздөштүрүүгө, билим берүү мазмунун заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө жана 12 жылдык мектептик билим берүү моделин илимий-методикалык жактан өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргыз билим берүү академиясы 

Бөлүшүү

Комментарийлер