ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ ЕВРАЗИЯ ИЛИМИЙ МЕЙКИНДИГИН БИРИКТИРЕТ

  • 10.07.2026
  • 0

Ысык-Көлдүн жээгинен башталган илимий демилге бүгүн Борбордук Азия менен Европанын алдыңкы университеттеринин башын бириктирген эл аралык таанымал аянтчага айланды. Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында Евразия өлкөлөрүнүн бухгалтерлеринин жана аудиторлорунун XV юбилейлик Ысык-Көл форуму – «Исраилов окуулары» уюштурулду.ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ ЕВРАЗИЯ  ИЛИМИЙ МЕЙКИНДИГИН БИРИКТИРЕТБул масштабдуу илимий иш-чараны Ысык-Көл форуму жана Будапешт Метрополитан университети Чехия-Евразия академиялык коомчулугу, Словакиянын «Time In» илимий басмаканасы, ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары: Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ош мамлекеттик университети жана Шерхан Муртаза атындагы Эл аралык Тараз университети менен биргеликте уюштурушту. Форумдун башкы илимий окуясы катары анын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ал «Туруктуу өнүгүү шартында Евразия экономикаларын санариптештирүү: интеллектуалдык технологиялардын, эсептин, аудиттин, финансылык укуктун жана башкаруунун ролу» деп аталды. Анда экономиканы өнүктүрүү, санариптешүү, финансылык көзөмөл жана мамлекеттик башкаруунун актуалдуу маселелери кызуу талкууланды.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Чехия, Венгрия, Түркия жана Евразиянын башка өлкөлөрүнөн 60тан ашык белгилүү окумуштуулар, профессорлор, докторанттар, аспиранттар жана мамлекеттик органдар менен кесиптик коомчулуктун өкүлдөрү
катышты.

Улуттук илимий мектептин негиздөөчүсү

Форумдун тарыхы 2011-жылга барып такалат. Анын негиздөөчүсү жана идеялык дем берүүчүсү – экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, «Даңк» орденинин ээси, өлкөбүздүн «№001 Бухгалтер» төш белгисинин ээси Мукаш Исраилов. Профессор М.Исраилов ата мекендик илимдин тарыхында «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча Кыргызстандагы эң биринчи илимдин кандидаты жана эң биринчи илимдин доктору болуп саналат. Ал өлкөдө бул багыттагы улуттук илимий мектептин пайдубалын түптөгөн.

Бүгүнкү күндө профессордун илимий жетекчилиги астында 60тан ашык диссертация, анын ичинде 25 докторлук иш ийгиликтүү корголгон. Анын шакирттери Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ири университеттеринде, илимий борборлорунда заманбап илимди татыктуу өнүктүрүп жатышат.ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ ЕВРАЗИЯ  ИЛИМИЙ МЕЙКИНДИГИН БИРИКТИРЕТ15 жыл мурун чакан кесиптик демилге катары башталган бул форум Кыргызстан, Түркия жана Чехиядан кийин быйыл биринчи жолу Венгрияда уюштурулуп, өзүнүн жогорку эл аралык макамын дагы бир жолу далилдеди. Юбилейлик иш-чаранын алкагында экономика илиминин, бухгалтердик эсептин, аудиттин жана жогорку билим берүүнүн өнүгүшүнө, илимий кадрларды даярдоого зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуулар өзгөчө урмат-сый менен эскерилди. Алардын катарында: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Айганыш Саякбаева; Казакстан Республикасынын билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери, экономика илимдеринин доктору, профессор Серик Тажибаев; Экономика илимдеринин доктору, профессор Анарбүбү Шербекова бар.

Келечекке кадам

Форумдун программасы абдан бай уюштурулуп, пленардык жыйындар, илимий секциялар, эксперттик талкуулар жана тегерек столдор менен коштолду. Ошондой эле университет жетекчилеринин жолугушуулары өтүп, анда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык мобилдүүлүктү арттыруу жана эл аралык билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу келечеги кеңири талкууланды.

Ысык-Көлдүн жээгинен Жер ортолук деңизине чейин, Влтавадан Дунайга чейин созулган бул илимий жол жылдан-жылга географиясын кеңейтүүдө. Профессор Мукаш Исраиловдун идеясынан жаралган бул форум бүгүн Борбордук Азия менен Европанын илимий мектептерин жакындатып, илим чек араларды, муундарды жана мамлекеттерди жалпы келечек үчүн бириктире аларын иш жүзүндө көрсөтүүдө.

М.ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер