ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

  • 21.05.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылын аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты жылдагыдай эле 25-майда белгиленет. Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча быйыл 11-классты 76 миңден ашык бала, 9-классты 127 миңден ашык бала аяктап жатат. Мында жеке менчик мектептердин жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрү да бар.

Ошентип окуу жылы аяктап, мектеп жыл жыйынтыгын чыгаруу камында. Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев атындагы мектеп администрациясы окуу жылындагы ийгилик-жетишкендиктерин тыянактаган жыйынга окуучулардан тышкары, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигин, ата-энелерди жыл ичи кызматташып келаткан өнөктөштөрүн чакырды.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Мектептин директору Айнура Масылова аяктап жаткан окуу жылы алар үчүн жемиштүү жыл болгонун, айрыкча, билим таймашында окуучулардын күчүн сынаган олимпиадада ийгиликтер мол болгондугун кабарлады.

— Биздин мектепте жалпысынан алганда 840 бала билим алат. Быйыл 11-классты 52 бала, 9-классты 95 бала аяктоо алдында турат. 9 бала артыкчылык күбөлүккө талапкер. Жалаң “бешке” окуган бир окуучу кызыбыз “Алтын тамгага” көрсөтүлгөн. Мектепте ата-энелердин суроо-талабы менен үч жыл илгери орус класстарын ачканбыз. Мектепте азыр 48 мугалим эмгектенет. Баардыгы жогорку билимдүү. Мугалимдерибиз жетиштүү, алардын 70 пайызы жаштар, баардыгы изденген, кесибин сүйгөн кыйын мугалимдер. Окуу жылын жыйынтыктаган салтанатыбызды “Ынтымак – ийгиликтин башаты” деп бекеринен атаган жокпуз. Анткени ынтымак тынчтыкты, достукту жетелейт.

Алты жылдан бери окуу жылын жыйынтыктап, ийгилик жараткан окуучуларыбызды, алардын ата-энелерин жана мугалимдерибизди куттуктап, кызыл килемден бастырган жакшы жөрөлгөбүз бар. Быйыл ийгиликтерибиз арбын. Райондук олимпиаданын экинчи этабында 14 бала бардык предметтен (информатика, англис тилинен башка) биринчи орунду камсыздады. Облустук, республикалык деңгээлге чыккан окуучуларыбыз бар. Республикалык “Кыздарды коргоо” лигасында биздин мектеп байгелүү үчүнчү орунга жетишкенин да сыймыктануу менен белгилей кетким келет.

ЖТРдан чынында бир аз артта калып жатканыбызга байланыштуу, жыл сайын бүтүрүүчү класстагы балдарыбыздын билимин ар тараптуу баалоого басым жасап, ар түрдүү көз карандысыз тесттерге, онлайн окутууларга катыштырып келебиз. Каражат маселесин чечүүдө бизге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакшы колдоо көрсөтөт. Мен өзүм айылдык кеңештин депутаты катары сунуш киргизип, айыл өкмөтүнөн 290 миң сом бөлдүрүп алганбыз. Мектептин аракетин байкаган ата-энелердин да салымы чоң, — дейт директор.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Мектептин директору башында турган мугалим жамааты жыл жыйынтыгында ата-энелерди, өнөктөштөрүн чакырып, окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө жана мектептин материалдык базасын чыңдоодо мектептин өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн Ардак грамота, ыраазычылык кат тапшырууну жакшы салтка айландырган. Бул өз жемишин берүүдө. Биринчи кезекте балдарга жакшы мотивация берет. Айрыкча кызыл килем үстүнөн басып өткөнү окуучулар эмес, ата-энелер үчүн да сөз менен жеткире алгыс кубаныч тартуулайт.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Акыркы коңгуроого, бүтүрүү экзамендерине арналган мына ушундай салтанаттарда окуучулардын коопсуздугу да тыкыр көзөмөлдөнүп, Өспүрүмдөр менен иштөө инспекция өкүлү, медициналык кызматкерлер кошо чакырылат. Андан тышкары ата-энелер арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

— Биз ар бир иш-чара өткөрүүнүн алдында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, тартип сактоонун бардык чараларын көрөбүз. Балдардын өзүнө, ата-энелерине коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөрдү жазуу түрүндө да таратабыз. Анын баары Билим берүү жана илим министрлигинин массалык иш-чараларга балдарды тартуу жөнүндөгү № 708/1 буйругунун негизинде жүргүзүлөт. Министрликтин расмий билдирүүсүндө салтанаттуу иш-чара учурунда мугалимдер балдардын коопсуздугуна кам көрүп, иш-чаранын соңунда ата-энелеринин коштоосунда үйлөрүнө узатып жиберүүгө тийиш экендигин да эскертип жатабыз, — деп белгиледи Айнура Садыковна.

Салтанаттын жүрүшүндө окууда жана спортто ийгилик жараткан алдыңкы 14 окуучуга Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Якупова Ардак грамоталарды, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин атынан айылдык кеңештин төрагасы Эрмек Чубаков акчалай сыйлыктарды тапшырды. Окуучулар ата-энелеринин коштоосунда жогоруда айтылгандай кызыл килем үстүнөн сыймыктануу менен өтүштү.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Олимпиаданын экинчи этабында биология сабагынан үч окуучу биринчи орунду ээлеген. Алар: 11-“б” класстын окуучусу Каниет Мухтарова, 10-“б” класстын окуучусу Айдана Бейшенбаева жана 9-“б” класстын окуучусу Нурзат Асакеева.

Окуучулары жалаң биринчи орунду багындырган биология сабагынын мугалими Толгонай Барктабасова ушул мектепте иштеп жатканына жети жылдын жүзү болду. Анын айтымында, окуучулары акыркы төрт жылдан бери райондон алдыңкы орундарга жетишип келатат. Ийгиликтерди жараткан мугалимдин кандай өзгөчө ыкмасы бар болду экен деп кызыгып суроо узаттык.

— Өзгөчө деле ыкмасы жок. Бирок окуучуларга баа коюуда өзүнчө талап коем. Мисалы, чейректен “үч” алышы үчүн дептери толук болушу керек болсо, “төрт” деген баа алышы үчүн теманы жок дегенде жарым-жартылай айтып бериши керек, ал эми “беш” деген баа алышы үчүн жазгандарын, теманы толук түшүнүп айтып берүүгө тийиш. Бул эми окуучуларды сабагыма кызыктыруу үчүн эле колдонулган ыкма. Чындыгында окуучуларымдын өздөрүнүн аракеттери жана ата-энелеринин жардамы зор. Мен балдарды сабактан кийин 4-5 саат алып калган учурларды ата-энелери туура кабыл алышат. Кошумча сабактарды өтүүдө кээде мен бошобой же чарчап калсам, өздөрү келип “Бизди карап эле туруңузчу” деп турушат. Сабактын жаңы темасын окуучуларга түшүндүрүүдө көргөзмөлөрдү колдонуунун ролу чоң. Мектепке ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан демөөрчүбүз Каныбек Жамангулов үч микроскоп, бир телевизор алып берген. Андан тышкары балдарым өздөрү үйлөрүнөн, көчөдөн курт-кумурскаларды ж.б. ала келишип, изилдегенге дилгирленип турушат. Айрыкча генетикалык маселелерди изилдегенде өзүбүздүн тажрыйбабызга таянып, үй-бүлөнүн таржымалып иликтеп чыгабыз, — дейт биолог мугалим.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Салтанат катышуучуларынын бүйүрүн “Көңүлдүү старттар” деп аталган спорттук бөлүмү өзгөчө кызытты. Алып баруучулук ролун аткарган башталгыч класстын мугалими Толкун Мамадалиева мектеп администрациясынын идеясын ишке ашырууга баары активдүү аракеттенгендерин, “Ынтымак”, “Достук”, “Тынчтык” командаларына ата-эне, мугалим жана жетекчиликтен бирден өкүл кошуп алышканы, айрыкча, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Медеркуловна өзү кошулганы да өзгөчө боек тартуулаганын белгиледи.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Якупованын айтымында райондогу Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 25 кызматкери мектептерге бөлүштүрүлүп, ар бирине бекитилген. Алар окуучулар жана алардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштерин камтыган рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүшүүдө.

— Бизде азыр 25-майда өтө турган иш-чарага даярдыктар көрүлүп жатат. Ал күнү ар кандай күтүүсүз окуялар орун алышы толук ыктымал болгондуктан, тартип бузуулардын алдын-алуучу атайын программа иштелип чыкты. Мектептердеги зордук-зомбулук фактылары өтө татаал көйгөй жана аны четтетүүдө бардык факторлорду эске алууга тийишпиз, бул көйгөйгө айрыкча коомчулук кайдигер карабашы керек.

Социалдык педагогдор, класс жетекчилер, психологдор диагностикалык методикаларды, тесттерди, анкеталарды колдонуп, балдардын кызыкчылыктарын, муктаждыктарын, кыйынчылыктарын, конфликттик кырдаалдарды, балдардын жүрүм-турумун жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш, — дейт.

ЫНТЫМАК – ИЙГИЛИК БАШАТЫ

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев атындагы мектептин ынтымактуу педагогикалык жамаатынын жыл ичиндеги ийгиликтери мына ушундай. Мектептин директору Айнура Масылова бул иш-чараны бекеринен «Ынтымак — ийгиликтин башаты» деп атабагандыгын, кайсы жерде ынтымак болсо, тынчтык, достук, эң негизгиси, ийгилик ар дайым жылоолоп жүрөрүнө бекем ишенет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер