УЛУТТУК УҢГУЖОЛ: КЫРГЫЗ ДЕМИ ЖАНА КЫРГЫЗ ДЫМАГЫ!
- 05.02.2025
- 0
Жаӊы дем
КР Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн дээрлик бардык тармагына тиешелүү «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу (мындан ары – Уӊгужол) жөнүндөгү жарлыгы чыккан. Муну Кыргызстандын, жамы кыргыз журтунун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан статегиялык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук уӊгу жолу катары карасак болот. Улуттук Уӊгужол дүйнөлүк деӊгээлдеги бийиктикке умтулган көөнө улуттук демдин өзөктүү жолу деген эле кеп. Эгемен Кыргызстанды өз жарандарына туруктуу, коопсуз, бейпил, бакубат, бардар турмуш тартуулоо аркылуу бакубат өлкөнү түзүү максатын көздөп, алдынала башбагыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун азыркы доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыккан. Ал «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу аталды. Буга чейин улуттук идеология жаатында мындай мамлекеттик деӊгээлдеги ири документ болгон эмес. Аны Кыргызстандын, анын ичинде жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот. Улуттук уӊгужолдун башкы өзгөчөлүгү ушу: барыдан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели катары эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча окутуунун заманбап жаӊы моделине трансформациялоо маселесине басым жасалууда.
Бул жолу Эгемен Кыргызстандын башына келген жетекчилерибиздин чынында эле өлкөнү өнөктүрөм, калк турмушун жакшытарам деген илгери үмүтү менен изги тилеги ушундай экен: «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу өнөлгөлүү өнүгүү жолу дүйнөлүк бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жолу болуп калды. Мунун баары жоктон жарала калган нерсе эмес, анын артында иштиктүү камылгалар жана көптөгөн көйгөйлүү көртүйшүк, ырааттуу жана ыргактуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер турары бышык. Мен бул демилге менен башынан тааныш болгондуктан, анын аки-чүкүсүн жакындан жакшы билем.
Кезинде алдуу-күчтүү Эгемен Кыргызстанды түптөө, калыптандырууну жана өнүктүрүү жагын көздөп, алдынала башбагыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун – Улуттук уңгужолду доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыкты. Ал «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу аталды. Буга чейин ул уттук идеология жаатында Башмыйзамдан башка мындай мамлекеттик деӊгээлдеги документ болгон эмес. Азыр ага Кыргызстандын идеологиялык башкы таянычы катары баа берсек жаӊылбайбыз.
Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кырк уруу кыргыз журту менен бир мезгилде үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдер бүгүн дүйнөнүн этносаясий айдыңында калбааты түгүл кабары жок. Карт тарых барагында анын эзелки аталышынын бери дегенде эле 3 миӊ жылдан ашуун мезгелден бери өзүнүн көөнө аталышын миңдеген жылдар бою сактап келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура жана көөнө, өзүнө гана таандык асыл баалуулуктары, нарк-насил таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы, улуттук улуу дымагы, жигердүү деми олуттуу омок болду десек жаӊылбайбыз. Алкандай кыргыз журтуна Айкөл Манас жалпы кыргыз элине дем берди, чачылганды жыйнап, бүлүнгүндү бүтөдү, кубаттуу мамлекет курууга ишеним жаратты. Бул да болсо кайра кайтма карт тарых мыйзамы окшоду.
Тагдырга жазалган тарыхый эстутум, даанышмандардын уламалуу акыл-эс туюму, накта наркка уюган накыл кептер элибиздин демине дем кошуп, келечекке багыт берген жалпы улуттук уңгужол милдетин аткарды. Кырк уруу кыргыз журту баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечүүдө эзелки жоо жапырыгынан сактап, кут даарыган мекенин ар дайым коргоп келди. Миӊдеген жылдар мезгил сынынан тайгылбай өткөн улуттук нарк-насил баштаган жазылбаган көөнө мыйзамдары, жүрүм-турум эрежелери жамы журт ыйык туткан нукура улуттук баалуулуктары, карманган салт-санаасы, эне тили, маданияты баш-аягы белгисиз туӊгуюкка түшүп кетүүдөн сактады.
Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өз ыйгарым укуктарын жаӊыдан аткарууга киришкенде, адеп улуттук нарк жаатындагы № 1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын чыгарган эле. Ал киши чаласабат, адепсиз, алабарман, таалим-тарбиясыз, нарк-насилден куржалак, каада-салтты билбеген, улуттук дөөлөттөрдү сыйлабаган, түшүнүгү чакталуу, ой-туюму чектелүү адамдар менен бакубат келечекти куруу мүмкүн эмес экенин тетик билген, жетик түшүнгөн.
Кыргызстан өткөн мезгил аралыгында кылымдап тутунуп келген уңгужолдон саал четтей түшкөнү кашкайган чындык. Ошондон улам, караламан калк арасына бүлүк түштү, жогорку жана жергиликтүү бийликке карата ишеним азайды. Эгемендиктин эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү жалпы элдин эмес, азчылыктын энчисине өтүп кетүү коркунучу жаралды. Илим, билим, маданият, акыл-эс туюму сындуу уӊгулуу журт билгелери баркталбай, мамлекеттик жана коомдук институттар туӊгуюкка кептелди. Мунун баарын моюнга алышыбыз керек.
Алгачкы жарлыктын артынан эле улуттук наркты калыптандыруу, андан ары өнүктүрүү жаатындагы «Кыргыз жараны жөнүндө», «Манас» эпосунун үчилтиги жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө», «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын киргизүү жөнүндө» сындуу жарлыктар топтому жарык көрдү, алардын ишке ашыруу боюнча бир катар программалар менен концепциялар иштелип чыкты.
Мамлекет башчысынын демилгеси менен «Мамлекеттик тил жөнүндө, «Билим берүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» өӊдүү бир топ олуттуу конституциялык мыйзамдардын жаӊы редакциясы кабыл алынды. Азар алар боюнча бардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтер жеринен иш алпара баштады. Айрыкча, мамлекеттик «Алтын Казык» программасы бүтүндөй өлкөнүн билим берүү тармагын окутуунун заманбап үлгүсүнө транформациялоо кадамына жол ачты. Буюрса, сингапурлук өнөктөштөрдүн көмөгү менен кыргызчага ыӊгайлаштырылган эл аралык Кембрж окутуу моделине өтүп жатабыз.
Дегеле, адам баласы адегенде чыйыр салат, ал даӊгыр жолго айланат, даӊыр жол канжолго жолго айланат, Эми, анын баары кошулуп Уӊгужолго айланган чагы. Демек, мунун баары КР Президентинин №1 жарлыгынын логикалык уландысы, ыраттуу жана иштиктүү жүргүзүлгөн иш-аракеттин жана бирдиктүү саясий жүрүмдүн жыйынтыгы десек болот. Ошентип, мамлекет башчыбыздын демилге башаты жалпы улуттук деӊгээлде милдеттүү түрдө аткарыла турган мамлекеттик документке айланып отурат.
Мындай өтө мазмундуу жана кыйла ынанымдуу документ алгачкы жолу кабыл алынып отурат. Анын өзөгүндө кыргыз жарандарынын таалим-тарбияга, илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу үчүн үй-бүлө, коом, мамлекеттик бийлик бутактары бирдей кам көрүүгө милдеттүү экени жөнүндө жоболор камтылган. Мындан ары кыргыз парламенти тарабынан мыйзам кабыл алууда, мамлекеттик программаларды бекитүүдө Уңгужол жоболору сөзсүз эске алынышы керек. Ал эми Министрлер Кабинети социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда Уңгужол жоболорун жетекчиликке алууга тийиш. Бардык ченемдик укук актылары менен программалык документтер Уңгужолго ылайык келтирилет. Ансыз болбойт!
«Жарлыктын аткарылышын тескөө милдети мага жүктөлүптүр. Уңгужолдун негизги максаты мамлекеттик бийлик менен жарандык институттардын ишин бир нукка салып, келечекте билимдүү, нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу аркылуу күч-кубаттуу кыргыз мамлекетин куруу болуп саналат. Демек, «Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир» дейт, анысы кандай, биздин билегибиз дагы, тилегибиз дагы бир: Эгемен Кыргызстандын бакубат келечегин камсыз кылуу. Биз беш манжадай биригип, бир муштумдай түйүлүп, жалпы кыргыз элинин изги тилегине зирек карап, илгери үмүтүнө тирек болуп берет деген ишенимде турабыз», — дейт мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.
УҢГУЖОЛ ЖОБЛОРУНАН
Илим, билим, маданият жөнүндө
– таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен айкалышы;
– жаш муундарга билим берүү усулдарын эле эмес, анын максат, мазмун, өлчөм жана мөөнөттөрүнүн алыскы келечекти эске алуу менен кайра каралышы;
– кесиптик билим берүү, жаштарга өнөр-кесип үйрөтүү жагынын жандандырылышы жана анын жаңы нукта тынымсыз өнүктүрүлүшү;
– Кыргыз Республикасынын билими жогору, көптү билген, ошону менен бирге кесипкөй, жаратман адистерге болгон муктаждыктарын жоюунун кечиктирилбестен колго алынышы;
– илимдин өнүгүшү менен мамлекеттин өнүгүшүнүн бири-бири менен байланышын таануу – илим тармактары өнүкпөгөн мамлекеттин келечеги жок экенин, келечеги жок мамлекетте илим тармактары өнүкпөй турганын дайыма эске алуу;
– илимдин бардык тармактарында, инновациялык технологиянын акыркы ачылыштарын колдонууга жетишүү, ошону менен илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү;
– илимий адистерди даярдоо, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана аларды натыйжаландыруу милдетин аткарган илимий жана билим берүү мекемелеринин иштөө тартибин, усулун, мүмкүнчүлүктөрүн кайра карап, жаңы талаптарды жана таянымдарды киргизүү;
– көркөм адабият, сүрөт өнөрү, музыкалык чыгармачылык, театр жана кино тармактары боюнча керектүү мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу;
– адабият ишмерлерин: акын, жазуучу, драматург, адабий сынчы ж.б. калемгерлерди орто жана жогорку кесиптик даярдыктан өткөрүү жагын мамлекеттин көзөмөлүнө жана камкордугуна алуу.
Мамлекеттик тил жөнүндө
– мамлекеттик тил – Кыргызстандын Туу, Гимн, Герби сыяктуу эле мамлекеттүүлүктүн символдорунун бири;
– мамлекеттик тил – бардык жарандарынын орток баалуулугу;
– мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана коомдук турмуштун бардык тармактарында дайыма колдонулушу үчүн кам көрүү – ар бир кыргыз жаранынын милдети;
– тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына ылайык толук кандуу колдонулган мамлекеттик тил коомдун биримдигин, социалдык ынтымакты жана өлкөнүн туруктуулугун сактоонун жана чыңдоонун эң маанилүү булагы болуп калат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин макамы тиешелүү мыйзам актылары аркылуу тастыкталган. Кыргыз тили корголууга муктаж эмес, колдонулууга муктаж. Эне тилди коргоонун жана өнүктүрүүнүн жападан жалгыз жолу аны турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонуу болуп саналат;
– кыргыз тилинин маселелерин заманбап технологияларды жана азыркы теориялык-методологиялык жетишкендиктерди колдонуу менен кайрадан изилдөөнү жолго коюу – заман талабы;
– Кыргыз Республикасында мамлекет жана мамлекеттик тил бири-бири менен тыгыз байланыштуу – бири экинчисинин бар болушун жана өнүгүшүн шарттайт.
Социалдык мамилелер жөнүндө
– салттуу үй-бүлө баалуулуктарын таануу жана алардын эл, улут, өлкө биримдигин жаратуу жана сактоо күчүн пайдалануу; аны алсыратууга, бузууга багытталган, ичтен жана сырттан жасалган аракеттерге өз убагында бөгөт коюу;
– эл арасындагы диний ишеним жөрөлгөлөрүнө ылайык түзүлгөн мамилелердин мамлекеттин мыйзам актыларына карама-каршы келишине жол бербөө;
– муундар арасындагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн
“улууга – урмат, кичүүгө – ызат” таянымын дайыма жандуу тутуу.
Дин тутуу эркиндиги жөнүндө
– дин кызматкерлерин мамлекеттин коопсуздугун жана элдин биримдигин сактоо максатында улуттук кызыкчылыктарга төп келген, тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына шайкеш иш алып барууну милдеттендирүү;
– диний билим берүү мекемелеринин жана уюмдарынын окуу пландарында фундаменталдуу билимдер менен бирге өлкө тарыхы, улуттук нарк баалуулуктары тууралуу анык, так жана жаңы маалыматтарга негизделген сабактардын болушун, алардын жогорку квалификациялуу адистер тарабынан окутулушун талап кылуу;
– диний террор менен экстремизмге, динге байланыштуу келип чыккан ар кандай чыңалуулардын түрлөрүнө эч качан жол бербөө;
– Кыргызстандын калкынын басымдуу көпчүлүгү Ислам дининин ханафий мазхабын карманып келгендигине байланыштуу анын элге сиңген, улуттук каада-салт баалуулуктарын жерибеген, коомдогу жат көрүнүштөрдү жоюу сындуу пайдалуу жактарын эске алуу;
– жарандардын дин тандоо, динге ишенүү же ишенбөө эркиндиктерин тиешелүү мыйзам актыларында кандай көрсөтүлсө, дал ошондой өлчөмдө коргоо.
Кыргыз жери жөнүндө
Кыргыз жери – байыркы көчмөндөр цивилизациясынын алтын бешиги; келечекте ааламдык илимий ачылыштар, дүйнөлүк маанидеги көркөм өнөр чыгармалары жарала турган ыйык жер; улуттук деми барган сайын арта берген нарктуу, айкөл элдин мекени.
Бул дүйнөнүн бейиши атыккан жерибизди ыксыз талап-тонобой, бөөдө ысырапка учуратпай, аяп, сүйүп, кастарлап,акыл-эс менен пайдалануу – баарыбыздын жарандык ыйык милдетибиз. Кыргыз жери – келечек муундардын түбөлүктүү Алтын казыгы!
Мына ушул куттман кыргыз жеринде турган кыргыз мамлекети баарыбыздын эң кымбат, жандан артык байлыгыбыз; аны баарыбыз биргеликте, кажыбас кайрат, талыкпас эмгек менен өнүгүүнүн дүйнөлүк бийиктигине чыгарабыз!
Кыргыз эли жөнүндө
Кыргыз эли – жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өзүнүн баштапкы аталышын, мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, адамзат өркөнүнө орчундуу салым кошкон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс журт.
Кыргыз элинин тарыхы, алар менен ирегелеш, этномаданий алакада жашаган башка элдердин да тагдырына таасир эткен, адамзаттын коомдук өнүгүү жолун өз тажрыйбалары менен байыткан орток окуяларга бай.
Кыргыз эли – келечектин эли, анын жалпы адамзатка тартуулай турган улуу табериги алдыда!
Кыргыз баалуулугу жөнүндө
Кыргыз жараны – баалуулук, ишеним, таяным жана идеалдар тутумунун жандуу алып жүрүүчүсү; үлгүлүү жүрүм-турум ченемдерин күндөлүк жашоо тартибине айландырган адам;
– адамдардын кандай шартта болсо да, жарандык мекенчилдик таянымдарынан тайбаган туруктуулук, шертке бектик сапаттары;
– коом мүчөлөрүнүн кыргыз жараны болгондугу үчүн сыймыктануу, шыктануу сезимдери менен коштолгон көтөрүңкү деми жана жаратмандык маанайы;
– адам, үй-бүлө, коом, мамлекет жана алардын учурдагы абалына, келечегине салттуу жана заманбап таалим-тарбиянын негизинде калыптанган жогорку жоопкерчилик сезими;
– доско жумшак, тууганга боорукер, душманга катаал мүнөзү, адамдардын арасында тынчтыкты, мунасалуулукту сактоого дайыма умтулган адаты;
– билим алууга, өнөр-кесип үйрөнүүгө, инновациялык технологияны өздөштүрүүгө болгон чексиз умтулуу өзгөчөлүгү жана аларды өздөштүрүүгө болгон жөндөмдүүлүгү;
– жаратылыш байлыктарын кылдат, сарамжалдуу, аяр пайдалануу жана табият менен ырашкерликте жашай билүү маданияты.
Ошентип, башкы максатыбыз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акыл-эси тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат. Ушу тапта кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Келерки муун өкүлдөрүнүн улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, турмуштун оош-кыйышын көтөрө билген, аргандай кыйынчылыктарга тике караган улан-кыздардан болуп жетилишине чын жүрөктөн тилектешмин. Мамлекет башчысынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол демилгеси катары калыӊ кыргыз журтуна өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, кыйналганда демөөр, кыйчалышта дымак болоруна толук ишеним бар.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер