УҢГУЖОЛДУН УЮТКУСУН ТҮПТӨГӨН УЛУУ ИНСАН
- 19.10.2026
- 0
Кыргызстандын тарыхында билим берүү, илим жана маданият тармагына эбегейсиз чоң салымын кошкон чыгаан инсандар болгонун билебиз. Ошондой улуу инсандардын арасында өзүнүн салмактуу орду бар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Кусейин Карасаев агайыбыз да бар. Агайыбыздын аты биздин Бишкек мамлекеттик университетибизге 2004-жылдын 29-июнунда берилип, ал атты биз — университеттин бүткүл жамааты, сыймык менен алып жүрөбүз. Анткени бул адам — уңгужолдун уюткусун түптөгөн түрк дүйнөсүнө таанымал болгон кыргыздын чыгаан уулу, заманыбыздын залкар окумуштуу-агартуучусу, улутубуздун туңгуч лексикографы жана лексикологу, дегеле кыргыз элин билим дүйнөсүнө жетелеген адамдардын бири. Академик агайыбыз илимдин артынан сая түшүп, кыргыз тилибизди ийине жеткире изилдеген, кыргыз элинин маданиятын, тарыхын өнүктүрүү үчүн талыкпай эмгектенген өжөр илимпоз адам болгон. Натыйжада келечек муунга агартуучулук ыйык мурастарды калтырып кеткени илимий чөйрөгө эле эмес, кыргыз элинин терең катмарына белгилүү десек да жаңылышпайбыз.
Кусейин Карасаев ар тараптуу багытта иш алып барган инсан болгон. Ал илим, билим берүү, котормо, сөздүк түзүү сыяктуу тармактарда талыкпай эмгектенген. Маселен, ал кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. «Сабат ачкыч» алиппесин 1927-жылы жазган. Ошол эле жылы «Жаңылык» деген чоңдор үчүн туңгуч алиппени түзүүгө катышкан. Ал элдик оозеки чыгармаларды, маселен, Семетей баш болгон эпос, дастандарды жыйноого активдүү катышкан. Белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин Фрунзе шаарына алынып келинишине Кусейин Карасаевдин түздөн-түз салымы болгон. Анткени ал манасчынын көзүнүн тирүүсүндө “Манас” эпосун жазып алуу зарылдыгын ойлоп, ал тилеги ишке ашкан.
Котормо жаатында да кыйла эмгектенген. Ал Р.Тагор, А.Радищев, М.Горький, Л.Крючковский сыяктуу бир катар жазуучулардын чыгармаларын которгон.
Кусейин Карасаев агайыбыз жогорулардан тышкары өзүнүн жаштарга билим берүү ыйык милдетин да тыным албай аткарып келген. Анткени ал 1951-1974-жылдар аралыгында азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окутуучу болуп эмгектенген. Ал эми биз 1972-1977-жылдары аталган университетте билим алган студент катары, анын «Кыргыз тилинин лексикологиясы» предмети боюнча окуган лекцияларын угуу бактысына ээ болгондугубузду азыр сыймык менен эскерип келем.
Мындан сырткары Кусейин Карасаев — Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын сап башында турган, ошондой эле өмүрүнүн аягына чейин бул ишти катуу аркалаган инсан, окумуштуу. Ал алгач И.А.Батманов менен биргеликте 1938-жылы тунгуч “Орусча-кыргызча сөздүктү” түзүүгө катышкан. 1944-жылы Ж.Шүкүров, К.Юдахин менен биргеликте “Орусча-кыргызча сөздүктү” толуктап түзүүгө катышкан. Ю.Яншансин менен биргеликте 1956-жылы “Орфографиялык сөздүк түзөт. Ошентип сөздүк түзүү боюнча топтолгон бай тажрыйбасын пайдаланып, 1966-жылы 60 миңден ашык сѳздөн турган фундаменталдуу «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгүн” жарыялаган. Бул сөздүк Кусейин Карасаевдин атын бүткүл кыргыз элине тааныткан негизги эмгеги болгон. Анткени бул китепте кыргыз тилиндеги сөздөрдүн туура жазылышынын бирдиктүү нормасы (стандарты) бекитилген. Филолог окумуштуулар муну кыргыз маданиятындагы улуу окуя катары баалап келишет. Ошондуктан ал эл арасында жөн гана сөздүк эмес, «Карасаевдин сөздүгү» деген ыйык ат менен белгилүү болуп калган. Ошентип, Кусейин агайыбыз кыргыз сөздөрүнүн туура жазылышына (орфографиясына) гана эмес, туура айтылышына (орфоэпиясына) да өтө кылдаттык менен мамиле жасаган.
Сөздүк түзүү ишинде жолдошунун алмаштыргыс редактору, дайыма кол кабыш кылган биринчи жардамчысы, бул — өмүрлүк жубайы Айша Карасаева болгон. Алар экөө бирдикте “Түгөйлүү сөздөр” аттуу сөздүктү 1971-жылы жарыкка чыгарган.
Айша Карасаева агайыбыздын оң колу болуу менен эле чектелбестен, өз алдынча да тез жазуунун жолун, ыгын көрсөткөн “Кыргыз тилинин стенографиясы” аттуу уникалдуу эмгегин 1960-жылы жарыкка чыгарган. Эгер бул эмгек ЖОЖдордо сабак катары студенттерге окутулса, анда жаштарга лекцияны жетишип жазууга кыйла жеңилдик болмок деп ойлоп келебиз.
Жогоркулардан тышкары Кусейин Карасаев кыйла жашка таяп калганда кыргыз тилинин түпкү тегин, байлыгын чагылдырган бир катар фундаменталдык сөздүктөрдү жарыкка чыгарган. Тактап айтканда, 1986-жылы “Ѳздѳштүрүлгѳн сѳздѳр” эмгегин бүтүп жарыкка чыгарса, 1982, 1987-жылдары кыргыз тилиндеги макал-ылакаптардын, туруктуу сөз айкаштарынын, фразеологизмдердин келип чыгуу тарыхын, алардын уламыштарга же тарыхый окуяларга болгон байланышын чечмелеген “Накыл сѳздѳр” аттуу өзгөчө түшүндүрмө сөздүгүн жарыкка басып чыгарган. Ал эми илимпоздун 1996-жылы жарыкка чыккан “Камус наама” сөздүгү кыргыз тилине араб, иран, кытай, монгол, орус, немис, түрк, грек, калмак, дунган тилдеринен оошуп кирген сөздөрдүн төркүнүн камтып иликтеген акыркы көлөмдүү эмгек болуп, кыргыз илимине опол тоодой чоң салым кошкон. Аталган көөнөрбөс эмгектери бүгүнкү күндө да кыргыз элинин эң чоң байлыгы катары бааланып келет. Ошондуктан окумуштуулар Кусейин Карасаевди кыргыз лексикографиясынын атасы катары сыпаттап келишет. Ал эми Кусейин Карасаевдин жогорку сөздүктөрүнүн тарыхы — бул жөн гана илимий эмгектердин топтому эмес, бул кыргыз тилинин мамлекеттик жана илимий деңгээлге көтөрүлүшүнүн тарыхы, ошондой эле агайыбыздын зор эркинин тарыхы. Ошондуктан академик Кусейин Карасаевди кыргыз лексикографиясынын (сөздүк түзүү илиминин) пайдубалын түптөгөн алгачкы лексикограф деп, — сыймыктануу менен айтып келебиз.
Ал эми аталган эмгектердин ичинде биз тээ бала чакта айылда угуп жүргөн, кулакка сиңип калган кыргыз элинин байлыгы болгон сөздөр, айтымдар да орун алат. Бирок кийинки өсүп келе жаткан, ал эмес бир кыйла токтолуп калган муундун өкүлдөрү тарабынан алар көп колдонулбай унутулуп баратканы өкүндүрбөй койбойт. Уңгужолубузга кайрадан кайтып жаткан азыркы тапта мындай нерсеге жол бербешибиз керек деген ой келбей койбойт. Андай сөздөр, айтымдардын айрымдарына назар салсак, алар — төмөнкүлөр. (Ылдыйкы маалыматтар К.Карасаевдин эмгектеринен алынды): 1. Эрен – баатыр, эр: Кайып эрен кырк чилтен / Колдоор болсоң, колдогун! 2. Чукак кырг., монг. — кемчил, кем. Монгол тилинде чукаг. Башка чукак – баласы жок, кем . Ушуга байланыштуу: тууганга чукакпыз деп көп жылдар бою чоң кызматты аркалаган бир эжелерим такай айтып каларын эстедим. 3. Чака — майда тыйын: Жамбы тийсе колуна / Чака пулча токтобойт. “Манас”. 4. Чимели – майда кумурска: …чимелидей алсыз мен. Кана, менден алып бүтө элек дагы кимдин өчү бар. (К.Жантөшев). 5. Ышкы араб. -сүйүү, сүйүп калуу, жакшы көрүп калуу: Э балам, ышкы деген ушундай, деди абышка ойлуу… (Т.Касымбеков). Өтмө мааниси: кунт, өнөр, жөндөм: Токо, ырчылыгым аз эле, / Ышкыга оозум маш эле (Токтогул). 6. Ышкыдар араб., иран. – ашык кылган, өзүнө тарткан: …Издеп келдим гөзөл кыз, / Ышкыдар сендей сулууну. (Барпы). 6. Шыгыр араб. – ыр, хор: Мектептеги балдар катар тизилип, аскерче жүрүп шыгыр айтышты. 7. Кубаар – 1) жети ата, түп ата; 2) монгол тилинде “хуваар” энчи, үлүш. 3) калмак тилинде – “хув” энчи, үлүш, шыбага. Кыргыз тилинде “кубаар-заниңди” деп да колдонулат. “Зан” фарсы тилинде – “аял”. 8. Маржан иран. – шуру: Тал чыбыктай боюңду /Таза баккын ыргалым. /Тамагыңдын тагина / Маржан таккын ыргалым. (Барпы).
Дагы элдик оозеки чыгармачылыкта колдонулуп келген төмөнкүдөй сөздөргө Кусейин атабыз сөздүктөрүндө орун бергенин көрөбүз: Чатыраш иран. – шахмат: Түгөнгөн тоонун урчукта / Конуп жаткан кезинде, / Чатыраш ойноп даң салып, / Болуп жаткан кезинде. (“Манас”). Картык – кан алгыч түтүкчө. Өзбек тилинде “картик”. Оорунун канын бир нече жолу картыктап алды. Тостукан түрк – чөйчөк, кичинекей жыгач аяк. Казак тилинде “тостаган”. Орус тилинде “стакан” болуп калган: Тоодой кула аты бар, / Тостукандай көзү бар. (Эл ырлары).
Мындан тышкары кыргыз элинде “Нооруз” майрамы келген жаз айында такай айтылчу Улустун улуу күнүндө деген айтым (орусча: выражение) бар. Бул айтымдын маанисин да бардык эле инсандар биле бербеши белгилүү. Анын мааниси К.Карасаевдин сөздүгүндө “өлкөнүн, мамлекеттин улуу күнүндө” дегенди билдирет,- деп так, таамай түшүндүрүп койгон. Ал эми кара далы деген өтмө маанидеги айтым – жашы 18-19дан өтүп калганга чейин турмушка чыга элек кызга карата айтылган сөз. Анткени кыргыздын кыздары өтө жаш секелек кезинде чачтары дайыма майдалап өрүлгөндүктөн, далысы толугу менен майда кара өрүм чачтар менен жабылып турган. Ошентип, кыргыздын кыраакы адамдары далысын жапкан майда өрүм чачтар аркылуу кыздын жашы келсе да, али турмушка чыга электигин билип, жашы өтүп бараткан кыз турбайбы, далысы кара өрүм майда чачтарга толо экен деп, ошондон улам андай кыздар “кара далы” кыз деген атка конуп калышкан. Ал эми кыз турмушка чыкканда анын чачтары экиге өрүлүп, ал кыздын жубанга айланганын билдирген.
Кыргыз тилинде мындай колдонуудан чыгып, унутулган сөздөр — санай берсе арбын. Бирок кыргыз эли өз алдынча эгемен өлкөгө айлангандан кийин кыргыз тилинин корундагы сөздөрдү анализдеп, тактап, зарылдыгына жараша айрым унутта калган, жадыбыздан чыккан сөздөрдү кайра калыбына келтирип, тилдин байлыгын арттыруу жаатында иштердин активдүү жургүзүлүшү, биздин пикирибизче, мезгилдин талабы болуп турат деп ойлойбуз.
Ошентип, “мударис” атка конгон Кусейин Карасаев агайыбыз жогоркудай сөздүктөрдү жазууга 70 жылдык талыкпаган өмүрүн сарптаган. Ал тил куржунун толтурууда талыкпай эмгектенип, советтик мезгилде да, андан кийинки эгемен мамлекетибиздин шартында да кыргыз тилин өркүндөтүүдө жана байытууда ары жооптуу, ары татаал, ары сыймыктуу миссияны ийгиликтүү аркалап келген.
Ал эми ардактуу агайыбыз, атабыз Кусейин Карасаевдин үй-бүлөсү тууралуу кеп кылсак, анын жубайы Айша Карасаева экөөнүн ортосунда Люся, Галя жана Алтынай аттуу кыздары болгон. Алтынай Карасаева ата жолун жолдоп илимпоз болду. Бүгүнкү күндө ал — белгилүү кыргызстандык окумуштуу, медицина илимдеринин доктору жана профессор. Анын илимий эмгектери нормалдуу жана патологиялык физиология, биоэтика жана бийик тоо экологиялык физиологиясы (тактап айтканда, адам организминин тоо шартына, кычкылтек жетишсиздигине ыңгайлашуусу) багыттарына арналган. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында жана Кыргыз-Россия Славян университетинде эмгектенген. Ал — 100дөн ашык илимий эмгектин, бир нече фундаменталдык монографиялардын жана окуу куралдарынын автору. Ал акыркы жылдары социалдык тармактарда өзүнүн акыл-насааттары, сергек жашоо мүнөзү жана билимдүүлүгү менен таанылып, чоң популярдуулукка ээ болуп келет деп, сыймык менен белгилейбиз.
Ошентип, Кусейин Карасаевдин басып өткөн өмүр жолуна, илимий эмгектерине, ал эмес үй-бүлөлүк жашоосуна саресеп салып карап чыкканда, анын даңазалуу да, өрнөктүү да болгонуна күбө болобуз. Ошондуктан “лексикографиянын атасы” аталган агайыбыздын маңыздуу басып өткөн өмүр жолу менен баа жеткис мурастары кийинки муундун өкүлдөрү үчүн дем, шык берип, талыкпай эмгектенип, татыктуу жашоого жетелейт демекчибиз.
Айша КАРЫМШАКОВА,
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
академик К.Карасаев атындагы БМУнун Ардактуу профессору.