Тоюмдуу, витаминдүү, даамдуу. Мектеп тамагынын сапатына талаптар

  • 10.09.2024
  • 0

Мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо бекиди. Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жобо мектептерде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша мектептерде тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүп, оор турмуштук кырдаалда жашаган окуучулардын тамактануусун колдоого акча каражатын караштырышы керек. Билим берүү жана илим министрлиги болсо 2025-жылдын аягына чейин мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүп, коомдук тамактануу тармагы боюнча кесиптик билими жок иштеп жаткан кызматкерлерин сертификациялоодон өткөрүшү керек.

Тоюмдуу, витаминдүү, даамдуу. Мектеп тамагынын сапатына талаптар

МЕКТЕП ТАМАГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Мектеп тамагы — окуучулардын сапаттуу билим алышын камсыздап, билимге болгон далалатын күчөтөт. Толук кандуу рацион, балансталган витаминдүү азык балдардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө негиз болот. Кыргызстанда мектеп окуучуларына ысык тамак берүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу чоң. Бул программанын алкагында көптөгөн мектептер заманбап ашкана жабдуулары, байытылган азык-түлүк менен камсыз болду. Мындан сырткары, мектеп жергиликтүү дыйкандар менен бирге иштегенди үйрөнүп, ашпозчулар кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча окуулардан өтүүдө. 

Тоюмдуу, витаминдүү, даамдуу. Мектеп тамагынын сапатына талаптар

 

АЛГАЧКЫ КАДАМ

2006-жылы мамлекет башталгыч класстардын окуучуларын толук кандуу, витаминдүү азык менен камсыз кылуу үчүн Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программаны ишке ашыра баштаган. Ал убакта каржылоо чектелүү болгондуктан, балдарга сүт чай менен таттуу токоч же печенье гана берилчү. Бул толук кандуу тамактанууга кирбегендиктен программага өзгөртүүлөр киргизилген. Ошентип, 2013-жылы буга чейин таттуу токоч жана чай менен отурган мектептердин менюсу өзгөрүп, башталгыч класстын окуучуларынын муктаждыктарын канааттандырган ысык, пайдалуу тамакка алмашкан. Мектеп тамагын жакшыртуу жалпы коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ата-энелер тарабынан колдоо тапкан.

2019-жылдын декабрында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Мыйзам окуучуларды балансталган тамактануу менен камсыз кылуу үчүн укуктук шарттарды түзүп берген.

Тоюмдуу, витаминдүү, даамдуу. Мектеп тамагынын сапатына талаптар

КАРЖЫЛОО

2023-жылдан бери мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстын окуучуларынын тамагына республикалык бюджеттен күнүнө 14 сомдон бөлүнөт. Бишкек шаарынын мэриясы бюджетинин эсебинен үстүнө дагы сегиз сом кошуп  22 сомго, Ош шаары болсо жалпы 15 сомго тамак берет.

Буга чейин мектептеги эртең мененки тамактануу үчүн бир балага күнүнө жети сомдон төлөнчү. Бул сумма 2006-жылдан бери өзгөргөн эмес. 2010-жылы гана бийик тоолуу аймактардагы мектептер үчүн бул сумма 10 сомго көтөрүлгөн.

Ошондой эле окуучуларга сапаттуу тамак берүү үчүн мектепте жер-жемиш өстүрүүгө уруксат берилген. Мындай демилге мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды жана мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө шарт түзгөн.

Бүгүнкү күндө 1 735 мектепте башталгыч класстын окуучулары үчүн акысыз ысык тамак уюштурулган. Бул өлкө боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин 75% түзөт.

Тоюмдуу, витаминдүү, даамдуу. Мектеп тамагынын сапатына талаптар

БАЛАНЫН РАЦИОНУ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Ар бир эле ата-эне баласына кичине кезинен тамактануу маданиятын үйрөтүп, аны уюштурууда жооптуу экенин сезе билиши зарыл. Бирок бул колуна тийгенин оозго салуу эмес, көбүрөөк пайдалуу азыктарга басым жасоо маанилүү. Мисалы, өсүп жаткан организмге биринчи кезекте белок керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына таянсак, 7-10 жаштагы баланын рационунда 76 грамм белок, 312 грамм углевод, 78 грамм май болушу шарт. Белок, май, углеводдун катышы 1:1:4 болуп, бала андан сырткары түрдүү витаминдер, минералдарды да алышы керек. Бир балага бир күндө 2,152 ккал туура келсе, анын эртең мененки же түшкү тамагы 538 ккалды түзүшү зарыл. Мектеп тамагы ушул рационду эске алуусу керек.

Учурда ар бир мектеп Кыргызстанда темир жетишсиздигин эске алып, чайды кургатылган жемиш компоту, сүт, айран менен алмаштырып, менюсун иреттеп алган. Эң кеңири таралган ысык тамакка ботконун түрү, эт менен буурчак, картөшкө шорпо, плов, гречка кирет. Мындан сырткары, жашылча-жемиштен жасалган салаттын түрү, таттуу токоч, пирожки берилет.

Тоюмдуу, витаминдүү, даамдуу. Мектеп тамагынын сапатына талаптар

КӨЗӨМӨЛ

Тамак-аштын сапатын мектептеги атайын түзүлгөн комиссия жана санэпидемстанция текшерип турат. 2019-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жана Тармактык тамак-аш институту менен биргеликте жумушчу топ түзүлүп, алар мектеп тамагынын менюсун иштеп чыгышкан. Балдардын жаш өзгөчөлүгү эске алынып, ага жараша калория эсептелип тизмеге жалпы 150дөй тамак-аш кирген. Ар бир мектеп өзүнө ылайыкташтырып жумасына беш ирет тамак менен камсыздайт.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте мектептерде ысык тамак уюштуруу үчүн рецепттер китебин чыгарып, мектеп ашканаларына тараткан. Бул китеп мектеп ашпозчулары үчүн эң сонун табылга болуп берүүдө.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер